Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 10 28.10.2020-ж.

30-12-2020
10:40

10

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-ЖЫЛ

 

 

 

2020-жылдын 28-октябры                                                10 саат 45 мүнөт

 

Бишкек шаары,

«Ала-Арча» Мамлекеттик

резиденциясы

«Энесай» кабыл алуу үйү

        

 

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Исаев К.К.

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Президенттин милдетин аткаруучу – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Н.Жапаров, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиков, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри М.С.Мамытканов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Р.А.Сабиров, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына талапкер Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн министри – Аппарат Жетекчиси Б.А.Аманбаев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри У.О.Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Юстиция министри
М.Т.Джаманкулов, Кыргыз Республикасынын Финансы министри К.Б.Мукашев, Кыргыз Республикасынын Экономика министри С.Т.Муканбетов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Т.М.Токтогазиев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Б.Ч.Бердалиев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Э.Ажикеев, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри А.С.Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри А.Б.Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына талапкер А.Ж.Исмаилова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Н.К.Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы К.К.Ташиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы Э.Дж.Тердикбаев, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Ж.К.Сагынбаев, Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы А.Дж.Исмаилов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчиси А.А.Сабырбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчисинин орун басары Т.Т.Шаболотов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусу М.М.Матазимов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдунов.

 

Жыйналышка катышкан депутаттар: М.Ю.Абдылдаев, А.Т.Абжалиев, Н.А.Айдаров, С.А.Айдаров, М.А.Айнакулов, Ж.К.Акаев, А.Ж.Акматов, Н.К.Алимбеков, А.Т.Алтыбаева, О.А.Алыбаев, М.А.Аманкулов, С.С.Анарбаев, А.А.Артыков, Г.К.Асылбаева, К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, О.М.Бакиров, Д.Д.Бекешев, А.Т.Бердиев, И.Т.Гайпкулов, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, К.Ж.Жолдошбаев, Т.У.Жоробеков, К.М.Жумалиев, Жунус уулу Адыл, Т.З.Зулпукаров, С.К.Ибраев, Д.Ш.Исаева, У.Ч.Исмаилов, С.Ж.Исманов, А.А.Каашев, А.К.Касымалиева, Н.Т.Каримов, А.К.Карыбеков, С.А.Келдибаев, Б.Б.Кенжебаев, К.К.Керезбеков, Т.К.Конушбаев, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.Г.Мадеминов, М.А.Маматалиев, А.Т.Мамашова, Т.Т.Мамытов, С.У.Молдалиев, Г.С.Молдобекова, Ж.А.Мусабекова, Н.В.Никитенко, А.М.Нурбаев, С.К.Нышанов, И.Ш.Омуркулов, У.З.Ормонов, К.Б.Орозова, А.Ш.Осмонова, У.Б.Примов, Б.К.Райымкулов, З.К.Рысалиев, К.Дж.Рыспаев, У.Ч.Садиков, Г.-К.Самат, Б.Ж.Субанбеков, А.Т.Сулайманов, Н.О.Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Э.С.Тагаев, О.Ч.Текебаев, Э.Т.Токтошев, Б.Э.Торобаев, Н.Т.Тотонов, Р.М.Туманбаева, О.Ж.Турдумамбетов, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, Ч.Ч.Урумкалиева, З.Э.Шарапов, М.Б.Эгембердиев, З.С.Эсенаманов, А.Л.Юсуров.

 

Ишеним кат берген депутаттар: Ш.Ш. Абдыкеримов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Н.Койчумановго берилген), А.А. Алтынбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.Т.Тотоновго берилген), М.А.Аманкулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.З.Зулпукаровго берилген), А.Ш.Жээнбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.З.Зулпукаровго берилген), И.А.Маннанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Г.С.Молдобековага берилген), И.И.Матраимов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.А.Мусабековага берилген), П.Р.Тулендыбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.А.Маматалиевге берилген), А.Л.Юсуров (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.Ч.Исмаиловго берилген).

 

 

Таратылган материалдар:

 

- жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Өкмөт, 2020-жылдын 4-апрелиндеги №297 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү комитетинин корутундусу;

 

-“Ереван шаарында 2019-жылдын 1-октябрында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майынан Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ошондой эле айрым эларалык келишимдерди өзгөртүү жана колдонулушун токтотуу жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу” (демилгечи – Өкмөт, 2020-жылдын 23-мартындагы №179 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

 

 

- “Бишкек шаарында 2020-жылдын 30-апрелинде кол коюлган, “Нарын шаарында суу менен жабдуу тутумун реабилитациялоо жана сууну бөлүштүрүү (2-фаза)” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2020-жылдын 30-апрелинде кол коюлган, (демилгечи – Өкмөт, 2020-жылдын 17-августундагы №422 токтом) “Нарын шаарында суу менен жабдуу тутумун реабилитациялоо жана сууну бөлүштүрүү (2-фаза)” долбоору боюнча Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнөн жана Европалык Бирликтен инвестициялык грант катары берилүүчү Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

