Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 26 21.01.2021-ж.

24-03-2021
15:55

26

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-2021-ЖЫЛДАР

 

 

 

2021-жылдын 21-январы                                         10 саат 25 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

        

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын                                                                  Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

 

А.К.Касымалиева

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнүн эксперти Н.Ж.Бообеков.

Жыйналышка катышкан депутаттар: А.Т. Абжалиев, М.А.Айнакулов, Н.К.Алимбеков, А.Т.Алтыбаева, А.А.Алтынбеков, О.А.Алыбаев, М.А.Аманкулов, С.С.Анарбаев, Н.И.Арзыбаев, А.А.Артыков, А.А.Аскарова, Г.К.Асылбаева, К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, О.М.Бакиров, Д.Д.Бекешев, А.Т.Бердиев, А.К.Бешимбаева, К.С.Бокоев, И.Т.Гайпкулов, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, Т.У.Жоробеков, А.Ш.Жээнбеков, Т.З.Зулпукаров, С.К.Ибраев, Д.Ш.Исаева, С.Ж.Исманов, А.А.Карашев, Н.Т.Каримов, К.К.Керезбеков, М.Н.Койчуманов, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.Г.Мадеминов, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов, И.И.Матраимов, С.У.Молдалиев, Г.С.Молдобекова, Н.В.Никитенко, Б.Нурдинов, С.К.Нышанов, И.Ш.Омуркулов, У.З.Ормонов, К.Б.Орозова, А.Ш.Осмонова, У.Б.Примов, З.К.Рысалиев, К.Дж.Рыспаев, У.Ч.Садиков, У.О.Самаев, А.Э.Самигуллина, Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков, А.Т.Сулайманов, Н.О.Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Э.С.Тагаев, А.С.Токторов, Э.Т.Токтошев, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, Р.М.Туманбаева, О.Ж.Турдумамбетов, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, Ч.Ч.Урумкалиева.

 

 

Ишеним кат берген депутаттар: А.А.Арапбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат К.К.Керезбековго берилген), С.Ж.Исманов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.К.Райымкуловго берилген), К.Б.Орозова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.М.Нурбаевге берилген).

 

Таратылган материалдар:

 

- 2021-жылдын 21-январына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору;

- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” (демилгечилер – депутаттар Д.Д.Бекешев, А.У.Жапаров, Т.А.Масабиров, Б.К.Райымкулов, А.Э.Самигуллина, П.Р.Тулендыбаев, Б.С.Турусбеков) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин үчүнчү окууда корутундусу;

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 27-июлундагы № 399 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин үчүнчү окууда корутундусу;

- “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 20-июлундагы № 389 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин үчүнчү окууда корутундусу;

- “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 5-февралындагы № 63 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин үчүнчү окууда корутундусу;

- “2019-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 10-июнундагы № 322 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин үчүнчү окууда корутундусу;

- “2019-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетипнин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 10-июнундагы № 321 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин үчүнчү окууда корутундусу;

- “2019-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 19-июнундагы № 345 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин экинчи окууда корутундусу;

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (демилгечилер – депутаттар Г.К.Асылбаева, Б.У.Сыдыков, С.А.Айдаров, А.А.Турсунбаев, Д.Д.Бекешев, Т.Г.Тиллаев, А.Т.Абжалиев, А.Ш.Жээнбеков) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин экинчи окууда корутундусу;

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 62 депутаты катышты.

 

1. 2021-жылдын 21-январына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөс сүйлөдү: депутат Б.Нурдинов.

 

2021-жылдын 21-январына жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттардын добуштарын эсептөө үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар С.М.Джураев (КСДП), А.Т.Бердиев (“Республика – Ата-Журт”), Б.Нурдинов (“Кыргызстан”), Н.И.Арзыбаев (“Өнүгүү – Прогресс”), Э.С.Тагаев (“Бир Бол”), Э.Т.Токтошев (“Ата Мекен”).

 

2021-жылдын 21-январында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

2. Ар кандай.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.У.Жоробеков, У.З.Ормонов, П.Р.Тулендыбаев, Р.М.Туманбаева, М.А.Маматалиев, А.Т.Алтыбаева, О.Ж.Турдумамбетов, К.Дж.Рыспаев, У.Т.Кыдыралиев, Д.Д.Бекешев, Б.Нурдинов, У.Ч.Садиков, С.Ж.Исманов, А.Ш.Осмонова.

 

Депутат У.З.Ормоновдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат А.Ш.Осмонованын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча жана Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

         Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Н.И.Арзыбаев, Б.С.Турусбеков, А.К.Бешимбаева, Ч.Ч.Урумкалиева, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, А.У.Жапаров, Т.А.Масабиров, Б.К.Райымкулов, А.Э.Самигуллина, П.Р.Тулендыбаев, Б.С.Турусбеков демилгелеген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 27-июлундагы № 399 токтом) “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 20-июлундагы № 389 токтом) “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.С.Алиев, депутаттар Д.Д.Бекешев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Карагулова.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 5-февралындагы № 63 токтом) “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Карагулова, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Б.С.Алиев, депутаттар Д.Д.Бекешев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, Б.С.Турусбеков.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Д.Д.Бекешевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 10-июнундагы № 322 токтом) “2019-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошев.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын биринчи орун басары Г.М.Джуматаеванын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри А.С.Бейшеналиев, төрагалык кылуучу, депутат А.У.Жапаров, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева, депутат А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары А.М.Калыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К.Боронбаева.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын күн тартибиндеги мыйзам долбоорлорун кароо жана добуш берүү жол-жобосун аяктоо бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин улантуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – жок, бардыгы 62 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат С.Ж.Исманов, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри А.С.Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева, депутаттар Е.Г.Строкова, А.А.Аскарова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Э.К.Боронбаева, депутаттар А.Т.Алтыбаева, А.У.Жапаров, А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, депутаттар Н.Т.Тотонов, Б.Нурдинов, А.Ш.Осмонова, Б.С.Турусбеков, К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары И.Э.Асылкулов, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары Э.С.Нурдинов, депутат О.М.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору А.С.Султанкулов, депутат А.С.Токторов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорлорун талкуулоо.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Алтыбаева.

 

Сөз сүйлөдү: депутат П.Р.Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри А.С.Бейшеналиев, депутаттар У.О.Самаев, С.К.Нышанов.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 19-июнундагы № 345 токтом) “2019-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат И.Ш.Омуркулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары И.Б.Медетов, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары З.К.Мамытов, Кыргыз Республикасынын финансы министри К.Г.Мукашев, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору А.Т.Байгазаков, депутаттар М.И.Бакиров, Б.Нурдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Э.Р.Мамбетжунушев, депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш, депутаттар М.Э.Мавлянова, А.А.Аскарова, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары А.Ш.Алыбаев, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Э.Ж.Сурабалдиева, депутаттар У.З.Ормонов, А.Ш.Осмонова, К.С.Бокоев, А.Т.Алтыбаева, С.М.Джураев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы С.Н.Борубаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, Б.У.Сыдыков, С.А.Айдаров, А.А.Турсунбаев, Д.Д.Бекешев, Т.Г.Тиллаев, А.Т.Абжалиев, А.Ш.Жээнбеков демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар У.З.Ормонов, Г.К.Асылбаева – демилгечилердин бири, А.С.Токторов, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар У.З.Ормонов, Г.К.Асылбаева, төрагалык кылуучу.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

         Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                А.Касымалиева