Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 12 05.11.2020-ж.

30-12-2020
10:42

12

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-ЖЫЛ

 

 

 

2020-жылдын 5-ноябры                                                    10 саат 45 мүнөт

 

 

Бишкек шаары,

«Ала-Арча» Мамлекеттик

резиденциясы

Конгресс-холл

 

        

Төрагалык кылган:                              Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчиси А.А.Сабырбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат Жетекчисинин орун басары Т.Т.Шаболотов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусу М.М.Матазимов.

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Ш.Ш.Абдыкеримов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Н.Койчумановго берилген), С.С.Анарбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.К.Алимбековго берилген), Г.К.Асылбаева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.Т.Икрамовго берилген), А.Ш.Жээнбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.З.Зулпукаровго берилген), Н.Т.Каримов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.М.Бакировго берилген), И.А.Маннанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Г.С.Молдобековага берилген), К.Б.Орозова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.М.Бакировго берилген), У.Ч.Садиков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.К.Алимбековго берилген), Б.К.Сыдыгалиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Д.А.Джумабековго берилген).

Таратылган материалдар:

- “2020-2021-жылдын күзгү-кышкы мезгилдерине экономиканын тармактарын жана Кыргыз Республикасынын калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин чечими;

- “2020-2021-жылдын күзгү-кышкы мезгилдерине экономиканын тармактарын жана Кыргыз Республикасынын калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин токтомунун долбоору;

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 61 депутаты катышты, ошондой эле 9 депутат ишеним кат берген.

 

1. 2020-жылдын 5-ноябрындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

- катышты – 61 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Г.С.Молдобекова.

 

Депутат Г.С.Молдобекованын сунушун эсепке алуу менен 2020-жылдын 5-ноябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

- катышты – 61 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттардын добуштарын эсептөө үчүн эсептөө комиссиясынын курамына талапкер депутаттар жөнүндө төрагалык кылуучу.

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар Ч.Ч.Урумкалиева (КСДП), С.Ж.Исманов (“Республика – Ата-Журт”), Н.К.Алимбеков (“Кыргызстан”), Н.М.Сырдыбаев (“Өнүгүү-Прогресс”). Э.С.Тагаев (“Бир Бол”), О.Ч.Текебаев (“Ата Мекен”).

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча добуш берүү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

- катышты – 61 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат.

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. “2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө” маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе жөнүндө депутат М.И.Бакировдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат Д.А.Джумабеков.

        

Выступили:председательствующий, депутат Д.А.Джумабеков

 

“2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

- катышты – 61 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.А.Маматалиев, У.Т.Кыдыралиев, А.У.Жапаров, төрагалык кылуучу.

 

 

3. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу” маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиеванын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.С.Турусбеков, төрагалык кылуучу.

 

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри А.С.Бейшеналиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Р.М.Туманбаева, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри А.С.Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары А.Ш.Алыбаев, төрагалык кылуучу, депутаттар И.Ш.Омуркулов, О.Ч.Текебаев, Б.С.Турусбеков, Э.Т.Токтошев, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, депутаттар А.Ш.Осмонова, Д.А.Джумабеков, Т.К.Конушбаев, М.И.Бакиров.

Жыйналыштын күн тартиби боюнча маселелерди кароо жана добуш берүү жол-жобосу аяктаганга чейин жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө депутат М.И.Бакировдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

- катышты – 61 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри А.С.Бейшеналиев, төрагалык кылуучу.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

- катышты – 61 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев, депутат К.Дж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри А.С.Бейшеналиев, депутат Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Т.Усенбаев, депутаттар Н.Т.Тотонов, А.А.Карашев, А.Т.Мамашова, О.М.Бакиров, Ч.Ч.Урумкалиева, төрагалык кылуучу, депутаттар А.У.Жапаров, З.Э.Шарапов, А.Т.Алтыбаева, А.Ш.Осмонова, А.К.Касымалиева, У.Ч.Исмаилов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы К.А.Айдаров, депутаттар Т.И.Икрамов, Б.С.Турусбеков.

