Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 11 04.11.2020-ж.

30-12-2020
10:41

11

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020 ЖЫЛ

 

 

 

2020-жылдын 4-ноябры                                                    10 саат 40 мүнөт

 

 

Бишкек шаары,

«Ала-Арча» Мамлекеттик

резиденциясы

Конгресс-холл

 

        

Төрагалык кылган:                              Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Исаев К.К.

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү К.С.Дыйканбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчиси А.А.Сабырбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчисинин орун басары Т.Т.Шаболотов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусу М.М.Матазимов.

 

         Жыйналышка катышкан депутаттар: А.Т.Абжалиев, Н.А.Айдаров, С.А.Айдаров, М.А.Айнакулов, Ж.К.Акаев, А.Ж.Акматов, Н.К.Алимбеков, А.Т.Алтыбаева, А.А.Алтынбеков, О.А.Алыбаев, М.А.Аманкулов, А.А.Артыков, К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, О.М.Бакиров, А.Т.Бердиев, А.К.Бешимбаева, И.Т.Гайпкулов, Д.А.Джумабеков, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, К.Ж.Жолдошбаев, Т.У.Жоробеков, К.М.Жумалиев, Жунус уулу Адыл, Т.З.Зулпукаров, С.К.Ибраев, Т.И.Икрамов,
Д.Ш.Исаева, У.Ч.Исмаилов, С.Ж.Исманов, А.К.Карыбеков, А.К.Касымалиева, С.А.Келдибаев, К.К.Керезбеков, А.С.Кодуранова, М.Н.Койчуманов, Т.К.Конушбаев, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.Г.Мадеминов, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов, А.Т.Мамашова, Т.Т.Мамытов, И.И.Матраимов, С.У.Молдалиев, Г.С.Молдобекова, Ж.А.Мусабекова, Н.В.Никитенко, С.К.Нышанов, И.Ш.Омуркулов, У.З.Ормонов, У.Б.Примов, Б.К.Райымкулов, З.К.Рысалиев, К.Дж.Рыспаев, У.О.Самаев, Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков, А.Т.Сулайманов, Б.И.Сулейманов, Н.О.Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Э.С.Тагаев, О.Ч.Текебаев, Э.Т.Токтошев, П.Р.Тулендыбаев, Р.М.Туманбаева, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, Ч.Ч.Урумкалиева, З.Э.Шарапов, З.С.Эсенаманов, А.Л.Юсуров.

 

Ишеним кат берген депутаттар: Ш.Ш.Абдыкеримов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Н.Койчумановго берилген), М.А.Аманкулов, (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Омуркуловго берилген), С.С.Анарабаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.К.Алимбековго берилген), А.А.Арапбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.Б.Примовго берилген), Г.К.Асылбаева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.И.Икрамовго берилген), Э.Дж.Байбакпаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат П.Р.Тулендыбаевге берилген), А.Т.Жутанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.И.Бакировго берилген), А.Ш.Жээнбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.З.Зулпукаровго берилген), Н.Т.Каримов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.М.Бакировго берилген), А.С.Кодуранова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Г.С.Молдобековага берилген), И.А.Маннанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Г.С.Молдобековага берилген), А.М.Нурбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.К.Акаевге берилген), К.Б.Орозова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.М.Бакировго берилген), И.А.Пирматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.А.Бакчиевге берилген), У.Ч.Садиков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.К.Алимбековго берилген), А.М.Султанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.М.Сырдыбаевге берилген), Б.К.Сыдыгалиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Д.А.Джумабековго берилген), Т.Г.Тиллаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Ж.К.Турускуловго берилген), А.С.Токторов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Д.А.Джумабековго берилген), Б.Э.Торобаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.И.Бакировго берилген), О.Ж.Турдумамбетов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.Ч.Исмаиловго берилген), А.А.Турсунбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.А.Айдаровго берилген).

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 77 депутаты катышты, ошондой эле 22 депутат ишеним кат берген.

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы К.К.Исаевдин өзүнөн ыйгарымдуу укуктарын алып салуу жөнүндө арызы.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

2. 2020-жылдын 4-ноябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы – жок, бардыгы 96 депутат добуш берди.

        - катышты – 77 депутат;

        - ишеним кат боюнча – 21 депутат, анын ичинен экөө катышты.

 

        Чечим кабыл алынды.

       

        Сөз сүйлөдү: депутаттар О.М.Бакиров, Р.М.Туманбаева.

       

        Депутаттар О.М.Бакиров менен Р.М.Туманбаеванын сунуштарын эске алуу менен 2020-жылдын 4-ноябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы – жок, бардыгы 96 депутат добуш берди.

        - катышты – 77 депутат;

        - ишеним кат боюнча – 21 депутат, анын ичинен экөө катышты.

