Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 22 23.12.2020-ж.

18-01-2021
13:21

    22

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

 

2020-жыл

 

 

 

2020-жылдын 23-декабры                                                     10 саат 25 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасынын орун

басары

А.К.Касымалиева 

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлчүлүгүнүн эксперти Н.Ж.Бообеков.

    

 

Жыйналышка катышып олтурган депутаттар:  А.Т.Абжалиев, С.А.Айдаров, М.А.Айнакулов, А.Ж.Акматов, Н.К.Алимбеков, А.Т.Алтыбаева, А.А.Алтынбеков, О.А.Алыбаев,  М.А.Аманкулов, А.А.Артыков, А.А.Аскарова, Г.К.Асылбаева, К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, О.М.Бакиров, Д.Д.Бекешев, А.Т.Бердиев, И.Т.Гайпкулов, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, Б.Ж.Жетигенов, К.Ж.Жолдошбаев, К.М.Жумалиев, Жунус уулу А., А.Т.Жутанов, А.Ш.Жээнбеков, Т.З.Зулпукаров, Т.И.Икрамов, Д.Ш.Исаева, У.Ч.Исмаилов, С.Ж.Исманов, А.А.Карашев, А.К.Карыбеков, Б.Б.Кенжебаев, А.С.Кодуранова, М.Н.Койчуманов, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов, А.Т.Мамашова, С.У.Молдалиев, Г.С.Молдобекова, Р.Ч.Момбеков, Н.В.Никитенко, А.М.Нурбаев, Б.Нурдинов, С.К.Нышанов, И.Ш.Өмүркулов,  У.З.Ормонов, К.Б.Орозова, У.Б.Примов, А.Э.Самигуллина,  Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков,  А.М.Султанов, Н.О.Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Э.С.Тагаев, Ө.Ч.Текебаев, А.С.Токторов, Б.Э.Төрөбаев, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, О.Ж.Турдумамбетов, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, Ч.Ч.Урумкалиева, З.Э.Шарапов, А.Л.Юсуров.

 

Ишеним кат берген депутаттар:  М.А.Аманкулов  (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген), А.АА.Арапбаев   (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат К.Ж.Рыспаевге берилген), Ж.А.Мусабекова (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат  А.А.Карашевге берилген),  У.Ч.Садиков (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.К.Алимбековго берилген).

 

 

Таратылган материалдар:

 

 

-2020-жылдын 23-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору;

 

-“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 499 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  үчүнчү  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

-“2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 17-мартындагы № 161 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  үчүнчү  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

 

- “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 7-майындагы № 236 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  үчүнчү  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

 

-“2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 2-майындагы № 231 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  үчүнчү  окууга  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

- “2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 13-августундагы № 418 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

 

-“2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жѳнүндѳ” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 24-августундагы № 432 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

 

 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 9-декабрындагы № 672 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

 

-“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын  27-июлундагы № 399 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

 

-“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салык кодекске, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республиккасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 10-июнундагы № 324 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

 

-“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү тууралуу” (демилгечилер – депутаттар Бекешев Д.Д., Жапаров А.У., Масабиров Т.А., Райымкулов Б.К., Самигуллина А.Э., Тулендыбаев П.Р., Турусбеков Б.С) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин   корутундусу;  

 

 

 

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 4-июнундагы № 298 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  биринчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

-“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргвыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 19-мартындагы № 171 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  биринчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

            -«Экономикалык амнистия маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (демилгечи-депутаттар Бакиров О.М., Маматалиев М.А., Асылбаева Г.К., Айдаров С.А., Жапаров А.У.) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

-"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө” 2019-жылдын 23-октябрындагы №3298- VI  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 71 депутаты катышып олтурат.

 

 

1. 2020-жылдын 23-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- жок, бардыгы 71 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Г.К.Асылбаева, Э.С.Тагаев, төрагалык кылуучу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары М.И.Бакировдун өз ыйгарым укугун тапшыруу жөнүндөгү арызы.

 

 

2020-жылдын 23-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутаттар Г.К.Асылбаева, Э.С.Тагаевдин сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- жок, бардыгы 71 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: Төрагалык кылуучу депутаттардын добушун саноо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө чыгып сүйлөдү.

 

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар С.М.Джураев (КСДП), А.Т.Бердиев  («Республика - Ата-Журт»),
Б.Нурдинов («Кыргызстан»),  О.Ж.Турдумамбетов («Өнүгүү-Прогресс»),
Э.С. Тагаев («Бир Бол»),  Э.Т.Токтошев («Ата Мекен»).

 

 

 

2020-жылдын 23-декабрына добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш  берүүнү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- жок, бардыгы 71 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” (2020-жылдын 22-сентябрындагы № 499 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

3. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2020-жылдын 17-мартындагы  № 161 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

4. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө” (2020-жылдын 7-майындагы  № 236 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

5.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2020-жылдын 2-майындагы  № 231 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

6.  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген   “2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” (2020-жылдын 13-августундагы  № 418 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи  окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген   “2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жѳнүндѳ” (2020-жылдын 24-августундагы  № 432 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи  окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат У.Т.Кыдыралиев,  Кыргыз Республикасынын  Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Н.Б.Кедеев.

