Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 28 03.02.2021-ж.

24-03-2021
15:57

28

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

 

2020-2021-жылдар

 

 

 

2021-жылдын 3-февралы                                                     10 саат 20 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасы

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Марипов,  Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна талапкер А.Э.Новиков, Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри- экономика жана финансы министри кызмат ордуна  талапкер У.Т.Кармышаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министри кызмат ордуна талапкер Ж.А.Асанкулов, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин кызмат ордуна талапкер Р.А.Казакбаев,  Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна талапкер А.Р.Чынбаева, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкер А.С.Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна талапкер А.Б.Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна талапкер К.О.Иманалиев, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна талапкер Б.Э.Ажикеев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин кызмат ордуна талапкер У.О.Ниязбеков,  Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш  жана коммуникация министринин кызмат ордуна талапкер Г.Б.Абдралиева, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин кызмат ордуна талапкер К.А.Турдубаев, Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү  министринин кызмат ордуна талапкер А.С.Жаныбеков,  Кыргыз Республикасынын коргоо министринин кызмат ордуна талапкер Т.Б.Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын  кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиев.

 

Жыйналышка катышып олтурган депутаттар:  Н.А.Айдаров, М.А.Айнакулов, Ж.К.Акаев, Н.К.Алимбеков, А.Т.Алтыбаева, А.А.Алтынбеков, О.А.Алыбаев, М.А.Аманкулов, С.С.Анарбаев, А.А.Арапбаев, Н.И.Арзыбаев,  А.А.Артыков, А.А.Аскарова, Г.К.Асылбаева, Д.Б.Аттокуров, Э.Дж.Байбакпаев,  К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, О.М.Бакиров, Д.Д.Бекешев, А.Т.Бердиев, А.К.Бешимбаева, К.С.Бокоев, И.Т.Гайпкулов, Д.А.Джумабеков, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, М.К.Жеенчороев, К.Ж.Жолдошбаев, Т.У.Жоробеков, К.М.Жумалиев, А.Ш.Жээнбеков, Т.З.Зулпукаров, С.К.Ибраев, Т.И.Икрамов, К.К.Иманалиев, К.К.Исаев, Д.Ш.Исаева, У.Ч.Исмаилов, С.Ж.Исманов, А.А.Карашев, Н.Т.Каримов, А.К.Карыбеков, А.К.Касымалиева, С.А.Келдибаев, Б.Б.Кенжебаев, К.К.Керезбеков, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов,  А.Т.Мамашова, И.А.Маннанов, С.У.Молдалиев, Г.С.Молдобекова, Р.Ч.Момбеков, Ж.А.Мусабекова, Н.В.Никитенко, А.М.Нурбаев, Б.Нурдинов, С.К.Нышанов, И.Ш.Өмүркулов, У.З.Ормонов, К.Б.Орозова, А.Ш.Осмонова, У.Б.Примов, З.К.Рысалиев, К,Ж.Рыспаев, М.Э.Сабиров, У.Ч.Садиков, У.О.Самаев, А.Э.Самигуллина,  Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков,  А.Т.Сулайманов, Б.И.Сулейманов, А.М.Султанов, Б.К.Сыдыгалиев, Н.О.Сыдыгалиев, Н.М.Сырдыбаев, Э.С.Тагаев, Э.Т.Токтошев, Б.Э.Төрөбаев, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, Р.М.Туманбаева, О.Ж.Турдумамбетов, А.А.Турсунбаев, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов,  Ч.Ч.Урумкалиева,  З.Э.Шарапов, З.С.Эсенаманов.

 

Ишеним кат берген депутаттар:   И.И.Матраимов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген),  К.Б.Орозова (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.М.Нурбаевге берилген), Б.И.Сулейманов («Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Марипов тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү, түзүмүн жана курамын аныктоо жөнүндө» маселе боюнча кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат С.К.Нышановго берилген), Н.М.Сырдыбаев  (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.И.Арзыбаевге берилген), Э.Т.Токтошев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.О.Сыдыгалиевге берилген).

