Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 30 10.02.2021-ж.

24-03-2021
15:59

   30

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-2021-ЖЫЛДАР

 

 

 

2021-жылдын 10-февралы                                      10 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

        

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын                                                                  Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Жыйналышка катышкан депутаттар: М.Ю.Абдылдаев, Н.А.Айдаров, С.А.Айдаров, М.А.Айнакулов, Н.К.Алимбеков, А.Т.Алтыбаева, А.А.Алтынбеков, О.А.Алыбаев, М.А.Аманкулов, Н.И.Арзыбаев, А.А.Артыков, А.А.Аскарова, Г.К.Асылбаева, Д.Б.Аттокуров, Э.Дж.Байбакпаев, К.Ш.Баймуратов, М.И.Бакиров, О.М.Бакиров, Дж.А.Бакчиев, Д.Д.Бекешев, А.Т.Бердиев, А.К.Бешимбаева, К.С.Бокоев, С.М.Джураев, А.К.Дюшалиев, А.У.Жапаров, Б.Ж.Жетигенов, К.Ж.Жолдошбаев, Т.У.Жоробеков, К.М.Жумалиев, М.К.Жеенчороев, Б.Ж.Жетигенов, К.Ж.Жолдошбаев, Т.У.Жоробеков, А.Жунус уулу, Т.З.Зулпукаров, С.К.Ибраев, К.К.Иманалиев, С.Ж.Исманов, И.Ю.Карамушкина, А.А.Карашев, Н.Т.Каримов, А.К.Карыбеков, А.К.Касымалиева, С.А.Келдибаев, А.С.Кодуранова, Т.К.Конушбаев, А.И.Кулбараков, У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Мавлянова, М.Г.Мадеминов, М.А.Маматалиев, А.М.Маматов, А.Т.Мамашова, Г.С.Молдобекова, А.М.Нурбаев, Б.Нурдинов, С.К.Нышанов, И.Ш.Омуркулов, К.Б.Орозова, А.Ш.Осмонова, У.Б.Примов, Б.К.Райымкулов, З.К.Рысалиев, К.Дж.Рыспаев, М.Э.Сабиров, У.Ч.Садиков, У.О.Самаев, А.Э.Самигуллина, Е.Г.Строкова, Б.Ж.Субанбеков, А.Т.Сулайманов, А.М.Султанов, Н.О.Сыдыгалиев, Э.С.Тагаев, А.С.Токторов, Э.Т.Токтошев, П.Р.Тулендыбаев, Р.М.Туманбаева, О.Ж.Турдумамбетов, А.А.Турсунбаев, Б.С.Турусбеков, Ж.К.Турускулов, З.Э.Шарапов, З.С.Эсенаманов.

 

 

Ишеним кат берген депутаттар: А.Ш.Жээнбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.З.Зулпукаровго берилген), Ж.А.Мусабекова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.И.Матраимовго берилген), Н.В.Никитенко (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.Т.Мамашовага берилген), К.Б.Орозова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.М.Нурбаевге берилген), Ч.Ч.Урумкалиева (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.М.Джураевге берилген).

 

 

Таратылган материалдар:

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 10-февралындагы жыйналышынын күн тартибинин долбоору;

 

         - “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Билим берүү жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – депутат Д.Д.Бекешев) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин үчүнчү окууда корутундусу;

 

         - “Үрөн өндүрүүгө мамлекеттик дотация берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 553 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин үчүнчү окууда корутундусу;

 

         - “Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 18-февралындагы № 92 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин үчүнчү окууда корутундусу;

 

         - “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 4-июнундагы № 298 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин үчүнчү окууда корутундусу;

 

         - “Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 28-июлундагы № 401 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин үчүнчү окууда корутундусу;

 

         - “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы “№ 4191-VI токтому менен түзүлгөн (Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат К.С.Бокоев), макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин чечими;

 

         - “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 28-августундагы № 455 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин экинчи окууда корутундусу;

         - “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 9-сентябрындагы № 474 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи окууда корутундусу;

 

         - “Москва шаарында 2020-жылдын 14-апрелинде кол коюлган, 2015-жылдын 8-майынан Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 30-июлундагы № 404 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин экинчи окууда корутундусу;

        

         - “Зергерлик тармак чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечилер – депутаттар А.М.Нурбаев, Э.Дж.Байбакпаев, М.А.Маматалиев, Т.К.Конушбаев, Н.К.Алимбеков, А.Б.Баатырбеков, Г.К.Асылбаева, Д.А.Джумабеков, Т.А.Масабиров, А.Т.Мамашова, Т.Т.Мамытов, Д.Д.Бекешев, Ж.Акаев, Р.Н.Чойбеков, Ж.Б.Исаев) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин экинчи окууда корутундусу;

        

         - “Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – депутат А.Т.Мамашова) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин биринчи окууда корутундусу;

        

         - “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” “Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2021-жылдын 18-январындагы № 6 токтом) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин биринчи окууда корутундусу;

        

         - “Эл аралык парламенттик уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 25-февралындагы №1708 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын токтом долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин чечими.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 65 депутаты катышты.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

1. 2021-жылдын 10-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар М.Э.Сабиров, Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу.

        

Депутат М.Э.Сабировдун сунушун эске алуу менен 1. 2021-жылдын 10-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттардын добуштарын эсептөө үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.

        

         Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар С.М.Джураев (КСДП), А.Т.Бердиев (“Республика – Ата-Журт”), У.Ч.Садиков (“Кыргызстан”), Н.И.Арзыбаев (“Өнүгүү – Прогресс”), Э.С.Тагаев (“Бир Бол”), Э.Т.Токтошев (“Ата Мекен”).

