Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 20 16.12.2020-ж.

18-01-2021
13:18

20

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-ЖЫЛ

 

 

 

 

2020-жылдын    16-декабры                                              10 саат 20 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган:                                        Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

        

         М.И.Бакиров

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Жыйналышка катышкан депутаттар: А.Т.Абжалиев,
С.А.Айдаров, М.А.Айнакулов, Ж.К.Акаев, А.Ж.Акматов, Н.К.Алимбеков, А.А.Алтынбеков, О.А.Алыбаев, Н.И.Арзыбаев, А.А.Артыков, Г.К.Асылбаева, Э.Дж.Байбакпаев, К.Ш.Баймуратов, Д.Д.Бекешев, А.Т.Бердиев, А.К.Бешимбаева, И.Т.Гайпкулов, С.М.Джураев,
А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, Б.Ж.Жетигенов, Т.У.Жоробеков,
К.М.Жумалиев, Т.И.Икрамов, У.Ч.Исмаилов, С.Ж.Исманов,
А.К.Карыбеков, С.А.Келдибаев, Б.Б.Кенжебаев, А.С.Кодуранова, М.Н.Койчуманов, Т.К.Конушбаев, А.И.Кулбараков, М.Э.Мавлянова, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов, А.Т.Мамашова, И.А.Маннанов, С.У.Молдалиев, Г.С.Молдобекова, Н.В.Никитенко, А.М.Нурбаев, Б.Нурдинов, С.К.Нышанов, И.Ш.Омуркулов, У.З.Ормонов, К.Б.Орозова,
К.Дж.Рыспаев, М.Э.Сабиров, У.Ч.Садиков, У.О.Самаев, А.Э.Самигуллина, Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков, Б.И.Сулейманов, А.М.Султанов, Н.О.Сыдыгалиев, Э.С.Тагаев, А.С.Токторов, Э.Т.Токтошев,
Б.Э.Торобаев, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, О.Ж.Турдумамбетов, Б.С.Турусбеков, Ч.Ч.Урумкалиева, З.Э.Шарапов.

 

 

Ишеним кат берген депутаттар: Ш.Ш.Абдыкеримов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Н.Койчумановго берилген), М.А.Аманкулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Омуркуловго берилген), С.К.Ибраев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат К.Б.Орозовага берилген), У.Б.Примов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Г.С.Молдобековага берилген).

 

Таратылган материалдар:

 

- 2020-жылдын 16-декабрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору;

- “Бонн шаарында 2009-жылдын 26-январында Энергиянын жаңылануучу булактары боюнча Эл аралык агенттиктин уюштуруу конференциясында кабыл алынган, Энергиянын жаңылануучу булактары боюнча Эл аралык агенттиктин (IRENA) Уставын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 21-майындагы № 265 токтом) үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин корутундусу;

- “Москва шаарында 2019-жылдын 22-ноябрында кол коюлган, Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында кымбат баалуу металдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 19-июнундагы № 349 токтом) үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин корутундусу;

 

- “Москва шаарында 2019-жылдын 25-октябрында кол коюлган, бир тараптан, Евразиялык экономикалык бирликтин жана ага катышкан - мамлекеттердин, башка тараптан, Сербия Республикасынын ортосундагы эркин соода жүргүзүү зонасы жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 26-майындагы № 272 токтом) үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин корутундусу;

 

- “Ашхабад шаарында 2019-жылдын 31-майында кол коюлган, музейлик иштер жаатында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан – мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 5-мартындагы № 133 токтом) экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин корутундусу;

 

- “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорологиялык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 2-февралындагы № 60 токтом) биринчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин корутундусу;

 

- “Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүжөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 18-февралындагы № 92 токтом) биринчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин корутундусу;

 

- “Үрөн өндүрүүгө мамлекеттик дотация берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 553 токтом) биринчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин корутундусу;

 

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2019-жылдын 23-сентябрындагы № 501 токтом) биринчи окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин корутундусу;

 

         - “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин чечими;

 

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – депутаттар У.З.Ормонов, С.А.Айдаров, И.Т.Гайпкулов, П.Р.Тулендыбаев, А.Л.Юсуров) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин корутундусу;

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 65 депутаты катышты.

        

 

         1. 2020-жылдын 16-декабрындагы жыйналыштын күн тартибин негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

        

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар И.Т.Гайпкулов, А.Т.Мамашова, төрагалык кылуучу, депутат А.М.Нурбаев.

        

         Депутат А.Т.Мамашованын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттерине протооколдук тапшырмалар берилди.

        

         Депутат И.Т.Гайпкуловдун сунушун эсепке алуу менен 2020-жылдын 16-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

 

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

        

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттардын добуштарын эсептөө үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.

 

         Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар Ч.Ч.Урумкалиева (КСДП), А.Т.Бердиев (“Республика – Ата-Журт”), У.Ч.Садиков (“Кыргызстан”), Н.И.Арзыбаев (“Өнүгүү – Прогресс”), Э.С.Тагаев (“Бир Бол”), Э.Т.Токтошев (“Ата Мекен”).

