Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 18 09.12.2020-ж.

18-01-2021
13:11

  18

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

 

2020-жыл

 

 

 

2020-жылдын 9-декабры                                                     10 саат 30 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасынын орун

басары

М.И.Бакиров 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн эксперти А.А.Айылчиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

 

Жыйналышка катышып олтурган депутаттар:  А.Т.Абжалиев, Н.А.Айдаров, М.А.Айнакулов, А.Ж.Акматов, Н.К.Алимбеков, А.А.Алтынбеков, О.А.Алыбаев,  М.А.Аманкулов, С.С.Анарбаев, Н.И.Арзыбаев, А.А.Артыков, А.А.Аскарова, Г.К.Асылбаева, Э.Ж.Байбакпаев, К.Ш.Баймуратов, О.М.Бакиров, Дж.А.Бакчиев, Д.Д.Бекешев, А.Т.Бердиев, А.К.Бешимбаева, И.Т.Гайпкулов, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, Т.У.Жоробеков, К.М.Жумалиев, Жунус уулу А., А.Т.Жутанов, А.Ш.Жээнбеков, Т.З.Зулпукаров, Д.Ш.Исаева, У.Ч.Исмаилов, С.Ж.Исманов, А.А.Карашев, А.К.Карыбеков, А.К.Касымалиева, С.А.Келдибаев, Б.Б.Кенжебаев, К.К.Керезбеков, А.С.Кодуранова, М.Н.Койчуманов, Т.К.Конушбаев, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов, С.У.Молдалиев, Г.С.Молдобекова, Р.Ч.Момбеков, Н.В.Никитенко, С.К.Нышанов, И.Ш.Өмүркулов,  У.З.Ормонов, У.Б.Примов, К.Ж.Рыспаев, М.Э.Сабиров, У.Ч.Садиков, У.О.Самаев, А.Э.Самигуллина,  Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков,  А.М.Султанов, Н.О.Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Э.С.Тагаев, О.Ч.Текебаев, Т.Г.Тиллаев, А.С.Токторов, Э.Т.Токтошев, Б.Э.Төрөбаев, П.Р.Тулендыбаев, Р.М.Туманбаева, О.Ж.Турдумамбетов, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, Ч.Ч.Урумкалиева, З.Э.Шарапов, З.С.Эсенаманов, А.Л.Юсуров.

 

Ишеним кат берген депутаттар:  С.А.Айдаров  (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат У.Ч.Садиковго берилген), Ш.Ш.Абдыкеримов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат М.Н.Койчумановго берилген), Б.Нурдинов  (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат  М.Н.Койчумановго берилген),  К.Б.Орозова (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат  А.М.Нурбаевге берилген).

 

 

Таратылган материалдар:

 

-2020-жылдын 9-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору;

 

-“Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууга (демилгечи – Өкмөт, 20.11.19дагы № 613 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин корутундусу;

 

“Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууга (демилгечи – Өкмөт, 10.06.20дагы № 328 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин корутундусу;

 

- “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууга (демилгечи – Өкмөт, 03.02.20дагы № 49 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин корутундусу;

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууга  (демилгечилер – депутаттар Ормонов У.З., Айдаров С.А., Гайпкулов И.Т., Тулендыбаев П.Р., Юсуров А.Л.) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу;

 

-“Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууга (демилгечи – Өкмөт, 19.06.20дагы № 344 токтом)  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин корутундусу;

 

- “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууга   (демилгечи – Өкмөт, 30.10.20дагы № 531 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин корутундусу;

 

- “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууга (демилгечи – Өкмөт, 30.10.20дагы №532 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин корутундусу;

 

            -“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жыл  үчүн  бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууга (демилгечи – Өкмөт, 10.06.20дагы № 321 токтом)  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин корутундусу; 

            - “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууга  (демилгечи – Өкмөт, 24.11.20дагы № 576 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин корутундусу; 

 

-“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууга  (демилгечи – Өкмөт, 18.11.20дагы № 567 токтом)  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин корутундусу; 

 

- “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Эмгек кодексине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбооруна (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Өкмөт, 14.01.20дагы №7 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими. 

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 64 депутаты катышып олтурат.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

1. 2020-жылдын 9-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- жок, бардыгы 64 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Ө.Ч.Текебаев,  төрагалык кылуучу.

 

 

2020-жылдын 9-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутат Ө.Ч.Текебаевдин сунушун эске алуу менен  кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул– 63, каршы- 1 (депутат Р.Ч.Момбеков),  бардыгы 64 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Төрагалык кылуучу депутаттардын добушун саноо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө чыгып сүйлөдү.