 

- “Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Сауддук өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Ысык-Көл жана Нарын областтарында сугат дыйканчылыгын өнүктүрүү” долбоору боюнча займ жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (демилгечи – Өкмөт, 2020-жылдын 17-августундагы №424 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

 

- “Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы ичүүчү суу менен камсыздоо, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана “Бишкек шаарында 2020-жылдын 18-майында кол коюлган, Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен камсыз кылуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу” (демилгечи – Өкмөт, 2020-жылдын 24-августундагы №437 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

 

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – Өкмөт, 2020-жылдын 10-июнундагы №324 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

 

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасында кумар ишине тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – Өкмөт, 2019-жылдын 25-ноябрындагы №636 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

 

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (демилгечи – Өкмөт, 2020-жылдын 22-сентябрындагы №499 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

 

- “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – Өкмөт, 2019-жылдын 20-ноябрындагы №613 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

 

 

         - “Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан ордун толтурууга жыйналган каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – Өкмөт, 2020-жылдын 10-июнундагы №328 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

 

         - “Электрондук коммерция жөнүндө” (демилгечилер – депутаттар М.А.Маматалиев, К.К.Иманалиев, А.М.Нурбаев, И.А.Пирматов, Б.И.Сулейманов, С.Шер-Нияз, Ж.А.Мусабекова, А.Жунус уулу, Д.Ж.Бакчиев, А.К.Дюшалиев, Н.Сыдыгалиев, М.К.Жеенчороев, Б.К.Райымкулов, Д.Д.Бекешев, С.А.Айдаров, К.Дж.Рыспаев, А.Б.Баатырбеков, Н.В.Никитенко, Э.Т.Токтошев, З.Э.Шарапов, Ж.К.Акаев, А.Т.Сулайманов, И.И.Матраимов, А.М.Эргешов, А.А.Карашев, К.Ш.Баймуратов, И.Т.Гайпкулов, Б.С.Турусбеков, А.Акматов, К.Т.Зулушев, С.К.Ибраев, М.Э.Мавлянова, А.Т.Мамашова, С.К.Нышанов, П.Р.Тулендыбаев, К.С.Нурматов, Т.А.Масабиров, Ч.А.Турсунбеков, Т.Г.Тиллаев, Р.А.Казакбаев) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору;

 

         - “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – К.Дж.Рыспаев) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин корутундусу.

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 81 депутаты катышты, ошондой эле 8 депутат ишеним кат берген.

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

1. 2020-жылдын 28-октябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы – жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

- катышты – 81 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат, анын ичинен экөө катышты;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ант бере элек 2 депутаты катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.А.Маматалиев, Н.К.Алимбеков, Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, төрагалык кылуучу.

 

Депутаттар М.А.Маматалиев, Н.К.Алимбековдун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдиновдун сунуштарын эске алуу менен 2020-жылдын 28-октябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы – жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

- катышты – 81 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат, анын ичинен экөө катышты;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ант бере элек 2 депутаты катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу .

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Ж.Исманова (“Республика – Ата-Журт”) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында ант берди.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.Ч.Урумкалиева (КСДП) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында ант берди.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

         4. “Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Атыр Болотбековна Абдырахматованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” маселе каралды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбеков “Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Атыр Болотбековна Абдырахматованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө сөз сүйлөдү.

 

 

         “Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Атыр Болотбековна Абдырахматованы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 86, каршы – жок, бардыгы 86 депутат добуш берди.

- катышты – 81 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат, анын ичинен экөө катышты;

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

4. “Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына дайындоого жактыруу үчүн СурабалдиеваЭльвира Жыргалбековнага Премьер-министрдин сунуштамасы жөнүндө” маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиковдун сөзү.

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы №4116-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы №4116-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” (Э.Ж.Сурабалдиева жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 86, каршы – жок, бардыгы 86 депутат добуш берди.

