Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 5 13.10.2020-ж.

30-12-2020
10:14

  5

 

VI  ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII  СЕССИЯСЫ

2020-жыл

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ЖЫЙНАЛЫШЫ

 

2020-жылдын 13-октябры                                                    18 саат 50 мүнөт

 

 

Бишкек шаары

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы

Конгресс-холл

 

Төрагалык кылган                                                Кыргыз Республикасынын 

                                                                                   Жогорку Кеңешинин  

                                                                                   Төрагасынын орун басары  

                                                                                    А.К.Касымалиева

 

 

 

Кезексиз жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Жетекчиси А.А.Сабырбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчисинин орун басары С.С.Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчисинин орун басары Т.Т.Шаболотов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусу М.М.Матазимов.

    Кезексиз жыйналышка катышып олтурган депутаттар:

Ш.Ш.Абдыкеримов, А.Т.Абжалиев, С.А.Айдаров, Ж.К.Акаев, Н.К.Алимбеков, А.Т.Алтыбаева. О.А.Алыбаев, А.А.Алтынбеков, М.А.Аманкулов, А.А.Аскарова, Г.К.Асылбаева, К.Ш.Баймуратов, Э.Дж.Байбакпаев, М.И.Бакиров, Ж.А.Бакчиев, Д.Д.Бекешев, М.К.Жеенчороев, Б.Ж.Жетигенов, Т.У.Жоробеков, А.Т.Жутанов, Т.З.Зулпукаров, Т.И.Икрамов, К.К.Иманалиев, Д.Ш.Исаева, К.К.Исаев, А.А.Карашев, Н.Т.Каримов, С.А.Келдибаев, Б.Б.Кенжебаев, М.Н.Койчуманов, Т.К.Конушбаев, А.И.Кулбараков, А.М.Маматов, М.Э.Мавлянова, М.А.Маматалиев, С.У.Молдалиев, Н.В.Никитенко, А.М.Нурбаев, Б.Нурдинов, С.К.Нышанов, И.Ш.Өмүркулов, А.Ш.Осмонова, У.Б.Примов, Б.К.Райымкулов, З.К.Рысалиев, У.О.Самаев, Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков, А.Т.Сулайманов, Б.И.Сулейманов, Э.Ж.Сурабалдиева,           Н.О. Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Э.Т.Токтошев, Д.Г.Төрөкулов, Н.Т.Тотонов, Р.М.Туманбаева, П.Р.Тулендыбаев, С.Шер – Нияз, А.Л.Юсуров.

 

Ишеним кат берген депутаттар: Н.А.Айдаров (добуш берүү укугу депутат Т.И.Икрамовго жазуу жүзүндө берилген), А.А.Арапбаев (добуш берүү укугу депутат Т.З.Зулпукаровго жазуу жүзүндө берилген), О.М.Бакиров (добуш берүү укугу депутат Е.Г.Строковага жазуу жүзүндө берилген), К.С.Бокоев (добуш берүү укугу депутат К.Ш.Баймуратовго жазуу жүзүндө берилген), А.Ш.Жээнбеков (добуш берүү укугу депутат Т.З.Зулпукаровго жазуу жүзүндө берилген), Д.Ш.Исаева (добуш берүү укугу депутат А.А.Алтынбековго жазуу жүзүндө берилген), Р.А.Казакбаев (добуш берүү укугу депутат М.К.Жеенчороевге жазуу жүзүндө берилген), И.А.Маннанов (добуш берүү укугу депутат Н.Т.Каримовго жазуу жүзүндө берилген), А.Т.Мамашова (добуш берүү укугу депутат Э.Т.Токтошевге жазуу жүзүндө берилген), И.И.Матраимов (добуш берүү укугу депутат Е.Г.Строковага жазуу жүзүндө берилген), И.А.Пирматов (добуш берүү укугу депутат Ж.А.Бакчиевге жазуу жүзүндө берилген), М.Э.Сабиров (добуш берүү укугу депутат К.Ш.Баймуратовго жазуу жүзүндө берилген), У.Ч.Садиков (добуш берүү укугу депутат Ш.Ш.Абдыкеримовго жазуу жүзүндө берилген), Б.У.Сыдыков (добуш берүү укугу депутат М.А.Маматалиевге жазуу жүзүндө берилген), Б.К.Сыдыгалиев (добуш берүү укугу депутат К.К.Исаевге жазуу жүзүндө берилген), Т.Г.Тиллаев (добуш берүү укугу депутат А.А.Алтынбековго жазуу жүзүндө берилген), Р.М.Туманбаев (добуш берүү укугу депутат М.Э.Мавляновага жазуу жүзүндө берилген), А.А.Турсунбаев (добуш берүү укугу депутат Н.К.Алимбековго кат жүзүндө берилген), М.Б.Эгембердиев (добуш берүү укугу депутат Б.Ж.Жетигеновго жазуу жүзүндө берилген), А.Л.Юсуров (добуш берүү укугу депутат Т.И.Икрамовго жазуу жүзүндө берилген).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни угузулду.