 

 

8. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген   “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 9-декабрындагы № 672 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин  төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Нурдинов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Дж.Аширходжаев, депутат Ч.Ч.Урумкалиева,  Кыргыз Республиткасынын ички иштер министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жана коомдук түзүмдөр менен байланыш жана улуттар аралык жаңжалдар боюнча Башкармалыгынын начальниги У.Б.Балагазыев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат У.З.Ормонов, төрагалык кылуучу.

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары О.М.Бакиров,  М.А.Маматалиев,  Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров,  А.У.Жапаров  тарабынан демилгеленген «Экономикалык амнистия маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин    төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын  сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Г.К.Асылбаева– демилгечи, У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.С.Алиев,  депутат А.М.Нурбаев, төрагалык кылуучу,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Ж.А.Султанов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары  Э.Дж.Аширходжаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары М.Ж.Жалгасынов, депутаттар Н.В.Никитенко, У.Т.Кыдыралиев, С.К.Ибраев, А.А.Карашев,  А.Т.Алтыбаева,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Карагулова, депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин    төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын  сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Н.В.Никитенко.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 9-декабрындагы №672 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи  окууда кароонун уландысы.  

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары С.Н.Токтоболотов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары  Э.Дж.Аширходжаев, депутат Г.К.Асылбаева,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, төрагалык кылуучу, депутаттар  Д.Д.Бекешев,  У.З.Ормонов, Б.С.Турусбеков,  Ч.Ч.Урумкалиева.

 

Чыгып сүйлөдү:  төрагалык кылуучу.

 

Мыйзам долбоорлорун карап бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин улантууну жана жыйналыштын күн тартиби боюнча добуш берүүгө өтүү жөнүндө  добуш  берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- жок, бардыгы 71 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары С.Н.Токтоболотов, депутат А.Т.Мамашова,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары  Э.Дж.Аширходжаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жана коомдук түзүмдөр менен байланыш жана улуттар аралык жаңжалдар боюнча Башкармалыгынын начальниги У.Б.Балагазыев,   төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи  окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин    төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат С.А.Айдаров, төрагалык кылуучу.

 

 

10. 2020-жылдын 23-декабрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

Төрагалык кылуучу каттоо  үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына катышып олтурган депутаттардын фамилияларын атады.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 73 депутаты катышып олтурат.

 

Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” (2020-жылдын 22-сентябрындагы № 499 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы- жок, бардыгы 73 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 29-майында Нур-Султан шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келген товарларды байкоого алуу механизми жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы- жок, бардыгы 73 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы- жок, бардыгы 73 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы аркылуу кооптуу калдыктарды трансчек аралык өткөрүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы- жок, бардыгы 73 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

“2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы- жок, бардыгы 73 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы- жок, бардыгы 73 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- 1 (депутат Бекешев Д.Д.),   бардыгы 73 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Экономикалык амнистия маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- 3 (депутаттар Бекешев Д.Д.,   Мамашова А.Т., Никитенко Н.В.), бардыгы 73 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Экономикалык амнистия маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- 3 (депутаттар Бекешев Д.Д.,   Мамашова А.Т., Никитенко Н.В.), бардыгы 73 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” (2020-жылдагы 27-июлундагы № 399 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Ушул мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин    төрагасы С.А.Айдаровдун  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" (2020-жылдын 10-июнундагы № 324 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи  окууда жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу депутат С.А.Айдаровдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы- жок, бардыгы 73 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, А.У.Жапаров, Т.А.Масабиров, Б.К.Райымкулов, А.Э.Самигуллина, П.Р.Тулендыбаев, Б.С.Турусбеков тарабынан демилгеленген «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин    төрагасы С.А.Айдаровдун  сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.Э.Мавлянова,  Д.Д. Бекешев– демилгечи, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Н.А.Байзакова,  Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Б.И.Жангазиев, депутаттар А.А.Аскарова, А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлчүлүгүнүн эксперти Н.Ж.Бообеков.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин    төрагасы С.А.Айдаровдун  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды

 

 

13.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 4-июнундагы №298 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары М.К.Есеналиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин    төрагасы С.А.Айдаровдун  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

14.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 19-мартындагы №171 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.С.Алиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда четке кагуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин    төрагасы С.А.Айдаровдун  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда четке кагууга добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

15.  "Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө” 2019-жылдын 23-октябрындагы №3298- VI  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөсү-депутат Э.С.Тагаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 70 депутаты катышып олтурат.

 

 

"Кесиптик бирликтер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө” 2019-жылдын 23-октябрындагы №3298- VI  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- жок, бардыгы 70 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                                           А.Касымалиева