- катышты – 81 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат, анын ичинен экөө катышты;

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

5. “Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына дайындоого жактыруу үчүн Исмаилова Аида Жекшенбаевнага Премьер-министрдин сунуштамасы жөнүндө" маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиковдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына талапкер А.Ж.Исмаилова, депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиков, депутаттар А.Т.Мамашова, М.А.Маматалиев, Б.С.Турусбеков, Р.М.Туманбаева, Ж.К.Турускулов, У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын шайланган вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева, депутаттар А.А.Карашев, Б.Э.Торобаев, А.У.Жапаров, К.Дж.Рыспаев, М.И.Бакиров, төрагалык кылуучу, депутаттар У.З.Ормонов, У.Ч.Исмаилов.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат Т.З.Зулпукаров.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттардын добуштарын эсептөө үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар С.М.Джураев (КСДП), Б.К.Райымкулов (“Республика – Ата-Журт”), С.С.Анарбаев )”Кыргызстан”), Н.М.Сырдыбаев (“Өнүгүү–Прогресс”), Б.С.Турусбеков (“Бир Бол”), Э.Т.Токтошев (“Ата Мекен”).

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы №4116-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы №4116-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” (А.Ж.Исмаилова жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Ж.К.Турускулов, Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, Б.С.Турусбеков, Б.К.Райымкулов.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Республика – Ата-Журт” парламенттик фракциясынын лидери Ж.К.Турускуловдун сунушу боюнча 5 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

13 саат 5 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы К.К.Исаев төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.С.Турускулов, төрагалык кылуучу, депутаттар А.К.Касымалиева, С.К.Ибраев, Ж.К.Акаев, Б.К.Райымкулов.

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 14-октябрындагы №4116-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” (А.Ж.Исмаилова жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 30, каршы – 40, бардыгы 70 депутат добуш берди.

- катышты – 65 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат, анын ичинен экөө катышты;

 

Чечим кабыл алынган жок. (Токтом долбоору четке кагылды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2 сааттык тыныгуу жарыяланды.

 

16 саат

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Жыйналышка катышкан депутаттар: А.Т.Абжалиев, С.А.Айдаров, М.А.Айнакулов, Ж.К.Акаев, А.Ж.Акматов, Н.К.Алимбеков,
А.Т.Алтыбаева, О.А.Алыбаев, М.А.Аманкулов, С.С.Анарбаев,
А.А.Артыков, Г.К.Асылбаева, К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров,
О.М.Бакиров, Д.Д.Бекешев, А.Т.Бердиев, И.Т.Гайпкулов, С.М Джураев., А.У.Жапаров, Т.У.Жоробеков, Жунус уулу Адыл, С.К.Ибраев, К.К.Исаев,
Д.Ш.Исаева, У.Ч.Исмаилов, C.Ж.Исманов, А.А.Карашев,
А.К.Касымалиева, Н.Т.Каримов, А.К.Карыбеков, К.К.Керезбеков, Т.К.Конушбаев, У.Т.Кыдыралиев, М.Г.Мадеминов, М.А.Маматалиев, А.Т.Мамашова, Т.Т.Мамытов, С.У.Молдалиев, Г.С.Молдобекова, Н.В.Никитенко, А.М.Нурбаев, С.К.Нышанов, И.Ш.Омуркулов,
А.Ш.Осмонова, У.Б.Примов, Б.К.Райымкулов, К.Дж.Рыспаев,
У.Ч.Садиков, Н.О.Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Э.С.Тагаев,
О.Ч.Текебаев, Э.Т.Токтошев, Б.Э.Торобаев, Н.Т.Тотонов,
П.Р.Тулендыбаев, Р.М.Туманбаева, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, З.Э.Шарапов, З.С.Эсенаманов.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 62 депутаты катышты, ошондой эле 8 депутат ишеним кат берген.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар К.Дж.Рыспаев, А.М.Нурбаев, Д.Д.Бекешев.

 

 

6. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” (Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар М.А.Маматалиев, А.Ш.Жээнбеков, А.М.Нурбаев, Т.У.Жоробеков, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, Т.З.Зулпукаров, С.А.Келдибаев, Н.Т.Тотонов, Жунус уулу Алтынбек, Ж.К.Акаев.) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынга токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министри К.Б.Мукашевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар – демилгечилердин бири – М.А.Маматалиев, Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Финансы министри К.Б.Мукашев.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы К.К.Исаев төрагалык кылды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсү.