 

 

Таратылган материалдар:

 

 

-2021-жылдын 3-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору;

 

- 2021-жылдын февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планынын долбоору;

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин көпчүлүк коалициясы жактырган жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Марипов тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы, түзүмү жана курамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

-Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Марипов тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасы, түзүмү жана курамынын долбоору;

 

-“Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 5-февралындагы № 60 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  үчүнчү  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин   корутундусу; 

 

-“Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” (демилгечилер – депутаттар М.И.Бакиров, А.Ш.Жээнбеков, А.О.Узакбаев, А.М Эргешов)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  үчүнчү  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

- “Үрөөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 553 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

-“Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 18-февралындагы № 92 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4220-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат С.К.Нышанов) Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты;

 

-“2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 14-сентябындагы №485 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин   корутундусу; 

 

- “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (1) ратификациялоо жөнүндө”  (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 2-октябындагы № 511 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин   корутундусу; 

 

-“2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 4-декабрындагы № 593 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  биринчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин   корутундусу; 

 

-“2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү асоциациясынын ортосундагы “Социалдык коргоону берүү системасы жана өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер планы” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 2-сентябрындагы № 462 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун каршы пикирине  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин  чечими; 

 

-“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы №43-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча  комитетинин  чечими; 

 

- “Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы №3477-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин   чечими. 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 72 депутаты катышып олтурат.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

1. Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Ж.Субанбеков, төрагалык кылуучу.

 

 

2. 2021-жылдын 3-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2021-жылдын 3-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

3. 2021-жылдын февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планынын долбоорун  кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу, депутат А.Т.Алтыбаева.

 

2021-жылдын февралына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планынын долбоорун  депутат А.Т.Алтыбаеванын сунушун эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Төрагалык кылуучу депутаттардын добушун саноо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө чыгып сүйлөдү.

 

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар С.М. Джураев (КСДП), А.Т.Бердиев («Республика-Ата-Журт»),
У.Ч.Садиков («Кыргызстан»), Н.И.Арзыбаев («Өнүгүү-Прогресс»),
Э.С. Тагаев («Бир Бол»),  Э.Т.Токтошев («Ата Мекен»).

 

 

 

2021-жылдын 3-февралына добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш  берүүнү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

4. «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Марипов тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү,  түзүмүн жана курамын аныктоо жөнүндө» маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Парламенттик көпчүлүк коалициясынын жетекчиси И.Ш.Өмүркуловдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Мариповдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Мариповдун сүйлөгөн сөзүнүн уландысы.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

            Чыгып сүйлөштү:  депутат Е.Г.Строкова,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Марипов,   депутаттар К.Ш.Баймуратов, А.К.Дюшалиев, З.Э.Шарапов, А.Т.Алтыбаева, Ж.К.Акаев, Р.Ч.Момбеков, С.М.Джураев, Р.М.Туманбаева, У.З.Ормонов,  И.Ш.Өмүркулов, Т.И.Икрамов, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин кызмат ордуна талапкер К.А.Турдубаев, депутат Б.Б.Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна талапкер К.О.Иманалиев, депутат С.Ж.Исманов, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна талапкер А.Э.Новиков, депутаттар У.Б.Примов, У.Ч.Садиков, Т.З.Зулпукаров, Н.О.Сыдыгалиев, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын  кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиев, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин кызмат ордуна талапкер Б.Э.Ажикеев, Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри- экономика жана финансы министри кызмат ордуна  талапкер У.Т.Кармышаков, депутаттар  У.Т.Кыдыралиев, М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү  министринин кызмат ордуна талапкер А.С.Жаныбеков,  депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкер А.С.Бейшеналиев, депутаттар Н.К.Алимбеков, А.М.Нурбаев, Д.Д.Бекешев, А.А.Карашев. 

