Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 25 20.01.2021-ж.

24-03-2021
15:54

25

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

 

2020-2021-жылдар

 

 

 

2021-жылдын 20-январы                                                     10 саат 15 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасынын орун

басары

А.К.Касымалиева 

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлчүлүгүнүн эксперти Н.Ж.Бообеков.

    

 

Жыйналышка катышып олтурган депутаттар: А.Т.Абжалиев, Н.А.Айдаров, С.А.Айдаров, М.А.Айнакулов, Н.К.Алимбеков, А.Т.Алтыбаева, А.А.Алтынбеков, О.А.Алыбаев,  М.А.Аманкулов, С.С.Анарбаев, Н.И.Арзыбаев,  А.А.Артыков, А.А.Аскарова, Г.К.Асылбаева, Э.Дж.Байбакпаев,  К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, О.М.Бакиров, Дж.А.Бакчиев, Д.Д.Бекешев, А.Т.Бердиев, А.К.Бешимбаева, К.С.Бокоев, Д.А.Джумабеков, И.Т.Гайпкулов, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, Б.Ж.Жетигенов, К.Ж.Жолдошбаев, Т.У.Жоробеков, К.М.Жумалиев, А.Т.Жутанов, А.Ш.Жээнбеков, Т.З.Зулпукаров, С.К.Ибраев, А.А.Карашев, Н.Т.Каримов, А.К.Карыбеков, К.К.Керезбеков, А.С.Кодуранова,  М.Н.Койчуманов, Т.К.Конушбаев, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.Г.Мадеминов, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов, И.А.Маннанов, А.Т.Мамашова, С.У.Молдалиев, Г.С.Молдобекова, Ж.А.Мусабекова, Н.В.Никитенко, А.М.Нурбаев, Б.Нурдинов, С.К.Нышанов, И.Ш.Өмүркулов, У.З.Ормонов, К.Б.Орозова, А.Ш.Осмонова, У.Б.Примов, Б.К.Райымкулов, З.К.Рысалиев, К.Дж.Рыспаев, У.Ч.Садиков, У.О.Самаев, А.Э.Самигуллина,  Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков,  А.Т.Сулайманов,  А.М.Султанов, Н.О.Сыдыгалиев,  Н.М.Сырдыбаев, Э.С.Тагаев, Т.Г.Тиллаев, А.С.Токторов, Э.Т.Токтошев, Б.Э.Төрөбаев, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, Р.М.Туманбаева, О.Ж.Турдумамбетов, А.А.Турсунбаев, Б.С.Турусбеков, Ч.Ч.Урумкалиева, А.Л.Юсуров.

 

Ишеним кат берген депутат:   М.А. Аманкулов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат И.Ш.Өмүркуловго  берилген), А.А.Арапбаев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат К.К.Керезбековго  берилген), К.К.Иманалиев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.О.Сыдыгалиевге  берилген), У.Ч.Исмаилов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат  О.Ж.Турдумамбетовго берилген), С.Ж.Исманов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Б.К.Райымкуловго берилген),  Б.Э.Төрөбаев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат О.Ж.Турдумамбетовго берилген), М.Б.Эгембердиев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Б.Ж.Жетигеновго берилген).

 

Таратылган материалдар:

 

-2021-жылдын 21-январындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору;

 

           

-“2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 13-августундагы № 418 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  үчүнчү  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин  корутундусу; 

 

 

-“2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жѳнүндѳ” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 24-августундагы № 432 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин  корутундусу; 

 

 

 - “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2019-жылдын 9-декабрындагы №672 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  үчүнчү  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

            -“Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – депутат Пирматов И.А.) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

-“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 4-июнундагы № 298 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

-“Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 28-июлундагы № 401 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

- “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 5-февралындагы № 60 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

-“2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 30-июлундагы № 404 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  биринчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

-“2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”  (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 14-сентябрындагы № 485 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  биринчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

-“Чек ара районунда аскердик тармакта ишенимди чыӊдоо жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги макулдашууну жана Чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1997-жылдын 24-апрелиндеги макулдашууну аткаруу боюнча өз ара аракеттенүү принциптери жана тартиби тууралуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында түзүлгөн протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу”   (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 16-декабрындагы № 611 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  биринчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

-“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 30-октябрындагы № 531 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

 

-“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 30-октябрындагы № 532 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

 

            -«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү тууралуу  2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI (депутаттар С.Ж.Исманов жана  А.Т.Бердиев жөнүндө)» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин   чечими; 

 

 

 

            -«Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайра кайтарылган «Жазык мыйзамдары чөйрөсүнөгү айрым  мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын макулдашылган  вариантын иштеп  үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4185-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин   чечими; 

 

 

           

-Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын чечимине ылайык, «Осмоналиев Камил Турдубековичти   Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

           

 

-Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайлоо үчүн  Назаров Дамирбек Дүйшөевичтин талапкерлиги  боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин   корутундусу. 

