Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 29 04.02.2021-ж.

24-03-2021
15:58

29

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

 

2020-2021-жылдар

 

 

 

2021-жылдын 4-февралы                                                     10 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасынын орун

басары

Н.О.Сыдыгалиев

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Жыйналышка катышып олтурган депутаттар:  Н.А.Айдаров, С.А.Айдаров, М.А.Айнакулов, Н.К.Алимбеков, А.Т.Алтыбаева, М.А.Аманкулов, С.С.Анарбаев, А.А.Арапбаев, Н.И.Арзыбаев,  А.А.Артыков, А.А.Аскарова, Г.К.Асылбаева, Э.Дж.Байбакпаев,  К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, О.М.Бакиров, Д.Д.Бекешев, А.Т.Бердиев, А.К.Бешимбаева, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, К.Ж.Жолдошбаев, Т.У.Жоробеков, А.Т.Жутанов, А.Ш.Жээнбеков, Т.З.Зулпукаров, С.К.Ибраев, Т.И.Икрамов, У.Ч.Исмаилов, С.Ж.Исманов, И.Ю.Карамушкина, А.А.Карашев, Н.Т.Каримов, А.К.Карыбеков, А.К.Касымалиева, Б.Б.Кенжебаев, К.К.Керезбеков, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов,  А.Т.Мамашова, И.А.Маннанов, С.У.Молдалиев, Г.С.Молдобекова, Ж.А.Мусабекова, Н.В.Никитенко, А.М.Нурбаев, Б.Нурдинов, С.К.Нышанов, И.Ш.Өмүркулов, У.З.Ормонов, У.Б.Примов, З.К.Рысалиев, У.Ч.Садиков, У.О.Самаев, А.Э.Самигуллина,  Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков,  А.М.Султанов, Н.О.Сыдыгалиев, Э.С.Тагаев, А.С.Токторов, Э.Т.Токтошев, Б.Э.Төрөбаев, П.Р.Тулендыбаев, О.Ж.Турдумамбетов, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов,  Ч.Ч.Урумкалиева,  З.Э.Шарапов, З.С.Эсенаманов, А.Л. Юсуров.

 

 

Ишеним кат берген депутаттар:   А.Т.Абжалиев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Ж.К.Турускуловго берилген), М.А.Аманкулов  (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат И.А.Маннановго берилген), А.А.Алтынбеков (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Ж.К.Турускуловго берилген), А.Т.Жутанов  (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Б.Э.Төрөбаевге  берилген), У.Ч.Исмаилов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.И.Арзыбаевге берилген), К.К.Керезбеков (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.Т.Каримовго берилген), И.И.Матраимов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген),  К.Б.Орозова (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.М.Нурбаевге берилген), А.М.Султанов  (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.А.Айдаровго берилген), Н.М.Сырдыбаев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.И.Арзыбаевге берилген), Э.Т.Токтошев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.О.Сыдыгалиевге берилген), А.Л.Юсуров (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Б.Э.Төрөбаевге  берилген).

 

 

Таратылган материалдар:

 

 

-2021-жылдын 4-февралындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибинин долбоору;

 

-“Кыргыз Республикасынын 2019-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” (демилгечи-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 19-июнундагы № 345  токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

-“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (демилгечи-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 2-октябрындагы №512 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча  комитетинин   корутундусу; 

 

 

-“Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (демилгечи-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 2-октябрындагы № 513  токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  экинчи  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча  комитетинин   корутундусу; 

 

 

-“Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” (демилгечи- депутат С.К.Ибраев) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча  комитетинин   корутундусу; 

 

 

-“Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө коомдук кеңештин төрагасынын отчету тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин чечими;

 

-“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 30-октябрындагы № 531 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна  үчүнчү  окууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин   корутундусу; 

 

 

-Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна  шайлоо үчүн («Өнүгүү-Прогресс») парламенттик фракциясы көрсөткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Ж.Турдумамбетовдун талапкерлиги боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин корутундусу; 

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 72 депутаты катышып олтурат.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

1. 2021-жылдын 4-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Э.Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

2021-жылдын 4-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутат Б.Э.Төрөбаев  жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Төрагалык кылуучу депутаттардын добушун саноо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө чыгып сүйлөдү.

 

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар С.М. Джураев (КСДП), А.Т.Бердиев («Республика - Ата-Журт»), У.Ч.Садиков («Кыргызстан»), Н.И.Арзыбаев («Өнүгүү-Прогресс»), Э.С. Тагаев («Бир Бол»),  Э.Т.Токтошев («Ата Мекен»).

 

 

 

2021-жылдын 4-февралына добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш  берүүнү жүргүзүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

2. Ар түрдүү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар И.Ю.Карамушкина, С.К.Нышанов.

 

Депутат С.К.Нышанов  «Ата-Мекен» саясий партиясынын катарынан чыккандыгы тууралуу жарыялады.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Б.Нурдинов, М.И.Бакиров, С.Ж.Исманов, З.Э.Шарапов, У.Т.Кыдыралиев, Т.И.Икрамов, З.К.Рысалиев.

 

 

Депутат Т.И.Икрамовдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

            Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар О.Ж.Турдумамбетов, Д.Д.Бекешев, У.Ч.Садиков, А.А.Карашев, С.К.Ибраев, Б.С.Турусбеков, А.Т.Алтыбаева, А.Т.Бердиев, А.К.Бешимбаева,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, төрагалык кылуучу. 