 

            1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 30 мүнөт

 

            Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 84 депутаты катышып олтурат.

 

            «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Марипов тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү,  түзүмүн жана курамын аныктоо  жөнүндө» маселени кароонун уландысы.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков,  Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Марипов, Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри -экономика жана финансы министри кызмат ордуна  талапкер У.Т.Кармышаков, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна талапкер А.Э.Новиков, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкер А.С.Бейшеналиев, депутаттар К.Ж.Рыспаев, А.А.Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин кызмат ордуна талапкер К.А.Турдубаев, депутат М.Э.Мавлянова.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин кызмат ордуна талапкер А.Э.Новиков, депутат К.К.Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Марипов, депутаттар  Э.Т.Токтошев, А.А.Аскарова, А.Ү.Жапаров,  О.Ж.Турдумамбетов,  Н.Т.Каримов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкер А.С.Бейшеналиев, депутат С.К.Ибраев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызмат ордуна талапкер К.О.Иманалиев, депутаттар Н.В.Никитенко, Ч.Ч.Урумкалиева, У.О.Самаев, А.А.Арапбаев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат А.А.Алтынбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Марипов.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

            Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлөдү: депутат К.Ш.Баймуратов.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш  жана коммуникация министринин кызмат ордуна талапкер Г.Б.Абдралиева, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Марипов, Кыргыз Республикасынын улуттук кооопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын  кызмат ордуна талапкер К.К.Ташиев, төрагалык кылуучу.

 

            Суроо-жоопту токтотуп, каралып жаткан маселени талкуулоого  өтүүнү жана ар бир парламенттик фракциядан экиден депутатка сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү  жөнүндө депутат К.Ш.Баймуратовдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Каралып жаткан маселени талкуулоо.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Т.Алтыбаева, А.Ш.Осмонова (КСДП), У.Т.Кыдыралиев, А.К.Бешимбаева («Республика - Ата-Журт»), Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Марипов, депутат П.Р.Тулендыбаев («Республика - Ата-Журт»), төрагалык кылуучу.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутаттар Б.К.Райымкулов, К.Ш.Баймуратов, М.К.Жеенчороев, төрагалык кылуучу. 

 

            Чыгып сүйлөштү: депутаттар П.Р.Тулендыбаев, Б.К.Райымкулов («Республика - Ата-Журт»), Н.В.Никитенко («Ата Мекен»), А.Ү.Жапаров, У.З.Ормонов  («Бир Бол»),  З.С.Эсенаманов, Б.Нурдинов,  Д.А.Джумабеков («Кыргызстан»), К.Ж.Жолдошбаев, У.Ч.Исмаилов, Б.Э.Төрөбаев («Өнүгүү-Прогресс»).

 

             «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери депутат Б.Э.Төрөбаевдин 5 мүнөткө чейин сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндөгү сунушу боюнча добуш берүү. 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

           

             Чыгып сүйлөштү: «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын лидери депутат Б.Э.Төрөбаев, төрагалык кылуучу.

           

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын жактыруу,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн жана курамын  аныктоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин   төрагасы К.К.Керезбековдун  сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

           

            «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 83, каршы- 1 (депутат Д.Д.Бекешев), бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 83, каршы- 1, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

            Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкер У.А.Марипов, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, А.К.Касымалиева.

 

            Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды. 

 

5. 2021-жылдын 27-январында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

I.

 

Төрагалык кылуучу каттоо  үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына катышып олтурган депутаттардын фамилияларын атады.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 84 депутаты катышып олтурат.

 

“2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

 “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда четке кагуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды).

 

 

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда четке кагуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда четке кагылды).

 

 

“Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окуунун жол-жоболоруна кайтаруу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору  кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору  кабыл алынды).