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдында төмөнкүлөр ант беришти: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Н.Жапаров, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиков, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри М.С.Мамытканов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Р.А.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн министри – Аппарат Жетекчиси Б.А.Аманбаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри У.О.Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын юстиция министри М.Т.Джаманкулов, Кыргыз Республикасынын финансы министри К.Б.Мукашев, Кыргыз Республикасынын экономика министри С.Т.Муканбетов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Т.М.Токтогазиев, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Б.Ч.Бердалиев, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Б.Э.Ажикеев, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри А.С.Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри А.Б.Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Н.К.Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы К.К.Ташиев, Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча Мамлекеттик комитетинин төрагасы Э.Дж.Тердикбаев, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасы Ж.К.Сагынбаев, Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш Мамлекеттик комитетинин төрагасы А.Дж.Исмаилов.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Президенттин милдетин аткаруучу – Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Н.Жапаровдун сөзү.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 4-апрелиндеги №297 токтом), жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 23-мартындагы №179 токтом) “Ереван шаарында 2019-жылдын 1-октябрында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майынан Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ошондой эле айрым эларалык келишимдерди өзгөртүү жана колдонулушун токтотуу жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 17-августундагы №422 токтом), “Бишкек шаарында 2020-жылдын 30-апрелинде кол коюлган, “Нарын шаарында суу менен жабдуу тутумун реабилитациялоо жана сууну бөлүштүрүү (2-фаза)” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2020-жылдын 30-апрелинде кол коюлган, “Нарын шаарында суу менен жабдуу тутумун реабилитациялоо жана сууну бөлүштүрүү (2-фаза)” долбоору боюнча Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнөн жана Европалык Бирликтен инвестициялык грант катары берилүүчү Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу, ал эми бардык парламенттик фракциялардын оң чечими болгондуктан – экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 17-августундагы №424 токтом) “Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Сауддук өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Ысык-Көл жана Нарын областтарында сугат дыйканчылыгын өнүктүрүү” долбоору боюнча займ жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Т.Алтыбаева, А.М.Нурбаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору К.М.Таштаналиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу, ал эми бардык парламенттик фракциялардын оң чечими болгондуктан – экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 24-августундагы №437 токтом) “Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы ичүүчү суу менен камсыздоо, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана “Бишкек шаарында 2020-жылдын 18-майында кол коюлган, Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен камсыз кылуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу, ал эми бардык парламенттик фракциялардын оң чечими болгондуктан – экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 10-июнундагы №324 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.С.Алиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.С.Алиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү А.Ш.Осмонованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Дж.Рыспаев демилгелеген, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Дж.Рыспаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат З.С.Эсенаманов, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Т.Алтыбаева, К.Дж.Рыспаев – демилгечи, У.Ч.Исмаилов.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу, ал эми бардык парламенттик фракциялардын оң чечими болгондуктан – экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Дж.Рыспаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 25-ноябрындагы №636 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасында кумар ишине тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы А.О.Кожошевдин сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 22-сентябрындагы №499 токтом), “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.С.Алиевдин сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү А.Ш.Осмонованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2019-жылдын 20-ноябрындагы №613 токтом) “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Б.Ч.Бердалиевдин сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 10-июнундагы №328 токтом) “Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан ордун толтурууга жыйналган каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Карымшаковдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат З.С.Эсенаманов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Карымшаков, депутат Д.Д.Бекешев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

19. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жеке жактардын мүлктөрүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө” (Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 2020-жылдын 24-январындагы №28 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.С.Алиевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

20. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, Ж.К.Акаев, А.Ш.Жээнбеков, Т.З.Зулпукаров, К.К.Керезбеков, А.Т.Сулайманов, И.Ш.Омуркулов демилгелеген “Инвестицияларды колдоо маселеси бооюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Ш.Осмонова, А.А.Карашев, демилгечилердин бири – А.М.Нурбаев, А.Т.Алтыбаева, төрагалык кылуучу, депутат З.С.Эсенаманов.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү А.Ш.Осмонованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

21. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, К.К.Иманалиев, А.М.Нурбаев, И.А.Пирматов, Б.И.Сулейманов, С.Шер-Нияз, Ж.А.Мусабекова, А.Жунус уулу, Д.Ж.Бакчиев, А.К.Дюшалиев, Н.Сыдыгалиев, М.К.Жеенчороев, Б.К.Райымкулов, Д.Д.Бекешев, С.А.Айдаров, К.Дж.Рыспаев, А.Б.Баатырбеков, Н.В.Никитенко, Э.Т.Токтошев, З.Э.Шарапов, Ж.К.Акаев, А.Т.Сулайманов, И.И.Матраимов, А.М.Эргешов, А.А.Карашев, К.Ш.Баймуратов, И.Т.Гайпкулов, Б.С.Турусбеков, А.Акматов, К.Т.Зулушев, С.К.Ибраев, М.Э.Мавлянова, А.Т.Мамашова, С.К.Нышанов, П.Р.Тулендыбаев, К.С.Нурматов, Т.А.Масабиров, Ч.А.Турсунбеков, Т.Г.Тиллаев, Р.А.Казакбаев демилгелеген “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат М.А.Маматалиевдин сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу, ал эми бардык парламенттик фракциялардын оң чечими болгондуктан – үч окуудан кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү А.Ш.Осмонованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

22. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 5-июнундагы №303 токтом) “Абу-Даби шаарында 2019-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Арба Эмиратынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.К.Дюшембиевдин сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                           К.Исаев