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын 2019-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” (2020-жылдын 19-июнундагы №345 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  үчүнчү  окууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин  сүйлөгөн сөзү.  

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К.Ибраев тарабынан демилгеленген “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  биринчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат С.К.Ибраевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат С.Ж.Исманов, төрагалык кылуучу.  

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин өкүлү А.Э.Самигуллинанын сүйлөгөн сөзү.  

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2020-жылдын 2-октябрындагы №512 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  экинчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин өкүлү А.Э.Самигуллинанын сүйлөгөн сөзү.  

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Б.Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары К.М.Арпачиев, депутаттар У.Т.Кыдыралиев,  С.К.Ибраев, С.Ж.Исманов, С.А.Айдаров, У.О.Самаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору К.К.Шабданбаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин өкүлү А.Э.Самигуллинанын сүйлөгөн сөзү.  

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 2-октябрындагы №513  токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  экинчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин өкүлү А.Э.Самигуллинанын сүйлөгөн сөзү.  

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Э.Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.К.Батырканов, депутаттар А.Т.Мамашова, А.А.Аскарова, У.О.Самаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин өкүлү А.Э.Самигуллинанын сүйлөгөн сөзү.  

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Б.Э.Төрөбаев, А.К.Касымалиева, төрагалык кылуучу.  

 

Чыгып сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна  шайлоо үчүн депутаттардын эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлиги жөнүндө чыгып сүйлөдү.

 

 

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар С.К.Ибраев, Н.Т.Каримов, И.А.Маннанов, Ч.Ч.Урумкалиева (КСДП), К.Ш.Баймуратов, А.К.Бешимбаева, С.Ж.Исманов («Республика-Ата-Журт»), Б.Б.Кенжебаев, У.Ч.Садиков («Кыргызстан»), Н.И.Арзыбаев («Өнүгүү-Прогресс»), У.З. Ормонов («Бир Бол»),  Э.Т.Токтошев («Ата Мекен»).

 

 

7. “Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө коомдук кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Э.Дж.Байбакпаевдин отчету тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө коомдук кеңештин төрагасы –депутат Э.Дж. Байбакпаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.И.Бакиров, коомдук кеңештин төрагасы –депутат Э.Дж. Байбакпаев. 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу. 

 

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.          

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу. 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетень колдонуу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

           

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Э.Төрөбаев,  төрагалык кылуучу, депутат Э.Т.Токтошев.

 

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамындагы депутат Э.Т.Токтошевдин ордуна депутат С.К.Нышанов алмаштырылсын).

 

 

Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна  шайлоо үчүн депутаттардын эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлиги жөнүндө чыгып сүйлөдү.

Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар С.К.Ибраев, Н.Т.Каримов, И.А.Маннанов, Ч.Ч.Урумкалиева (КСДП), К.Ш.Баймуратов, А.К.Бешимбаева, С.Ж.Исманов («Республика-Ата-Журт»), Б.Б.Кенжебаев, У.Ч.Садиков («Кыргызстан»), Н.И.Арзыбаев («Өнүгүү-Прогресс»), У.З. Ормонов («Бир Бол»),  С.К. Нышанов («Ата Мекен»).

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” (2020-жылдын 30-октябрындагы №531 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун  үчүнчү  окууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү М.И.Бакировдун сүйлөгөн сөзү.  

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу. 

 

 

9. 2021-жылдын 4-февралында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

Төрагалык кылуучу каттоо  үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына катышып олтурган депутаттардын фамилияларын атады.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 72 депутаты катышып олтурат.

 

“Кыргыз Республикасынын 2019-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад жана Ош облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасында жашыл экономика принциптерин киргизүү боюнча жүргүзүлгөн иш жөнүндө коомдук кеңештин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Э.Дж. Байбакпаевдин отчету тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

8. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо тууралуу» маселени кароо.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Каралып жаткан маселе бүткөнгө чейин жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн өз ара милдеттерин бөлүштүрүү жана бюллетень формалары (№ 1 протокол) жана (№ 2 протокол) жөнүндө эсептөө комиссиясынын төрагасы депутат С.Ж. Исмановдун («Республика - Ата-Журт») сүйлөгөн сөзү.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

         Саат 13.00  – 13.10го  чейин бюллетень колдонуу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүлдү.

 

        

         Саат 13.12  – 13.18ге чейин добуштарды саноо жүргүзүлдү.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн (№ 3 протокол) эсептөө комиссиясынын төрагасы депутат С.Ж. Исмановдун («Республика - Ата-Журт») сүйлөгөн сөзү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоодо  жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча  депутат О.Ж.Турдумамбетовго макул -74,  каршы-1 добуш берилди.

 

        

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Ж.Турдумамбетов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн Эсептөө комиссиясынын № 1 протоколун бекитүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн Эсептөө комиссиясынын № 2 протоколун бекитүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн Эсептөө комиссиясынын № 3 протоколун бекитүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Ж.Турдумамбетовду шайлоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Чыгып сүйлөштү:  төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланган О.Ж.Турдумамбетов.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                          Н.Сыдыгалиев