Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 31 17.02.2021-ж.

24-03-2021
16:00

 31

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

 

2020-2021-жылдар

 

 

 

2021-жылдын 17-февралы                                                     10 саат 25 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасы

Т.Т.Мамытов

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Ишеним кат берген депутаттар:   А.Т.Абжалиев  (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Т.Г.Тиллаевге берилген),  С.А.Айдаров, Ж.К.Акаев  (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Р.Ч.Момбековго берилген), С.С.Анарбаев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.К.Алимбековго берилген), А.А.Арапбаев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат У.Б.Примовго берилген), Жунус уулу А (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Ж.К.Турускуловго берилген), К.Б.Орозова (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.Ш.Осмоновага  берилген), У.Ч.Садиков (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.К.Алимбековго берилген), М.Б.Эгембердиев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат О.М.Бакировго  берилген).

 

 

96 депутат катталды.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

1. 2021-жылдын 17-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 94 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

           

Чыгып сүйлөштү: депутат Ж.К.Турускулов, төрагалык кылуучу, депутат И.Ш.Өмүркулов.

 

2021-жылдын 17-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутат Ж.К.Турускуловдун сунушун эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- жок, бардыгы 71 депутат добуш берди, 97 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

            «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү  коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы №465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт» парламенттик фракциясынын сунушу жөнүндө» маселени кароо тууралуу депутат Ж.К.Турускуловдун сунушу боюнча добуш берүү.

           

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 83, каршы- жок, бардыгы 83 депутат добуш берди, 99 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү  коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы №465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Республика-Ата-Журт» парламенттик фракциясынын сунушу жөнүндө» маселени кароо.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

            Чыгып сүйлөштү:  депутаттар А.Т.Мамашова, И.Ш.Өмүркулов, Ж.К.Турускулов, Э.С.Тагаев, О.Ж.Турдумамбетов, Н.К.Алимбеков, М.Э.Сабиров, төрагалык кылуучу.

 

            Төрагалык кылуучу «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү  коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы №465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө чыгып сүйлөдү.

 

Убактылуу депутаттык комиссиянын курамына талапкерлер: депутаттар О.М.Бакиров (КСДП), У.Т.Кыдыралиев («Республика-Ата-Журт»),
У.О.Самаев («Кыргызстан»), О.Ж.Турдумамбетов («Өнүгүү-Прогресс»),
А.Ү.Жапаров («Бир Бол»),  К.К.Иманалиев («Ата Мекен»).

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Р.Ч.Момбеков, төрагалык кылуучу.

 

 

            «Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү  коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы №465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамына ар бир парламенттик фракциядан бирден депутатты киргизүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 39, каршы- 8, бардыгы 47 депутат добуш берди, 102 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Ү.Жапаров, Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу, депутаттар М.Э.Сабиров, У.Т.Кыдыралиев.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Убактылуу депутаттык комиссиянын курамына талапкерлер: депутаттар А.Т.Алтыбаева, О.М.Бакиров, Р.Ч.Момбеков, С.К.Ибраев (КСДП), А.К.Дюшалиев, У.Т.Кыдыралиев, З.Э.Шарапов («Республика-Ата-Журт»),
У.О.Самаев, З.С.Эсенаманов («Кыргызстан»), О.Ж.Турдумамбетов («Өнүгүү-Прогресс»), А.Ү.Жапаров («Бир Бол»),  К.К.Иманалиев («Ата Мекен»).

 

 

 

«Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү  коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы №465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- 1, бардыгы 72 депутат добуш берди, 103 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

3. “Марипов Улукбек Асамидиновичти Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордунан бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сүйлөгөн сөзү.

 

 

“Марипов Улукбек Асамидиновичти Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордунан бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы- жок, бардыгы 76 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

            4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2020-жылдын 13-ноябрындагы № 561 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Нурдинов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары С.Н.Токтоболотов,  депутат Т.З.Зулпукаров.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө депутат Т.З.Зулпукаровдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы- жок, бардыгы 54 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары С.Н.Токтоболотов,  депутаттар А.А.Турсунбаев, Р.М.Туманбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2020-жылдын 19-ноябрындагы № 570 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 25-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” (2020-жылдын 28-июлундагы № 402 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан  “2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” (2020-жылдын 27-июлундагы № 398 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметов, депутаттар А.А.Турсунбаев, У.З.Ормонов, Д.Д.Бекешев, М.Э.Сабиров, Н.Т.Тотонов.

 

Депутат М.Э.Сабировдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен

 күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жана Бюджет жана финансы боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

            Чыгып сүйлөдү: депутат Б.Э.Төрөбаев.

 

(«Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү  коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы №465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын курамындагы депутат Н.И.Арзыбаевдин ордуна депутат О.Ж.Турдумамбетов алмаштырылсын).

 

            Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

«Кумтөр» алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун иликтөө, «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү  коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы №465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу»  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 108 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

8. 2021-жылдын 17-февралында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

73 депутат катталды.

 

“2019-жылдын 27-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Миграция жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы- жок, бардыгы 73 депутат добуш берди, 73 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

“2014-жылдын 30-майында Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыздоо жаатындагы кызматташуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 74 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

“2018-жылдын 20-июлунда Баку шаарында кол коюлган, 2005-жылдын 25-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин автотранспорт каражаттарын уурдоого каршы күрөшүүдөгү жана аларды кайтарып берүүнү камсыз кылуудагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 81, каршы- жок, бардыгы 81 депутат добуш берди, 81 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы- жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 81 депутат катталган.

 

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

 

“2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда  кайрадан  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы- жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 81 депутат катталган.

 

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

 

“2019-жылдын 25-октябрында Москва шаарында кол коюлган, 2000-жылдын 30-ноябрындагы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда  кайрадан  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 81, каршы- жок, бардыгы 81 депутат добуш берди, 81 депутат катталган.

 

 

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                Т. Мамытов