 

Депутат Ч.Ч.Урумкалиеванын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат К.Дж.Рыспаев, Т.К.Конушбаев.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Э.Толонов, Т.А.Масабиров, Г.К.Асылбаева, У.Б.Примов, Т.Г.Тиллаев, Б.С.Турусбеков, И.Т.Гайпкулов, К.Дж.Рыспаев, М.И.Бакиров демилгелеген “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.К.Касымалиева, Г.С.Молдобекова – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы, М.И.Бакиров.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

5. 2020-жылдын 4 - 5-ноябрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

“Курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасында шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы – 1 (депутат А.К.Касымалиева), бардыгы 61 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Акваөсүмдүктөрү, балык кармоо жана суу биологиялык ресурстарын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – жок, бардыгы 61 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Балык кармоо, балык запастарын сактоо, кайта өндүрүү жана балык кармоо туризмин өнүктүрүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – жок, бардыгы 61 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын
4-ноябрындагы № 4139-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – жок, бардыгы 61 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын
4-ноябрындагы № 4150-VI токтому менен түзүлгөн, макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Жеке жактардын мүлктөрүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – жок, бардыгы 61 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

“Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы – 1 (депутат А.К.Касымалиева), бардыгы 61 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.Дж.Рыспаев.

 

Депутат К.Дж.Рыспаевдин сөзү боюнча “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу протоколдук тапшырма берилди.

 

 

6. “2020-2021-жылдын күзгү-кышкы мезгилдерине экономиканын тармактарын жана Кыргыз Республикасынын калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри Р.А.Сабировдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат К.Дж.Рыспаев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы.

 

Ушул токтом долбоорун талкуулоо жана суроо-жооп жол-жобосунда парламенттик фракциялардын бирден өкүлүнө чыгып сүйлөөгө мүмкүндүк берүү жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

- катышты – 61 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Р.А.Сабиров, Бишкек шаарынын ЖЭСинин директору А.В.Воропаев, “Электр станциялары” ААКынын башкы директору Ж.И.Ачикеев, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Ж.К.Сагынбаев, депутат А.А.Карашев, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААКы башкармасынын төрагасынын орун басары Т.А.Айталиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Ш.М.Сабиров, депутат Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Б.Ч.Бердалиев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары К.О.Ахматов, депутат М.И.Бакиров, “Кыргызжылуулукэнерго” Мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары А.М.Джурунов, депутат О.Ж.Турдумамбетов, “Кыргызкөмүр” Мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.Ы.Ашырбаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Т.И.Нурбашев, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын өндүрүш боюнча башкы директорунун орун басары А.А.Гребенюк.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан токтом долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

- катышты – 61 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат.

Чечим кабыл алынды.

Сөз сүйлөдү: депутат О.М.Бакиров, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААКы башкармасынын төрагасы Н.А.Козубаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Р.А.Сабиров, “Электр станциялары” ААКынын башкы директору Ж.И.Ачикеев, төрагалык кылуучу, депутат А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Т.И.Нурбашев, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын өндүрүш боюнча башкы директорунун орун басары А.А.Гребенюк, “Кыргызстан Улуттук электр тармактары” ААКынын башкы директору Э.Т.Куданалиев, “Түндүкэлектро” ААкынын башкы директору У.Б.Астаркулов, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ААКы башкармасынын төрагасынын орун басары Т.А.Айталиев, депутат Т.И.Икрамов, Бишкек шаарынын ЖЭСинин директору А.В.Воропаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары М.Р.Маметов, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, А.У.Жапаров, И.Ш.Омуркулов.

 

Депутат А.Ш.Осмонованын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат А.У.Жапаровдун сөз боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“2020-2021-жылдын күзгү-кышкы мезгилдерине экономиканын тармактарын жана Кыргыз Республикасынын калкын даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

- катышты – 61 депутат;

- ишеним кат боюнча – 7 депутат.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды.)

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Р.А.Сабиров.

 

 

        

         Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                          Т.Мамытов