Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 23 24.12.2020-ж.

18-01-2021
13:23

      23

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-ЖЫЛ

 

 

 

2020-жылдын 24-декабры                                       10 саат 35 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

        

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын                                                                  Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

 

Касымалиева А.К.

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн оруну басары И.Ж.Мойдинов.

 

Жыйналышка катышкан депутаттар: А.Т.Абжалиев, С.А.Айдаров, А.Ж.Акматов, А.Т.Алтыбаева, О.А.Алыбаев, М.А.Аманкулов, А.А.Артыков, А.ААскарова, Г.К.Асылбаева, Э.Дж.Байбакпаев, К.Ш.Баймуратов, О.М.Бакиров, Д.Д.Бекешев, А.Т.Бердиев, А.К.Бешимбаева, И.Т.Гайпкулов, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, К.Ж.Жолдошбаев, Т.У.Жоробеков, К.М.Жумалиев, А.Т.Жутанов, А.Ш.Жээнбеков, Т.З.Зулпукаров, С.К.Ибраев, Т.И.Икрамов, Д.Ш.Исаева, У.Ч.Исмаилов, С.Ж.Исманов, А.А.Карашев, Н.Т.Каримов, А.К.Карыбеков, С.А.Келдибаев, Б.Б.Кенжебаев, М.Н.Койчуманов, Т.К.Конушбаев, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов, А.Т.Мамашова, С.У.Молдалиев, Г.С.Молдобекова, Н.В.Никитенко, Б.Нурдинов, С.К.Нышанов, У.З.Ормонов, А.Ш.Осмонова, Б.К.Райымкулов, З.К.Рысалиев, К.Дж.Рыспаев, М.Э.Сабиров, У.О.Самаев, А.Э.Самигуллина, Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков, Н.О.Сыдыгалиев, Э.С.Тагаев, А.С.Токторов, Э.Т.Токтошев, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, О.Ж.Турдумамбетов, Б.С.Турусбеков, Ч.Ч.Урумкалиева, З.Э.Шарапов, А.Л.Юсуров.

 

 

Ишеним кат берген депутаттар: М.А.Аманкулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген), А.А.Арапбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат К.Дж.Рыспаевге берилген), М.К.Жеенчороев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Э.Сабировго берилген), Б.Ж.Жетигенов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.А.Карашевге берилген), И.А.Пирматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.С.Турусбековго берилген), У.Ч.Садиков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.Б.Кенжебаевге усбековго берилген).

 

Таратылган материалдар:

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын
24-декабрындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоору;

 

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын
20-июлундагы № 389 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин экинчи окуда корутундусу;

 

- “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 5-февралындагы № 63 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин экинчи окуда корутундусу;

 

- “Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекстерине дал келирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 28-июлундагы № 401 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жана социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттеринин биринчи окууда корутундусу;

 

- “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө маселени кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин чечими.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 63 депутаты катышты.

 

1. 2020-жылдын 24-декабрындагы жыйналыштын күн тартинин долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутатУ.З.Ормонов.

Депутат У.З. Ормоновдун сунушун эске алуу менен 2020-жылдын 24-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттардын добуштарын эсептөө үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги тууралуу төрагалык кылуучу.

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар Ч.Ч.Урумкалиева (КСДП), А.Т.Бердиев (“Республика – Ата-Журт”), Б.Нурдинов (“Кыргызстан”), У.Ч.Исмаилов (“Өнүгүү-Прогресс”), Э.С.Тагаев (“Бир Бол”), Э.Т.Токтошев (“Ата Мекен”).

 

2020-жылдын 24-декабрында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

2. Ар кандай.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар С.К.Нышанов, Б.Нурдинов, Д.Д.Бекешев, М.Э.Сабиров, М.А.Маматалиев, С.Ж.Исманов, У.Т.Кыдыралиев, А.Ж.Акматов, Э.С.Тагаев, Б.С.Турусбеков, Е.Г.Строкова, А.Т.Алтыбаева, Т.У.Жоробеков, Ч.Ч.Урумкалиева, С.К.Ибраев, К.М.Жумалиев, А.Т.Бердиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, депутат З.К.Рысалиев, төрагалык кылуучу.

 

Ага 10 мүнөт убакытка чейин чыгып сүйлөө мүмкүндүгүн берүү тууралуу депутат З.К.Рысалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.К.Рысалиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 20-июлундагы № 389 токтом) “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Б.Нурдинов, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.С.Алиев, депутаттар Д.Д.Бекешев – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, С.К.Ибраев, А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Карагулова.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 5-февралындагы № 63 токтом) “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. “Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекстерине дал келирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (2020-жылдын 28-июлундагы № 401 токтом) биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.С.Алиевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдунов, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.С.Алиев, депутаттар Т.К.Конушбаев, Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагасылык кылуучу.

 

7. 2020-жылдын 23-24-декабрында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 63 депутаты катышты.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 27-июлундагы № 399 токтом) “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаров.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Атаандаштык жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда четке кагуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды).

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 20-июлундагы № 389 токтом) “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекстерине дал келирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (2020-жылдын 28-июлундагы № 401 токтом) биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

8. «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы жөнүндө» маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Мамашова, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Уюштурулган камсыздоо жана ченемдик укуктук актларды экспертизациялоо башкармалыгынын улук прокурору А.Ш.Шукурбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри А.К.Солтонбекова, депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы И.И.Гилязетдинов, төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын күн тартиби боюнча добуш берүү жол-жоболору жана каралып жаткан маселелер бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – жок, бардыгы 63 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат О.Ж.Турдумамбетов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары О.Ж.Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри А.К.Солтонбекова, депутат А.А.Аскаров, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева, депутаттар М.Э.Мавлянова, А.К.Бешимбаева, Г.К.Асылбаева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Уюштурулган камсыздоо жана ченемдик укуктук актларды экспертизациялоо башкармалыгынын улук прокурору А.Ш.Шукурбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы И.И.Гилязетдинов, депутаттар Б.С.Турусбеков, А.А.Карашев, Н.В.Никитенко – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын начальниги С.А.Аманкулов, депутаттар С.Ж.Исманов, М.Э.Сабиров, А.Т.Мамашова, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын начальниги С.Т.Айткурманов, депутаттар Т.У.Жоробеков, С.К.Ибраев, төрагалык кылуучу.

 

“Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат А.Т.Мамашова.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 67 депутаты катышты.

 

Депутаттардын сунуштарын эске алуу менен “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – жок, бардыгы 67 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ырастамасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ырастамасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – жок, бардыгы 67 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды. (Токтом долбоору кабыл алынды).

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат С.К.Ибраев.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө депутат С.К.Ибраевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – жок, бардыгы 67 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Г.К.Асылбаева, төрагалык кылуучу.

 

10. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – 2, бардыгы 67 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Сөз сүйлөдү: депутат Н.В.Никитенко, төрагалык кылуучу.

 

         Депутат Н.В.Никитенконун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

Сөз сөйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төраганын орун басары                                         А.Касымалиева