 

        Чечим кабыл алынды.

       

        Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар Ж.К.Турускулов, О.Ч.Текебаев, М.И.Бакиров, Д.А.Джумабеков, Т.З.Зулпукаров.

       

        КСДП парламенттик фракциясынын лидеринин орун басары Т.З.Зулпукаровдун сунушу боюнча 15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

                            11 саат 20 мүнөт

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 65 депутаты катышты, ошондой эле 22 депутат ишеним кат берген.

 

3. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө” маселени кароо.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Р.М.Туманбаева.

10 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

 

Андан ары “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйналышы болду.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышы улантылды.

 

11 саат 30 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 82 депутаты катышты, ошондой эле 22 депутат ишеним кат берген.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө” маселени кароо улантылды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө” маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

4. “Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө” маселени кароо.

 

         Сөз сүйлөдү: “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар О.М.Бакиров, С.М.Джураев, Е.Г.Строкова, Ч.Ч.Урумкалиева (КСДП), А.А.Алтынбеков, С.А.Келдибаев, М.А.Маматалиев (“Республика – Ата-Журт”), А.А.Аскарова, М.Н.Койчуманов (“Кыргызстан”), Т.И.Икрамов (“Өнүгүү-Прогресс), Д.Г.Торокулов (“Бир Бол”), Э.Т.Токтошев (“Ата Мекен”).

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына жогоруда көрсөтүлгөн депутаттарды шайлоо жөнүндө добуш берүү.

        Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.

        - катышты – 82 депутат;

        - ишеним кат боюнча – 21 депутат, анын ичинен экөө катышты.

 

        Чечим кабыл алынды.

       

        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына талапкер депутат Т.Т.Мамытовдун сөзү.

       

        Сөз сүйлөдү: депутаттар К.Ж.Жолдошбаев, Т.Т.Мамытов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына талапкер, К.Дж.Рыспаев, төрагалык кылуучу, депутаттар О.Ч.Текебаев, А.К.Касымалиева, Т.И.Икрамов, З.К.Рысалиев, Е.Г.Строкова.

       

        Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

       

Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө” маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлүк кызматына талапкер А.А.Сариев, төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы - депутат М.А.Маматалиевдин (“Республика – Ата-Журт”) эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү
(№1 протокол) жана бюллетендин формасы жөнүндө (№2 протокол) сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.

 

        Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.

        - катышты – 82 депутат;

        - ишеним кат боюнча – 21 депутат, анын ичинен экөө катышты.

 

        Чечим кабыл алынды.

       

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №2 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.

 

        Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.

        - катышты – 82 депутат;

        - ишеним кат боюнча – 21 депутат, анын ичинен экөө катышты.

 

        Чечим кабыл алынды.

       

Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы - депутат М.А.Маматалиевдин (“Республика – Ата-Журт”) эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү (№1 протокол) жана бюллетендин формасы жөнүндө (№2 протокол) сөзү.

       

        Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

       

        Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.

        Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.

        - катышты – 82 депутат;

        - ишеним кат боюнча – 21 депутат, анын ичинен экөө катышты.

 

        Чечим кабыл алынды.

       

        Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №2 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.

        Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.

        - катышты – 82 депутат;

        - ишеним кат боюнча – 21 депутат, анын ичинен экөө катышты.

 

        Чечим кабыл алынды.

 

        Саат 12.20 – 12.40 бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү өтөкрүлдү.

        Саат 12.42 – 12.52 добуштарды эсептөө жүргүзүлдү.

        Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат М.А.Маматалиевдин (“Республика – Ата-Журт”) сөзү (№3 протокол).

      

       Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына депутат Т.Т.Мамытовду шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы, макул – 1000 добуш, каршы – 1 добуш.

      

       Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Т.Мамытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланды.

      

       Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №3 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

        Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат М.А.Маматалиевдин (“Республика – Ата-Журт”) (№3 протокол) сөзү.

        Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү кызматына А.А.Сариевди шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64 добуш, каршы – 36 добуш.

       

        Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча А.А.Сариев Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү болуп шайланды.

 

        Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №3 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытов Талант Турдумамбетовичти шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо боюнча жашыруун добуш берүү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 23-июнундагы №774-VI токтомуна (А.А.Сариев жөнүдө) өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Депутаттар Т.Т.Мамытовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланышы менен куттукташты.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов ар кайсы мезгилдерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматын аркалап келген депутаттар Д.А.Джумабеков менен К.К.Исаевге эстелик белектерди тапшырды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын күн тартибиндеги мыйзам долбоорлору каралганга жана добуш берүү жол-жобосу аяктаганга чейин жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 101, каршы – жок, бардыгы 101 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов, төрагалык кылуучу.