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 68 депутаты катышып олтурат.

 

 

1. 2021-жылдын 20-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар У.З.Ормонов, Н.В.Никитенко, Ж.К.Турускулов, М.И.Бакиров,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков.

 

 

 

 

 

2021-жылдын 20-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутаттар  Н.В.Никитенко, Ж.К.Турускулов, М.И. Бакиров жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыковдун сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Төрагалык кылуучу депутаттардын добушун саноо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө чыгып сүйлөдү.

 

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар С.М.Джураев (КСДП), А.К.Карыбеков («Республика - Ата-Журт»), С.С.Анарбаев («Кыргызстан»), Н.И.Арзыбаев («Өнүгүү-Прогресс»), Э.С.Тагаев («Бир Бол»),  Н.В.Никитенко («Ата Мекен»).

 

 

 

2021-жылдын 20-январына добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш  берүүнү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. Кырыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” (2020-жылдын 13-августундагы № 418 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  үчүнчү  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.  

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жѳнүндѳ» (2020-жылдын 24-августундагы № 432 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  үчүнчү  окууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.  

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат У.Т.Кыдыралиев,  Кыргыз Республикасынын коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Н.Б.Кедеев.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.  

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 9-декабрындагы № 672 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  үчүнчү  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.  

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Нурдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары С.Н.Токтоболотов, депутат Ч.Ч.Урумкалиева, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары  О.Ж.Урмамбетов,  Н.В.Никитенко- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, төрагалык кылуучу, депутаттар У.З.Ормонов, А.У.Жапаров.

 

Депутат А.Ү.Жапаровдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча, Бюджет жана финансы жана Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди. 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетине экинчи окууга кайтаруу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

Чыгып сүйлөштү: депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, депутат Д.Д.Бекешев.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген “Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  экинчи  окууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.  

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Нурдинов, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын эл аралык аскердик кызматташтыгы башкармалыгынын ар тараптуу кызматташуулар жана верификация бөлүмүнүн начальниги К.Р.Кошонов,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары  О.Ж.Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары  Т.К.Ишеналиев, Кыргыз Республикасынын  эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри А.К.Солтонбекова, депутаттар А.А.Аскарова, А.Т.Алтыбаева,  Д.Д.Бекешев, Т.У.Жоробеков,  төрагалык кылуучу, Н.В.Никитенко- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.  

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Т.Бердиев, төрагалык кылуучу.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 4-июнундагы №298 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  экинчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 28-июлундагы №401 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  экинчи  окууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин  төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 5-февралындагы №60 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  экинчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.  

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев,  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу  гидрометеорология боюнча агенттигинин директорунун орун басары Асанбай кызы М, депутат А.С.Токторов.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.  

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” (2020-жылдын 30-июлундагы № 404 токтому) Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Б.С.Алиевдин сүйлөгөн сөзү. 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Б.С.Алиев, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Б.С.Турусбеков,  Э.Дж.Байбакпаев,  М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.М.Мадмаров. 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”  (2020-жылдын 14-сентябрындагы № 485 токтому) Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.М.Мадмаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары А.М.Мадмаров, депутаттар Э.Дж.Байбакпаев,  А.А.Карашев,  Д.Д.Бекешев.

 

Депутат Б.С.Турусбековдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

11.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Чек ара районунда аскердик тармакта ишенимди чыӊдоо жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги макулдашууну жана Чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1997-жылдын 24-апрелиндеги макулдашууну аткаруу боюнча өз ара аракеттенүү принциптери жана тартиби тууралуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында түзүлгөн протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу”  (2020-жылдын 16-декабрындагы №611 токтому) Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Н.Б.Кедеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Н.Б.Кедеев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлчүлүгүнүн эксперти Н.Ж.Бообеков.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.  

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

 

12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” (2020-жылдын 30-октябрындагы № 531 токтому) Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин   төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этника аралык байланыштар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору  Б.У.Салиев,  депутаттар Э.Дж. Байбакпаев, А.Ш.Осмонова, Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат Э.Дж.Байбакпаевдин сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча жана Агрардык саясат, суу ресурстары, эколоия жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорлорун карап бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин улантууну жана жыйналыштын күн тартиби боюнча добуш берүүгө өтүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат С.К.Нышанов, төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат С.К.Нышановдун «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Арзыбаев Мукаш Кадыровичтин ант берүүсү»  маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” (2020-жылдын 30-октябрындагы № 531 токтому) Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароонун уландысы.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.А.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жана этника аралык байланыштар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору  Б.У.Салиев,  депутаттар Т.У.Жоробеков, У.Т.Кыдыралиев, Б.С.Турусбеков, У.Ч.Садиков, А.Ш.Осмонова.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин   төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат К.Ш.Баймуратов,  төрагалык кылуучу.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” (2020-жылдын 30-октябрындагы № 532 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долборун экинчи окууда кароо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз  алдынча башкаруу  жана этника аралык байланыштар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору  Б.У.Салиев,  депутаттар М.А.Маматалиев, А.Ш.Осмонова, Б.Нурдинов.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө,  эгерде бардык парламенттик фракциялардын оң чечими болсо экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин   төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун  добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.       