 

 

«Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы- 2 (депутаттар Д.Д.Бекешев, С.К.Нышанов), бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды  (Конституциялык мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 6. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 5-февралындагы №60 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин депутаттары М.И.Бакиров, А.Ш.Жээнбеков, А.О.Узакбаев, А.М.Эргешов тарабынан демилгеленген  “Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

8. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Үрөөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 13-ноябрындагы №553 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи  окууда кабыл алууну, эгерде бардык парламенттик фракциялардын оң чечими болсо –экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.        

 

 

9. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  (2020-жылдын 18-февралындагы №92 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи  окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4220-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат С.К.Нышанов) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Сунуш кылынган Мыйзамдын макулдашылган варианты жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат С.К.Нышановдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутаттар А.Т.Алтыбаева, С.К.Нышанов-мыйзам долбоорунун демилгечиси, төрагалык кылуучу.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

11. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”  (2020-жылдын 14-сентябрындагы №485 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

12. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (1) ратификациялоо жөнүндө”  (2020-жылдын 2-октябрындагы №511 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Э.Т.Алишеровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

 

13. Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу”  (2020-жылдын 4-декабрындагы №593 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын юстиция  министринин орун басары М.Э.Канулькулованын сүйлөгөн сөзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

 

14. “2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү асоциациясынын ортосундагы “Социалдык коргоону берүү системасы жана өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер планы” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентин милдеттерин аткаруучунун каршы пикири жөнүндө» (мыйзам долбоорунун демилгечиси-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 2-сентябрындагы №462 токтому) маселени кароо.

 

Сунуш кылынган каршы пикирге жана Комитеттин сунушуна ушул Мыйзамга  карата Кыргыз Республикасынын Президентин милдеттерин аткаруучунун каршы пикирине макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн каршы пикирди добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

15.      “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом  долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.          

 

 

16. “Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3477-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом  долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Н.О.Козубаевдин сүйлөгөн сөзү.

           

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Н.О.Козубаев,  депутат Н.К.Алимбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбеков,  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик  инспекциясынын директорунун орун басары Р.С.Артыкбаев, депутаттар Д.Д.Бекешев,  А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Э.Т.Алишеров,  төрагалык кылуучу.

 

Маселелерди карап бүткөнгө чейин жыйналыштын  ишин узартууну жана жыйналыштын күн тартиби боюнча добуш берүүгө өтүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды. 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, төрагалык кылуучу.

 

“Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3477-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу депутат Б.С.Турусбековдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды. 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

II.

17. 2021-жылдын 3-февралында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 84 депутаты катышып олтурат.

 

“Кыргыз Республикасындагы гидрометеорология иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Үрөөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4220-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине  өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эмгек иши жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (1) ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 11-октябрында Ашхабад шаарында кол коюлган Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткарууну өткөрүп берүү жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу-мамлекеттердин конвенциясын ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“2020-жылдын 2-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү асоциациясынын ортосундагы “Социалдык коргоону берүү системасы жана өзгөчө кырдаалдардагы иш-аракеттер планы” долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун каршы пикирине макулдук берүү жөнүндө добуш берүү. 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун каршы пикирине макулдук берүүгө  чечим кабыл алынды.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 43-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы- жок, бардыгы 84 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

 

18. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөттүн мүчөлөрүнүн ант берүүсү.

 

 Кыргыз  Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун катышуусунда жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри У.А.Марипов,  Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиков, Кыргыз Республикасынын  вице-премьер-министри- экономика жана финансы министри У.Т.Кармышаков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министри Ж.А.Асанкулов, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Т.Б.Өмүралиев, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.А.Казакбаев,  Кыргыз Республикасынын юстиция министри А.Р.Чынбаева, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри А.С.Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри К.О.Иманалиев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна талапкер А.Б.Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Б.Э.Ажикеев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри У.О.Ниязбеков,  Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш  жана коммуникация министри Г.Б.Абдралиева, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри К.А.Турдубаев, Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү  министри А.С.Жаныбеков,   Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.К.Ташиев.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                            Т. Мамытов