 

Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйналышына катышып жатышкан Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин депутаттарынын фамилияларын тизмеге ылайык атады.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 65 депутаты, ошондой эле ишеним кат боюнча көрсөтүлгөн 20 депутат катышып жатат.

 

1. 2020-жылдын 13-октябрындагы кезексиз жыйналыштын күн тарибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Чыгып сүйлөгөндөр: депутаттар Н.К.Алимбеков, К.К.Иманалиев.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары: макул – 82, каршы – жок, бардыгы болуп 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

Чыгып сүйлөштү: депутаттар С.Шер-Нияз, К.К.Иманалиев, Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу.

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу депутаттардын добуштарын эсептеп чыгуучу эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө.

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар А.Ш.Осмонова (СДПК), М.А.Маматалиев («Республика – Ата-Журт»), Н.К.Алимбеков («Кыргызстан»), Т.И.Икрамов («Өнүгүү-Прогресс»), Б.Ж.Субанбеков («Бир Бол»), Э.Т.Токтошев («Ата Мекен»).

Жогоруда аталган депутаттарды депутаттардын добуштарын эсептеп чыгуучу эсептөө комиссиясынын курамына шайлоо жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары: макул – 82, каршы – жок, бардыгы болуп 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

2. «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыгы тууралуу» маселени кароо.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 12-октябрындагы №195 «Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө» Жарлыгын бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү

  Добуш берүүнүн жыйынтыктары: макул – 82, каршы – жок, бардыгы болуп 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Токтомдун долбоору кабыл алынды)

3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө» маселени кароо.

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

Мындан кийин Кыргыз Республикасынын бүткүл Жогорку Кеңешинин комитетинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө» маселе боюнча жыйналышы өттү.

 

19 саат 20 мүнөт

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө» маселени кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйналышында жазуу жүзүндө добуш берүү укугун беришкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын фамилияларын атады.

 Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат С.Шер-Нияз, төрагалык кылуучу, депутат  Т.З.Зулпукаров,

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө.

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар А.Т.Алтыбаева, У.Б.Примов, Е.Г.Строкова, Б.Ж.Жетигенов (СДПК), М.А.Маматалиев, Н.Т.Тотонов («Республика – Ата-Журт»), Н.К.Алимбеков, М.Н.Койчуманов («Кыргызстан»), Т.И.Икрамов («Өнүгүү-Прогресс»), Д.Г.Төрөкулов («Бир Бол»), Э.Т.Токтошев («Ата Мекен»).

Жогоруда аталган депутаттарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына шайлоо жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн жыйынтыктары: макул – 82, каршы – жок, бардыгы болуп 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

Чыгып сүйлөштү: депутат М.К.Жеенчороев, төрагалык кылуучу.

 

15 мүнөткө тыныгуу жарыяланды.

 

19 саат 35 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө» маселени кароо улантылды.

Депутат У.Б.Примовдун (СДПК) - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасынын эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү (№ 1 протокол) жана бюллетендин формасы жөнүндө (№ 2 протокол) сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары: макул – 82, каршы – жок, бардыгы болуп 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №2 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары: макул – 82, каршы – жок, бардыгы болуп 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Саат 19.38ден 19.50гө чейин бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүрдү.

Саат 19.52ден 20.00гө чейин добуштарды эсептөө жүрдү.

 

Депутат У.Б.Примовдун (СДПК) - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасынын сүйлөгөн сөзү (№ 3 протокол).

 

Депутат К.К.Исаевди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары: макул – 78 добуш, каршы – 2 добуш берилди.

 

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Исаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №3 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары: макул – 82, каршы – жок, бардыгы болуп 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исаев Канатбек Кедейкановичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 Добуш берүүнүн жыйынтыктары: макул – 82, каршы – жок, бардыгы болуп 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Токтомдун долбоору кабыл алынды).

 

 Чыгып сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы К.К.Исаев.

Куттуктоолор айтылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Т.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы К.К.Исаев, депутаттар С.Шер-Нияз, М.К.Жеенчороев, Т.З.Зулпукаров, К.К.Иманалиев, Б.Ж.Субанбеков, Э.Ж.Сурабалдиева, Т.И.Икрамов, Е.Г.Строкова, төрагалык кылуучу, депутаттар Ж.К.Акаев, Д.Д.Бекешев, А.Ш.Осмонова.

Ушуну менен кезексиз жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төраганын орун басары                                                 А.Касымалиева