Тескеме

09-12-2020 11:03

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңешти түзүү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн         17-пунктуна ылайык:

         1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңештин курамы 1-тиркемеге ылайык түзүлсүн.

         2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңештин Жобосу 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

         3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңештин катчылыгынын Жобосу 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

         4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңештин катчылыгынын алгачкы курамын бекитүү сынактын жыйынтыгынын негизинде жүргүзүлсүн. Сынакты өткөрүү Кеңешке жүктөлсүн.

         5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын төмөнкү тескемелери күчүн жоготту деп таанылсын:

- 2017-жылдын 30-январындагы № 13-ОД «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңешти түзүү жөнүндө»;

- 2018-жылдын 16-мартындагы № 45-ОД «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңешти түзүү жөнүндө» 2017-жылдын 30- январындагы № 13-ОД Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тескемесине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»;

- 2019-жылдын 26-декабрындагы № 277-ОД «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңештин курамы жөнүндө».

         6. Ушул тескеменин аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңештин Төрагасынын орун басары А.У.Жапаровго жүктөлсүн.

 

 

                                                                                              Т. Мамытов



Көрүүлөрдүн саны : 330