Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 17 03.12.2020-ж.

30-12-2020
10:50

 17

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

 

2020-жыл

 

 

 

2020-жылдын 3-декабры                                                     10 саат 45 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасынын орун

басары

М.И.Бакиров 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

 

Жыйналышка катышып олтурган депутаттар:  А.Т.Абжалиев, Н.А.Айдаров, С.А.Айдаров, М.А.Айнакулов, Ж.К.Акаев, Н.К.Алимбеков, А.Т.Алтыбаева, М.А.Аманкулов, С.С.Анарбаев, Н.И.Арзыбаев, А.А.Артыков, А.А.Аскарова, Г.К.Асылбаева, Э.Ж.Байбакпаев, К.Ш.Баймуратов, О.М.Бакиров, Д.Д.Бекешев, А.Т.Бердиев, А.К.Бешимбаева, И.Т.Гайпкулов, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, Т.У.Жоробеков, К.М.Жумалиев, Жунус уулу А., Т.З.Зулпукаров, Т.И.Икрамов, У.Ч.Исмаилов, С.Ж.Исманов, А.А.Карашев, Н.Т.Каримов, А.К.Карыбеков, А.К.Касымалиева, С.А.Келдибаев, Б.Б.Кенжебаев, М.Н.Койчуманов, Т.К.Конушбаев, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов, А.Т.Мамашова, С.У.Молдалиев, Г.С.Молдобекова, Н.В.Никитенко, А.М.Нурбаев, Б.Нурдинов, С.К.Нышанов, И.Ш.Өмүркулов,  У.З.Ормонов, К.Б.Орозова, А.Ш.Осмонова, Б.К.Райымкулов, К.Ж.Рыспаев, М.Э.Сабиров, У.Ч.Садиков, У.О.Самаев, А.Э.Самигуллина,  Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков, А.Т.Сулайманов,  Б.И.Сулейманов, Н.О.Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Э.С.Тагаев, А.С.Токторов, Э.Т.Токтошев, Б.Э.Төрөбаев, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, Р.М.Туманбаева, О.Ж.Турдумамбетов, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, Ч.Ч.Урумкалиева, З.Э.Шарапов, З.С.Эсенаманов, А.Л.Юсуров.

 

 

Ишеним кат берген депутаттар:  Ш.Ш.Абдыкеримов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат М.Н.Койчумановго берилген), А.Ш.Жээнбеков (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат  Т.З.Зулпукаровго берилген),  Т.И.Икрамов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат  Г.К.Асылбаевага берилген), И.А.Маннанов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат С.М.Джураевге  берилген),  У.Б.Примов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Г.К.Молдобековага берилген).

 

Таратылган материалдар:

 

            -2020-жылдын 3-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору;

 

-“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Суу жөнүндө”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарга, Суу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  (демилгечи – Өкмөт, 03.06.20дагы № 286 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин корутундусу;

 

 

- “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” (демилгечи – Өкмөт, 10.06.20дагы № 322 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин корутундусу;

 

 

- “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда (демилгечи – Өкмөт, 06.11.20дагы № 537 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин корутундусу;

 

 

-“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” (демилгечи – Өкмөт, 06.11.20дагы № 538 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин корутундусу;

 

 

-“Ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда (демилгечилер – депутаттар Жумабеков Д.А., Масабиров Т.А., Икрамов Т.И., Арапбаев А.А., Мамытов Т.Т., Акматов А.Ж., Макеев Н.К.) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу;

 

 

-“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда (демилгечи – Өкмөт, 11.06.19дагы № 290 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу;

 

 

-“Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда (демилгечи – Өкмөт, 29.05.18деги № 259 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу;

 

 

-“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгортүүлөрдү киргизүү  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда (демилгечи – Өкмөт, 12.04.20дагы № 202 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу;

 

 

-“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбооруна (мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Нышанов С.К.) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин корутундусу;

 

 

 

-2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо, керектен чыккан жабдууларды жана техникаларды эсептен чыгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 4157-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.

 

 

 

-"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (мамлекеттик башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин корутундусу (демилгечи-депутат А.У.Жапаров) ;

 

 

-"Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”  (улутташтырылган обьектилер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимин жүзөгө ашыруу бөлүгү) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги №3020 токтомун аткаруу тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин чечими;

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына 81 депутат катышып олтурат, ошондой эле 5 депутат ишеним кат берген.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

1. 2020-жылдын 3-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 81, каршы- жок, бардыгы 81 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.У.Жапаров, П.Р.Тулендыбаев,  Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат Ж.К.Акаев,  төрагалык кылуучу, депутаттар Т.З.Зулпукаров, А.К.Касымалиева, А.Т.Алтыбаева.

 

1. 2020-жылдын 3-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутаттар А.У.Жапаров, П.Р.Тулендыбаев жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуштарын эске алуу менен  кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 81, каршы- жок, бардыгы 81 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматовду тааныштырды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2. Ар түрдүү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар К.Б.Орозова, У.З.Ормонов, А.К.Касымалиева,  төрагалык кылуучу, депутаттар Ж.К.Акаев, М.А.Маматалиев, Б.Ж.Субанбеков, А.Т.Абжалиев, Т.З.Зулпукаров, И.Ш.Өмүркулов, Р.М.Туманбаева, А.У.Жапаров.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Төрагалык кылуучунун жыйналыштын күн тартибинин ишин саат 13.00гө чейин узартуу сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 81, каршы- жок, бардыгы 81 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

«Ар түрдүү» маселенин уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар: Б.Нурдинов, Д.Д.Бекешев, А.Т.Алтыбаева, У.Ч.Садиков, А.Ш.Осмонова, О.Ж.Турдумамбетов, А.Т.Бердиев,  төрагалык кылуучу, депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов.