 

14. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү тууралуу 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI (депутаттар С.Ж.Исманов жана  А.Т.Бердиев жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киризүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны  кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар,  мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин   төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун  добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

15. «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайра кайтарылган «Жазык мыйзамдары чөйрөсүнөгү айрым  мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын макулдашылган  вариантын иштеп  үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 25-ноябрындагы №4185-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны  кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү. 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун  добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.         

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

16. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  алдында  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору М.К.Арзыбаевдин ант берүүсү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

17. «Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытовдун «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайлоо үчүн  Назаров Дамирбек Дүйшөевичтин талапкерлигин сунуштоо жөнүндө» жана   «Осмоналиев Камил Турдубековичти   Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетүү  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытовдун  сунушу жөнүндө» маселелерди кароо.          

 

 

Сунуш кылынган маселелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына талапкер Д.Д.Назаров.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо үчүн   эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө чыгып сүйлөдү.

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар О.М.Бакиров, С.К.Ибраев, И.А.Маннанов, С.У.Молдалиев (КСДП), А.Т.Бердиев, Т.У.Жоробеков, П.Р.Тулендыбаев («Республика - Ата-Журт»), М.Н.Койчуманов, У.Ч.Садиков («Кыргызстан»), Н.И.Арзыбаев («Өнүгүү-Прогресс»), Э.С. Тагаев («Бир Бол»),  Э.Т. Токтошев («Ата Мекен»).

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо боюнча бюллетень колдонуу менен жашыруун добуш өткөрүү үчүн убактылуу  эсептөө комиссиясын түзүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Чыгып сүйлөдү:төрагалык кылуучу.

 

 

 

18. 2021-жылдын 20-январында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш беүү.

 

Төрагалык кылуучу каттоо  үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына катышып олтурган депутаттардын фамилияларын атады.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 82 депутаты катышып олтурат.

 

“2020-жылдын 3-февралында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлигинин товардык белгилери, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

“2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган, 2007-жылдын 27-июнундагы Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы макулдашууга толуктоо киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

“Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

 “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“2015-жылдын 8-майында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

“2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Чек ара районунда аскердик тармакта ишенимди чыӊдоо жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги макулдашууну жана Чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1997-жылдын 24-апрелиндеги макулдашууну аткаруу боюнча өз ара аракеттенүү принциптери жана тартиби тууралуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында түзүлгөн протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу”   Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

-“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Базар-Коргон шаарын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү тууралуу 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI (депутаттар С.Ж.Исманов жана  А.Т.Бердиев жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун  долбоорун кабыл алуу  жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайра кайтарылган «Жазык мыйзамдары чөйрөсүнөгү айрым  мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын макулдашылган  вариантын иштеп  үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2020-жылдын 25-ноябрындагы № 4185-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун  долбоорун кабыл алуу  жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

«К.Т.Осмоналиевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетүү  жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун  долбоорун кабыл алуу  жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына шайлоо үчүн  Назаров Дамирбек Дүйшөевичтин талапкерлиги  боюнча   Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Мамытовдун сунуштамасы жөнүндө»  маселени кароонун уландысы.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо боюнча  бюллетень колдонуу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн өз ара милдеттерин бөлүштүрүү жана бюллетень формалары (протокол № 1) жана (протокол № 2) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы депутат Т.У.Жоробековдун  («Республика - Ата-Журт») сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

         Саат 14.07  – 14.25ке  чейин бюллетень колдонуу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүлдү.

 

        

         Саат14.28  – 14.35ке чейин добуштарды саноо жүргүзүлдү.  

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо үчүн  (протокол № 3) эсептөө комиссиясынын төрагасы депутат Т.У.Жоробековдун  («Республика - Ата-Журт») сүйлөгөн сөзү.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына Д.Д.Назаровду шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча макул  -92, каршы-1  добуш берилди.

 

 

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Д.Д.Назаров Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы болуп шайланды.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №1 протоколун бекитүү тууралуу  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №2 протоколун бекитүү тууралуу  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын №3 протоколун бекитүү тууралуу  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясын шайлоо тууралуу  (Д.Д.Назаров жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

            19. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Д.Д.Назаровдун ант берүүсү. 

 

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы  болуп шайланган Д.Д.Назаров.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төраганын орун басары                                                                      А. Касымалиева