 

         2020-жылдын 16-декабрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

        

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 21-майындагы № 265 токтом) “Бонн шаарында 2009-жылдын 26-январында Энергиянын жаңылануучу булактары боюнча Эл аралык агенттиктин уюштуруу конференциясында кабыл алынган, Энергиянын жаңылануучу булактары боюнча Эл аралык агенттиктин (IRENA) Уставын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 19-июнундагы № 349 токтом) “Москва шаарында 2019-жылдын 22-ноябрында кол коюлган, Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында кымбат баалуу металдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 26-майындагы № 272 токтом), “Москва шаарында 2019-жылдын 25-октябрында кол коюлган, бир тараптан, Евразиялык экономикалык бирликтин жана ага мүчө – мамлекеттердин жана башка тараптан, Сербия Республикасынын ортосундагы эркин соода жүргүзүү зонасы жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 5-мартындагы № 133 токтом), “Ашхабад шаарында 2019-жылдын 31-майында кол коюлган, музейлик иштер жаатында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан – мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 5-февралындагы № 60 токтом), “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорологиялык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары У.М.Шамыркановдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Е.Г.Строкова, А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары У.М.Шамырканов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары М.К.Байгончоков, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 18-февралындагы № 92 токтом), “Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана Токой чарбасын сактоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Н.О.Козубаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана Токой чарбасын сактоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Н.О.Козубаев, депутаттар С.Ж.Исманов, А.Ж.Акматов, И.Ш.Омуркулов, У.Ч.Садиков, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аграрадык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 13-ноябрындагы № 553 токтом), “Үрөн өндүрүүгө мамлекеттик дотация берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Т.М.Токтогазиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Т.М.Токтогазиев, депутаттар М.Э.Сабиров, Э.Дж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу айылчарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо боюнча департаменттин директору Т.А.Айдаралиев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутаттар С.К.Нышанов, Б.Э.Төрөбаев, төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.Ч.Садиков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Т.М.Токтогазиев, депутаттар Б.Ж.Субанбеков, М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу айылчарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо боюнча департаменттин директору Т.А.Айдаралиев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана интенсивдүү бакчачылык бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Жумалиев, депутат А.Ж.Акматов, төрагалык кылуучу.

 

Ушулу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аграрадык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 23-сентябрындагы № 501 токтом), “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.М.Мамбеталиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы А.М.Мамбеталиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.К.Батырканов, депутаттар Н.В.Никитенко – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аратентенүү боюнча комитетинин төрагасы, Д.Д.Бекешев, А.С.Токторов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аратентенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенко.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

10. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары У.З.Ормонов, С.А.Айдаров, И.Т.Гайпкулов, П.Р.Тулендыбаев, А.Л.Юсуров демилгелеген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

12. 2020-жылдын 16-декабрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышында каттоо үчүн төрагалык кылуучу катышкан депутаттардын фамилиясын атады.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 63 депутаты катышты.

 

“Бонн шаарында 2009-жылдын 26-январында Энергиянын жаңылануучу булактары боюнча Эл аралык агенттиктин уюштуруу конференциясында кабыл алынган, Энергиянын жаңылануучу булактары боюнча Эл аралык агенттиктин (IRENA) Уставын ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Москва шаарында 2019-жылдын 22-ноябрында кол коюлган, Евразиялык экономикалык бирликтин алкагында кымбат баалуу металдар жана кымбат баалуу таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Москва шаарында 2019-жылдын 25-октябрында кол коюлган, бир тараптан, Евразиялык экономикалык бирликтин жана ага мүчө – мамлекеттердин жана башка тараптан, Сербия Республикасынын ортосундагы эркин соода жүргүзүү зонасы жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Ашхабад шаарында 2019-жылдын 31-майында кол коюлган, музейлик иштер жаатында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан – мамлекеттердин кызматташтыгы жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасындагы гидрометеорологиялык иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Үрөн өндүрүүгө мамлекеттик дотация берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды). 

 

 

13. “Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин азайтуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3477-VI токтомун аткаруунун жүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы” маселесин кароо.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Ушул маселени кароону бүткөнгө чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын ишин улантуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Р.А.Сабировдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2020-жылдын 17-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан “Ар кандай” маселелерди чыгарып салуу жөнүндө төрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.А.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Р.А.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана Токой чарбасын сактоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Э.ДЖ.Шерипов, депутат А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Э.Т.Алишеров, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызмат башкармалыгынын начальнигинин орун басары А.К.Осмонов, депутат М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары В.В.Исаева, Бишкек шаарынын вице-мэри Ж.С.Ырсалиев, Бишкек шаарынын ЖЭБинин директору А.В.Воропаев, депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу, депутаттар Е.Г.Строкова, Т.И.Икрамов, У.З.Ормонов, Э.Т.Токтошев, Н.К.Алимбеков, А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Н.Т.Усенбаев, депутаттар Ж.К.Акаев, С.А.Келдибаев, Н.Т.Тотонов, А.А.Алтынбеков, М.Э.Мавлянова, Б.Нурдинов, О.Ж.Турдумамбетов, С.Ж.Исманов, Т.У.Жоробеков, Б.С.Турусбеков, А.Т.Бердиев.

 

Каралып жаткан маселени талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Р.А.Сабиров, депутаттар М.А.Маматалиев, Б.Э.Торобаев, А.С.Токторов, М.Э.Мавлянова, О.Ж.Турдумамбетов, Б.С.Турусбеков, Б.Нурдинов, төрагалык кылуучу, депутат К.Дж.Рыспаев.

 

Депутат А.М.Нурбаевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча жана Отун - энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча жана экономикалык жана фискалдык саясат боюнча жана бюджет жана финансы боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат М.Э.Мавлянованын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча жана Отун - энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комиттерине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                            М.Бакиров