 

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар С.М.Джураев (КСДП), А.Т.Бердиев  («Республика - Ата-Журт»),
С.С.Анарбаев («Кыргызстан»), Н.И.Арзыбаев («Өнүгүү-Прогресс»),
Э.С. Тагаев («Бир Бол»),  Н.В.Никитенко («Ата Мекен»).

 

 

 

2020-жылдын 9-декабрына добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш  берүүнү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- жок, бардыгы 64 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2. 2020-жылдын 3-декабрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

Төрагалык кылуучу каттоо  үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына катышып олтурган депутаттардын фамилияларын атады.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 64 депутаты катышып олтурат.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Суу жөнүндө”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарга, Суу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- жок, бардыгы 64 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- жок, бардыгы 64 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- жок, бардыгы 64 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- жок, бардыгы 64 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 65 депутаты катышып олтурат.

 

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы- 5 (депутаттар Бекешев Д.Д., Момбеков Р.Ч., Никитенко Н.В., Строкова Е.Г., Текебаев Ө.Ч.), бардыгы 65 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

-“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы- жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу депутат Б.Ж.Субанбековдун добуш берүү убагында 10 саат 50 мүнөттө катышпагандыгын билдирди.

 

Чыгып сүйлөштү:төрагалык кылуучу, депутат Б.Ж.Субанбеков.

 

(Депутат Б.Ж.Субанбековдун  "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  долбоору боюнча добуш берүүдө  добушу «макул»  деп эсептелинсин).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

3. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдумду (жалпы элдик добуш берүүнү) дайындоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч.Текебаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат А.У.Жапаров - демилгечи, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов,  депутаттар У.Т.Кыдыралиев,  Р.Ч.Момбеков,  Ө.Ч.Текебаев,  К.К.Керезбеков, Н.В.Никитенко, Б.Э.Төрөбаев,  Д.Д.Бекешев.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын  Бузуулар  жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  (2019-жылдын 20-ноябрындагы № 613 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев,  Н.В. Никитенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2020-жылдын 10-июнундагы № 328 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев,  Н.В.Никитенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 3-мартындагы №49 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар И.Ш.Өмүркулов,  Н.В.Никитенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Ж.Аширходжаев, депутаттар А.С.Токторов, Б.С.Турусбеков, Ж.А.Бакчиев,  Э.Дж.Байбакпаев, Б.Ж.Субанбеков, М.Э.Мавлянова, төрагалык кылуучу. 

 

 

            Жыйналыштын күн тартибин тыныгуусуз улантуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш  берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы- жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Ж.Аширходжаев, депутаттар Н.В.Никитенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы, И.Ш.Өмүркулов,  С.Ж.Исманов, М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин  коомдук коопсуздук кызматынын уруксат берүү системасы бөлүмүнүн начальниги Т.К.Каунаш,  депутаттар Т.К.Конушбаев, К.Дж.Рыспаев, төрагалык кылуучу.  

 

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы- жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Н.М.Сырдыбаев,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин  коомдук коопсуздук кызматынын уруксат берүү системасы бөлүмүнүн начальниги Т.К.Каунаш,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Ж.Аширходжаев, депутат З.С.Эсенаманов, төрагалык кылуучу.

 

           

            Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.С.Токторов, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Ж.Аширходжаев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.З.Ормонов, С.А.Айдаров, И.Т.Гайпкулов, П.Р.Тулендыбаев, А.Л.Юсуров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Э.Дж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов, депутаттар А.С.Токторов, У.З.Ормонов-демилгечи, С.С.Анарбаев, М.Э.Мавлянова, төрагалык кылуучу, депутат Б.Э.Төрөбаев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов, депутат Б.Э.Төрөбаев.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Р.М.Туманбаева.

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген   “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” (2020-жылдын 30-октябрындагы  № 531 токтому) жана  “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” (2020-жылдын 30-октябрындагы  № 532 токтому) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун биринчи окууда кароо.

 

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу  иши жана этника аралык байланыштар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.У.Салиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Ө.Ч.Текебаев, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорлорун карап бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндөгү депутат Ө.Ч.Текебаевдин  сунушу боюнча  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы- жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу  иши жана этника аралык байланыштар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.У.Салиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу  иши жана этника аралык байланыштар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Б.У.Салиев, депутат  М.Э.Мавлянова, төрагалык кылуучу,  депутаттар Ө.Ч.Текебаев, Д.Д.Бекешев,  А.А.Алтынбеков,  У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими Б.С.Козуев, депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, А.С.Токторов, Э.Т.Токтошев, Н.И.Арзыбаев, Р.М.Туманбаева,  Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Э.К.Ормоналиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.А.Ормоков.  

