Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 15 26.11.2020-ж.

30-12-2020
10:48

15

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-ЖЫЛ

 

 

 

2020-жылдын26-ноябры                                                   10 саат 45 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

        

Төрагалык кылган:                                        Кыргыз Республикасынын

ЖогоркуКеңешинин

Төрагасынын орун басары

        

         М.И.Бакиров

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Ишеним кат берген депутаттар: А.А.Арапбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.Б.Примовго берилген), А.Ш.Жээнбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.З.Зулпукаровго берилген), А.Т.Мамашова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Т.Гайпкуловго берилген), И.А.Маннанов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.М.Джураевге берилген).

 

Таратылган материалдар:

- 2020-жылдын 26-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору;

- 2020-жылдын декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календарлык иш планынын долбоору;

- “Нур-Султан шаарында 2019-жылдын 29-майында кол коюлган, 2017-жылдын 11-апрелинен Евразиялык экономикалык бирликтин Бажы кодекси жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 13-мартындагы № 150 токтом) үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин корутундусу;

- “Абу-Даби шаарында 2019-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмиратынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Келишимди ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 5-июнундагы № 303 токтом) үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин корутундусу;

- “Москва шаарында 2019-жылдын 22-ноябрында кол коюлган, Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында кымбат баалуу металдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 19-июнундагы № 349 токтом) экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин корутундусу;

- “Бонн шаарында 2009-жылдын 26-январында Энергиянын жаңылануучу булактары боюнча Эл аралык агенттиктин уюштуруу конференциясында кабыл алынган, Энергиянын жаңылануучу булактары боюнча Эл аралык агенттиктин (IRENA) Уставын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 21-майындагы № 265 токтом) экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин корутундусу;

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 499 токтом) экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу;

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 27-июлундагы № 399 токтом) биринчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу;

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – депутаттар У.З.Ормонов, С.А.Айдаров, И.Т.Гайпкулов, П.Р.Тулендыбаев, А.Л.Юсуров) биринчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу;

- “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Турак жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2019-жылдын 21-февралындагы № 82 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долборуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу;

- “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар М.А.Аманкулов, Д.Д.Бекешев, М.Э.Мавлянова, А.М.Эргешов, Алтынбек Жунус уулу, Д.Б.Аттокуров, С.М.Джураев, К.Ш.Баймуратов, Адыл Жунус уулу, Р.Ч.Момбеков, У.З.Ормонов, Б.У.Сыдыков, Т.К.Конушбаев, К.М.Жумалиев, Ж.Б.Исаев, Н.Т.Тотонов, М.К.Жеенчороев, Е.Г.Строкова) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долборуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу;

- “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген, Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат К.С.Бокоев) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долборуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу;

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 65 депутаты, ошондой эле берилген ишеним кат боюнча 4 депутат катышты.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттардын добуштарын эсептеп чыгуу үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар С.М.Джураев (КСДП), Н.Т.Тотонов (“Республика – Ата-Журт”), Б.Нурдинов (“Кыргызстан”), Н.И.Арзыбаев (“Өнүгүү-Прогресс”), Э.С.Тагаев (“Бир Бол”), И.Т.Гайпкулов (“Ата Мекен”)

 

1. 2020-жылдын 26-ноябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2020-жылдын 26-ноябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

2. Ар кандай.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Алтыбаева, төрагалык кылуучу.

 

2020-жылдын 26-ноябрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жана жыйналыштын күн тартиби боюнча мыйзам долбоорлорун кароо бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

“Ар кандай” маселелер улантылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар П.Р.Тулендыбаев, Т.И.Икрамов, Р.Ч.Момбеков, У.З.Ормонов, төрагалык кылуучу, депутаттар К.Б.Орозова, С.А.Келдибаев, Е.Г.Строкова, Т.У.Жоробеков, Д.Д.Бекешев, Э.С.Тагаев.

 

Депутат С.А.Келдибаевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттерине протоколдук тапшырмалар берилди.

 

Депутат Э.С.Тагаевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

3. 2020-жылдын декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календарлык иш планын бекитүү жөнүндө.

 

2020-жылдын декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календарлык иш планын негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Алтыбаева.

 

Депутат А.Т.Алтыбаеванын сунушун эске алуу менен 2020-жылдын декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календарлык иш планын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 13-мартындагы № 150 токтом), “Нур-Султан шаарында 2019-жылдын 29-майында кол коюлган, 2017-жылдын 11-апрелинен Европалык экономикалык бирликтин Бажы кодекси жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окуууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 5-июнундагы № 303 токтом), “Абу-Даби шаарында 2019-жылдын 12-декабрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмиратынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө Келишимди ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүдемилгелеген (2020-жылдын 19-июнундагы № 349 токтом),“Москва шаарында 2019-жылдын 22-ноябрында кол коюлган, Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында кымбат баалуу металдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Кымбат баалуу металлдар департаментинин директору К.М.Мадумаров, депутат А.М.Нурбаев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүдемилгелеген (2020-жылдын 21-майындагы № 265 токтом),“Бонн шаарында 2009-жылдын 26-январында Энергиянын жаңылануучу булактары боюнча Эл аралык агенттиктин уюштуруу конференциясында кабыл алынган, Энергиянын жаңылануучу булактары боюнча Эл аралык агенттиктин (IRENA) Уставын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары В.В.Исаев, депутаттар А.У.Жапаров, Д.Д.Бекешев.

 

Депутат А.У.Жапаровдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 22-сентябрындагы № 499 токтом), “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 27-июлундагы № 399 токтом), “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары М.Э.Канулькулованын сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.З.Ормонов, С.А.Айдаров, И.Т.Гайпкулов, П.Р.Тулендыбаев, А.Л.Юсуров демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат И.Т.Гайпкуловдун сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

 

11. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Турак жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2019-жылдын 21-февралындагы № 82 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы А.О.Кожошевдин сөзү.

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 62 депутаты катышты.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Турак жайларды өрттөн жана жаратылыш кырсыктарынан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды(Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

 

12. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар М.А.Аманкулов, Д.Д.Бекешев, М.Э.Мавлянова, А.М.Эргешов, Алтынбек Жунус уулу, Д.Б.Аттокуров, С.М.Джураев, К.Ш.Баймуратов, Адыл Жунус уулу, Р.Ч.Момбеков, У.З.Ормонов, Б.У.Сыдыков, Т.К.Конушбаев, К.М.Жумалиев, Ж.Б.Исаев, Н.Т.Тотонов, М.К.Жеенчороев, Е.Г.Строкова) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долборун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору У.К.Кокочаровдун сөзү.

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген, “Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды(Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

 

13. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат К.С.Бокоев) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долборун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын сактоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Н.О.Козубаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долборун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды(Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын сактоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Н.О.Козубаев, депутат Э.С.Тагаев, төрагалык кылуучу.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                                            М.Бакиров