 

Депутат У.З.Ормоновдун  сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Төрагалык кылуучу депутаттардын добушун саноо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө чыгып сүйлөдү.

 

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар С.М.Джураев (КСДП), А.Т.Бердиев  («Республика - Ата-Журт»), М.Н.Койчуманов («Кыргызстан»), У.Ч.Исмаилов («Өнүгүү-Прогресс»), Э.С. Тагаев («Бир Бол»),  Э.Т.Токтошев («Ата Мекен»).

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Суу жөнүндө”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарга, Суу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  (2020-жылдын 3-июнундагы №286 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Т.М.Токтогазиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат К.Ж.Рыспаев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, депутат З.С.Эсенаманов,  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Т.М.Токтогазиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары А.Ш.Жайлообаев, депутаттар  Д.Д.Бекешев,  У.О.Самаев,  төрагалык кылуучу, депутаттар С.Ж.Исманов, А.Ш.Осмонова,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин карамагындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин  директору Д.А.Ободоев. депутаттар Э.Ж.Байбакпаев, И.Ш.Өмүркулов, Б.К.Райымкулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Суу ресурстарын жана обьектилерин контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын начальниги С.Ж.Артыкбаев,   депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары  Ж.К.Керималиев, депутаттар Б.Э.Торобаев, Т.И.Икрамов, Б.Нурдинов, У.Ч.Садиков.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

2020-жылдын 3-декабрына добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш  берүүнү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 81, каршы- жок, бардыгы 81 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Суу жөнүндө”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарга, Суу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2020-жылдын 3-июнундагы №286 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Т.М.Токтогазиев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары  Ж.К.Керималиев, депутаттар  А.Т.Бердиев, Б.С.Турусбеков.

 

                        Жыйналышка андан ары Кырыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Ушл мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Р.М.Туманбаеванын сүйлөгөн сөзү. 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды      .

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу”(2020-жылдын 10-июнундагы №322 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Г.М.Жуматаеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Г.М.Жуматаева, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору З.С.Жоошбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы К.К.Абдалиев,  депутат Т.У.Жоробеков.

 

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” (2020-жылдын 10-июнундагы №322 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.К.Райымкулов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Г.М.Жуматаева, депутаттар Д.Д.Бекешев, А.У.Жапаров,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы К.К.Абдалиев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева, депутат П.Р.Тулендыбаев, төрагалык кылуучу, депутаттар Ч.Ч.Урумкалиева, О.Ж.Турдумамбетов, К.Ж.Рыспаев, Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын төрагасынын орун басары Ж.Ч.Осмоналиев, депутаттар А.Т.Алтыбаева, С.К.Нышанов, М.А.Маматалиев,  А.Ш.Осмонова,  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору З.С.Жоошбеков, депутаттар А.А.Аскарова, А.Т.Бердиев, Б.С.Турусбеков.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

           

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.У.Жапаров,  А.Т.Алтыбаева, төрагалык кылуучу,  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды      .

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат А.У.Жапаров.

 

            Мыйзам долбоорлорун карап бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантууну жана жыйналыштын күн тартиби боюнча добуш берүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы- 1, (депутат Д.Д.Бекешев) бардыгы 81 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

5.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 6-ноябрындагы  № 537 токтому) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” (2020-жылдын 6-ноябрындагы  № 538 токтому) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун биринчи окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Г.М.Жуматаеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдива, депутат А.Т.Алтыбаева,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы К.К.Абдалиев, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Г.М.Жуматаева, депутаттар Н.В.Никитенко, О.Ж.Турдумамбетов, А.А.Осмонова, А.У.Жапаров.

 

Ушул мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорлорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды     

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат С.К.Нышанов, төрагалык кылуучу.

 

6. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат С.К.Нышанов) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө депутат С.К.Нышановдун сүйлөгөн сөзү.

 

            Ушул токтом долборун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сүйлөгөн сөзү. 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ү.Жапаров тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (мамлекеттик башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда  кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат А.Ү.Жапаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Т.З.Зулпукаров, А.У.Жапаров– демилгечи, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Ж.Эшимов, депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу,  депутаттар Ж.К.Акаев, Н.О.Сыдыгалиев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун бсары, депутаттар Н.В.Никитенко, С.К.Нышанов, А.Т.Алтыбаева.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар С.К.Нышанов, Б.Э.Төрөбаев, Д.Д.Бекешев, Ж.К.Акаев, Н.В.Никитенко, А.А.Артыков, Н.К.Алимбеков, Т.З.Зулпукаров, А.У.Жапаров, О.М.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды     

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.А.Жумабеков, Т.А.Масабиров,  Т.И.Икрамов, А.А.Арапбаев,  Т.Т.Мамытов, А.Ж.Акматов, Н.К.Макеев тарабынан демилгеленген  “Ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда  кароо. 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда четке кагуу тууралуу Кыргыз Респубикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда четке кагууга добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

9.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтұ тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2019-жылдын 11-июнундагы № 290  токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда  кароо. 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда четке кагуу тууралуу Кыргыз Респубикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда четке кагууга добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтұ тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү  жөнүндө” (2020-жылдын 12-апрелиндеги № 202  токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда  кароо. 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны биринчи окууда четке кагуу тууралуу Кыргыз Респубикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда четке кагууга добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

11. 2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо, керектен чыккан жабдууларды жана техникаларды эсептен чыгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 4157-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом  долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

12.  "Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”  (улутташтырылган обьектилер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимин жүзөгө ашыруу бөлүгү) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги №3020 токтомун аткаруу тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу тууралуу Кыргыз Респубикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат У.Ч.Исмаилов, төрагалык кылуучу.

 

 

Көрсөтүлгөн токтом  долбоорун депутат У.Ч.Исмаиловдун сунушун эске алуу менен добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                                                  М.Бакиров