 

Ушул мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө төагалык кылуучунун- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлүнүн сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

14 саат 20 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакиров төрагалык кылды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 депутаты катышып олтурат.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Н.В.Никитенко.

 

9.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” (2020-жылдын 19-июнундагы № 344 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Ж.Аширходжаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат С.Ж.Исманов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Ж.Аширходжаев, депутат Д.Д.Бекешев,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын начальниги Б.С.Дубанаев, депутаттар Т.У.Жоробеков,  И.Ш.Өмуркулов, Никитенко Н.В- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

10. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Эмгек кодексине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө”  (мыйзам долбоорунун демилгечиси - Кыргыз Рспубликасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 14-январындагы №7 токтому) Кыргыз  Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Эмгек кодексине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө» Кыргыз  Республикасынын  Жогорку Кеңешинин  токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- жок, бардыгы 70 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды)

 

11.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жыл  үчүн  бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу”  (2020-жылдын 10-июнундагы № 321 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К.Боронбаеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү:  төрагалык кылуучу, депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К.Боронбаева, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева, депутат И.Т.Гайпкулов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин өкүлү Т.У.Жоробековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 24-ноябрындагы № 576 токтому)  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” ” (2020-жылдын 18-ноябрындагы № 567 токтому)  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун биринчи окууда кароо жөнүндө депутат Д.Д.Бекешевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- жок, бардыгы 70 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 24-ноябрындагы № 576 токтому)  жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” ” (2020-жылдын 18-ноябрындагы № 567 токтому)  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жөнүндө  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К.Боронбаеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К.Боронбаева, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору А.С.Султанкулов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева, депутат И.Т.Гайпкулов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары М.М.Каратаев, Кыргыз Респуликасынын финансы министринин орун басары У.Т.Кармышаков,  депутаттар А.С.Токторов, З.Э.Шарапов,  Кыргыз  Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Э.С.Нурдинов,  депутаттар Д.Д.Бекешев, Н.И.Арзыбаев, Б.Э.Төрөбаев, А.А.Карашев, Э.С.Тагаев.

 

            Каралып жаткан мыйзам долбоорлорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат И.Т.Гайпкулов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К.Боронбаев, депутат  Д.Д.Бекешев.

 

Ушул мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз  Республикасынын  Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

Чыгып сүйлөдү:  төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы токтому менен түзүлгөн  макулдашуу тобу иштеп чыккан  “Жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамга) (мыйзам долбоорунун демилгечилери-депутаттар  М.И.Бакиров,  А.Ш. Жээнбеков, М.А. Айнакулов, А.Ж.Акматов, А.У.Жапаров, Р.М.Туманбаева, К.С.Бокоев, Э.Т.Токтошев) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш   берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- жок, бардыгы 70 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

13. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан  “Жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамга) (мыйзам долбоорунун демилгечилери-депутаттар  М.И.Бакиров,  А.Ш. Жээнбеков, М.А. Айнакулов, А.Ж.Акматов, А.У.Жапаров, Р.М.Туманбаева, К.С.Бокоев, Э.Т.Токтошев) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Сунуш кылынган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жана аны кабыл алуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантынын долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.     

 

Чыгып сүйлөдү:  төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 62 депутаты катышып олтурат.

 

 

14. 2020-жылдын 3 жана 9-декабрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

“Ишкердик субъекттерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын текшерүү маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда четке кагуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда четке кагылды).

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2019-жылдын 11-июнундагы № 290 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда четке кагуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

                                                                                       

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда четке кагылды).

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгортүүлөрдү киргизүү  жөнүндө”(2020-жылдын 12-апрелиндеги №202 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда четке кагуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды).

 

“2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуяларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин административдик имаратына келтирилген материалдык-техникалык зыянды аныктоо, керектен чыккан жабдууларды жана техникаларды эсептен чыгаруу боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 5-ноябрындагы № 4157-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

"Инвестицияларды тартуу жана коргоо, ишкердикти өнүктүрүү, товарларды өндүрүү жана тышкы рынокко өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 31-мартындагы № 412-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө”  (улутташтырылган обьектилер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимин жүзөгө ашыруу бөлүгү) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги №3020 токтомун аткаруу тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин токтомунун долбоорун депутат У.Ч.Исмаиловдун сунушун эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Курал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жыл  үчүн  бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 11-сентябрындагы №3234-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу иштеп чыккан  “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Жерлерди пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Жер кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамга) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                                                  М.Бакиров