Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 4 10.10.2020-ж.

30-12-2020
10:09

 4

 

VI  ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII  СЕССИЯСЫ

2020-жыл

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕӉЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ЖЫЙНАЛЫШЫ

 

 

2020-жылдын 10-октябры                                                17 саат 50 мүнөт

 

Бишкек шаары

«Ала-Арча»  мамлекеттик резиденциясы

Конгресс-холл

 

Төрагалык кылган                                         Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы

                                                                           М.Ю. Абдылдаев

 

 

         Кезексиз жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына талапкер С.Н.Жапаров,  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу А.К.Мадумаров, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Ж.Исмаилова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Т.А.Темиралиев,  Кыргыз Республикасынын экономика министринин милдетин аткаруучу С.Т.Муканбетов, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин милдетин аткаруучу Ж.С.Бейшенов, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдетин аткаруучу С.Т.Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын  тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Ч.А.Айдарбеков, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу С.Т.Абдикаримов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу К.А.Исаков, Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу У.Т.Кочкоров, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу А.К.Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Э.К.Осмонбетов, Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу А.Ж.Исмаилов, Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Э.Ж.Тердикбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Аппарат жетекчиси А.А.Сабырбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Аппарат жетекчисинин орун басары С.С.Касмамбетов,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Аппарат жетекчисинин орун басары Т.Т.Шаболотов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Иш башкаруучусу М.М.Матазимов.

 

         Кезексиз жыйналышка катышып олтурган депутаттар: Н.А.Айдаров, А.Ж.Акматов, А.А.Алтынбеков, М.А.Аманкулов, А.А.Аскарова, Н.И.Арзыбаев, К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, О.М.Бакиров, И.Т.Гайпкулов, Д.А.Джумабеков, А.К.Дюшалиев, А.Ү.Жапаров, Т.У.Жоробеков, К.Ж.Жолдошбаев,, Жунус уулу Адыл, А.Т.Жутанов, К.Т.Зулушев, У.Ч.Исмаилов, Т.И.Икрамов, А.К.Касымалиева, С.А.Келдибаев, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.А.Маматалиев, Т.Т.Мамытов, Г.С.Молдобекова, Ж.А.Мусабекова, С.К.Нышанов, У.З.Ормонов, Б.К.Райымкулов, З.К.Рысалиев, К.Ж.Рыспаев, Самат-Г.К., У.О.Самаев, Е.Г.Строкова, А.Т.Сулайманов, Б.Ү.Сыдыков, Н.М.Сырдыбаев, Э.С.Тагаев, Т.Г.Тиллаев, А.С.Токторов, Б.Э.Төрөбаев, Н.Т.Тотонов, Р.М.Туманбаева, О.Ж.Турдумамбетов, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, П.Р.Тулендыбаев, З.Э.Шарапов, З.С.Эсенаманов, А.Л.Юсуров.

 

         Ишеним кат берген депутаттар: А.Т.Абжалиев (жазуу жүзүндө добуш берүү укугу депутат Т.Т.Мамытовго берилген), С.Айдаров (жазуу жүзүндө добуш берүү укугу депутат Д.А.Джумабековго берилген), К.М.Жумалиев (жазуу жүзүндө добуш берүү укугу депутат  У.З.Ормоновго  берилген), И.А.Маннанов (жазуу жүзүндө добуш берүү укугу депутат Ж.А.Мусабековага берилген), И.И.Матраимов (жазуу жүзүндө добуш берүү укугу депутат Ж.А.Мусабековага берилген), И.Ш.Өмүркулов (жазуу жүзүндө добуш берүү укугу депутат  С.К.Нышановго  (Бишкек шаардык Биринчи май нотариалдык жеке нотариус Ж.С.Аширбекова тарабынан №70-1923 реестр менен катталган ишеним кат) берилген), А.М.Султанов (жазуу жүзүндө добуш берүү укугу депутат  Б.Э.Төрөбаевге берилген), У.Б.Примов (жазуу жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.К.Касымалиевага берилген), А.А.Турсунбаев (жазуу жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.С.Токторовго  берилген), М.Б.Эгембердиев (жазуу жүзүндө добуш берүү укугу депутат  О.М.Бакировго  берилген),

 

         Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

         Кезексиз жыйналыштын күн тартиби боюнча маселелерди парламенттик фракциялардын лидерлери менен талкуулоо үчүн 20 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

18 саат 10 мүнөт

 

         Кезексиз жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы М.Ю.Абдылдаев төрагалык кылды.

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин кезексиз жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 54 депутаты, ал эми ишеним кат боюнча 10 депутат катышты.

 

         1. 2020-жылдын 10-октябрындагы кезексиз жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул-60, каршы-жок, бардыгы 60 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

         2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы М.Ю.Абдылдаевдин өз ыйгарым укугун тапшыруу жөнүндө арызы.

 

         Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

         3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Н.И.Арзыбаевдин («Өнүгүү-Прогресс») ант берүүсү.

 

4. «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына талапкер С.Н.Жапаров сунуштаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү, түзүмүн жана курамын аныктоо тууралуу» маселени кароо.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына талапкер С.Н.Жапаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

         Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Т.Т.Мамытов, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына талапкер С.Н.Жапаров, депутаттар М.А.Маматалиев, К.Ж.Жолдошбаев, У.Т.Кыдыралиев, Р.М.Туманбаева, Т.И.Икрамов, Б.С.Турусбеков, К.Ж.Рыспаев, А.Т.Сулайманов.

 

         Каралып жаткан маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жоопту токтотуу жөнүндө депутат М.А.Маматалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул-61, каршы-жок, бардыгы 61 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

         Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына талапкер С.Н.Жапаров, депутаттар А.А.Аскаров, О.М.Бакиров, Е.Г.Строкова, С.К.Нышанов, Ж.А.Мусабекова, О.Ж.Турдумамбетов, А.Т.Сулайманов - «Бир Бол» парламенттик фракциясынын лидери, төрагалык кылуучу.

 

         Каралып жаткан маселени талкуулоо.

 

         Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Э.Төрөбаев - «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына талапкер С.Н.Жапаров, депутаттар Ж.К.Турускулов-«Республика-Ата-Журт» парламенттик фракциясынын лидери, Д.А.Джумабеков, У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу.

 

         Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин бардык Комитеттеринин корутундусун бекитүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул-61, каршы-жок, бардыгы 61 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

         «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул - 61, каршы - жок, бардыгы 61 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

         Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин бардык Комитеттеринин корутундусун бекитүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул-61, каршы-жок, бардыгы 61 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул-61, каршы-жок, бардыгы 61 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

         Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин бардык Комитеттеринин корутундусун бекитүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул-61, каршы-жок, бардыгы 61 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

         «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы: макул-61, каршы-жок, бардыгы 61 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

         Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен кезексиз жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                                            М.Бакиров