        

         2021-жылдын 10-февралында добуш берүүгө киргизилген маселелер боюнча добуш берүү өткөрүү үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

        

        

         2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Билим берүү жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин өкүлү А.Э.Самигуллинанын сөзү.

        

Сөз сүйлөдү: депутаттар С.К.Нышанов, Д.Д.Бекешев – демилгечи, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин өкүлү А.Э.Самигуллинанын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген “Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө” (2020-жылдын 13-ноябрындагы №553 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбеков.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутат А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо боюнча департаменттин директору Т.А.Айдаралиев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана инсентивдүү багбанчылык бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Жумалиев, депутаттар Т.У.Жоробеков, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары А.К.Азимов, депутат М.Э.Сабиров, төрагалык кылуучу.

        

         Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо боюнча департаменттин директору Т.А.Айдаралиев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана инсентивдүү багбанчылык бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Жумалиев, депутаттар З.С.Эсенаманов, Э.С.Тагаев, төрагалык кылуучу.

        

         Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат И.Ш.Омуркулов.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутат Б.Нурдинов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизациялоо боюнча департаменттин директору Т.А.Айдаралиев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана инсентивдүү багбанчылык бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Жумалиев, депутаттар К.С.Бокоев, А.К.Дюшалиев, А.Т.Бердиев, М.К.Жеенчороев, Н.И.Арзыбаев, О.М.Бакиров.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

        

         Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 18-февралындагы № 92 токтом) “Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат С.Ж.Исманов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Н.О.Козубаев.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Н.О.Козубаев, депутаттар М.Э.Сабиров, А.А.Аскарова, А.Т.Бердиев, У.О.Самаев, У.Ч.Садиков, К.Дж.Рыспаев.

        

         Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

        

        

         5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 4-июнундагы № 298 токтом) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А. Айдаровдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 28-июлундагы № 401 токтом) “Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодексине дал келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А. Айдаровдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         7. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы № 4191-VI токтому менен түзүлгөн, макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын (Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат К.С.Бокоев) кароо.

        

         Сунуш кылынган макулдашылган варианты жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Н.О.Козубаевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат М.И.Бакиров.

        

         Мыйзамдын ушул макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А. Айдаровдун сөзү.

        

         Мыйзамдын көрсөтүлгөн макулдашылган вариантын добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 28-июлундагы № 455 токтом) “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 9-сентябрындагы № 474 токтом) “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу кооперация жана интенсивдүү технологиялар секторунун башчысы А.А.Сагынбаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Р.С.Артыков, депутат С.Ж.Исманов, төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуу жарыялоосуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: депутат Э.С.Тагаев, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

10. “Москва шаарында 2020-жылдын 14-апрелинде кол коюлган, 2015-жылдын 8-майынан Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” (демилгечи – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 30-июлундагы № 404 токтом) Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.М.Нурбаев, Э.Дж.Байбакпаев, М.А.Маматалиев, Т.К.Конушбаев, Н.К.Алимбеков, А.Б.Баатырбеков, Г.К.Асылбаева, Д.А.Джумабеков, Т.А.Масабиров, А.Т.Мамашова, Т.Т.Мамытов, Д.Д.Бекешев, Ж.Акаев, Р.Н.Чойбеков, Ж.Б.Исаев демилгелеген “Зергерлик тармак чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сөз сүйлөдү: депутат К.С.Бокоев, төрагалык кылуучу.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат Э.Дж.Байбакпаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.М.Нурбаев, демилгечилердин бири –Э.Дж.Байбакпаев.

        

         Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен чыгарып салуу жөнүндө депутат А.М.Нурбаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы – жок, бардыгы 65 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: депутат У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары В.В.Исаева, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан төрагасы Т.Г.Абдыгулов.

 

 

12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Мамашова демилгелеген “Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи – депутат А.Т.Мамашованын сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, демилгечи – А.Т.Мамашова, А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Т.М.Эгембердиев, депутат А.Т.Алтыбаева.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар У.Б.Примов, демилгечи – А.Т.Мамашова, К.Дж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору Т.М.Эгембердиев, депутаттар М.К.Жеенчороев, А.К.Дюшалиев, А.Ш.Осмонова, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

 

13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 18-январындагы № 6 токтом) “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комитетинин директорунун орун басары М.А.Абдылдаевдин сөзү.

 

Сөз сүйлөдү: депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комитетинин директорунун орун басары М.А.Абдылдаев, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, М.Э.Сабиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат А.Т.Алтыбаева.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

14. Эл аралык парламенттик уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 25-февралындагы №1708 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө демилгечи – депутат М.Э.Сабировдун сөзү.

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү М.Э.Сабировдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         15. 2021-жылдын 10-февралында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына каттоо үчүн төрагалык кылуучу катышып олтурган депутаттардын фамилиясын атады.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 81 депутаты катышты.

        

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Билим берүү жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 81, каршы – жок, бардыгы 81 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 82 депутаты катышты.

 

“Үрөн өндүрүүгө мамлекеттик дотация берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Токой кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө жана жоруктар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрында №4191-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

        

        

“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

        

        

“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

        

        

“Москва шаарында 2020-жылдын 14-апрелинде кол коюлган, 2015-жылдын 8-майынан Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

        

        

“Башталгыч кесиптик билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

        

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 81, каршы – 1 (депутат М.Э.Сабиров), бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

        

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2010-жылдын 25-февралындагы № 1708-IV токтому менен бекитилген “Эл аралык парламенттик уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун  кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 81, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

         Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрагасы                                                                                    Т.Мамытов