 

5. 2020-жылдын 28-октябрында каралган мыйзам долбоорлору, токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

Төрагалык кылуучу каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына катышуучу депутаттардын фамилиясын атады.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов.

 

Төрагалык кылуучу каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына катышуучу депутаттардын фамилиясын атоону улантты.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 77 депутаты катышты.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылыуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 77 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 77 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Ереван шаарында 2019-жылдын 1-октябрында кол коюлган,
2014-жылдын 29-майынан Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ошондой эле айрым эл аралык келишимдерди өзгөртүү жана колдонулушун токтотуу жөнүндө Протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы
77 депутат добуш берди, 77 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Бишкек шаарында 2020-жылдын 30-апрелинде кол коюлган, “Нарын шаарында суу менен жабдуу тутумун реабилитациялоо жана сууну бөлүштүрүү (2-фаза)” долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну жана Бишкек шаарында 2020-жылдын 30-апрелинде кол коюлган, “Нарын шаарында суу менен жабдуу тутумун реабилитациялоо жана сууну бөлүштүрүү (2-фаза)” долбоору боюнча Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнөн жана Европалык Бирликтен инвестициялык грант катары берилүүчү Кыргыз Республикасы менен Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы
77 депутат добуш берди, 77 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Бишкек шаарында 2020-жылдын 11-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Сауддук өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Ысык-Көл жана Нарын областтарында сугат дыйканчылыгын өнүктүрүү” долбоору боюнча займ жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы ичүүчү суу менен камсыздоо, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну жана “Бишкек шаарында 2020-жылдын 18-майында кол коюлган, Бишкек шаарында 2016-жылдын 28-майында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Европалык инвестициялык банктын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен камсыз кылуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча Кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө макулдашуу-Катты ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы
78 депутат добуш берди, 78 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын салык кодексине, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы
78 депутат добуш берди, 78 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасында кумар ишине тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы
78 депутат добуш берди, 78 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы
78 депутат добуш берди, 78 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Укук коргоочу жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан ордун толтурууга жыйналган каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жеке жактардын мүлктөрүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы
78 депутат добуш берди, 78 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Инвестицияларды колдоо маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Абу-Даби шаарында 2019-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмиратынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Келишимди ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын
28-октябрындагы токтому менен түзүлгөн, макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар М.А.Маматалиев, А.Ш.Жээнбеков, А.М.Нурбаев, Т.У.Жоробеков, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, Т.З.Зулпукаров, С.А.Келдибаев, Н.Т.Тотонов, Жунус уулу Алтынбек, Ж.К.Акаев) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын
28-октябрындагы токтому менен түзүлгөн, макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Жеке жактардын мүлктөрүн жана кирешелерин ыктыярдуу түрдө декларациялоо жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 2020-жылдын 24-январындагы №28 токтом) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын макулдашылган варианттарын жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы
78 депутат добуш берди, 78 депутат катышты.

Чечим кабыл алынды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.К.Конушбаев, Р.Н.Чойбеков, У.Т.Кыдыралиев, Н.К.Алимбеков, Н.Т.Тотонов, К.Ш.Баймуратов, У.З.Ормонов, А.Т.Жутанов демилгелеген “Курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасында шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы М.Э.Мавлянованын сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

7. “Акваөсүмдүктөрү, балык кармоо жана суу биологиялык ресурстарын сактоо жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, А.Ш.Жээнбеков, А.О.Узакбаев, А.М.Эргешов демилгелеген “Балык кармоо, балык запастарын сактоо, кайта өндүрүү жана балык кармоо туризмин өнүктүрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат – төрагалык кылуучу М.И.Бакировдун сөзү.

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы токтому менен түзүлгөн, макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар М.А.Маматалиев, А.Ш.Жээнбеков, А.М.Нурбаев, Т.У.Жоробеков, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, Т.З.Зулпукаров, С.А.Келдибаев, Н.Т.Тотонов, Жунус уулу Алтынбек, Ж.К.Акаев) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Мыйзамдын макулдашылган варианты жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү депутат А.Ш.Осмонованын сөзү.

 

Мыйзамдын көрсөтүлгөн макулдашылган вариантын добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы токтому менен түзүлгөн, макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Жеке жактардын мүлктөрүн жана кирешелерин ыктыярдуу түрдө декларациялоо жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 24-январындагы №28 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.С.Алиевдин сөзү.

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Абжалиев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.С.Алиев.

 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин өкүлү депутат А.Ш.Осмонованын сөзү.

 

Мыйзамдын көрсөтүлгөн макулдашылган вариантын добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төраганын орун басары                                                   М.Бакиров