Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 33 25.02.2021-ж.

24-03-2021
16:01

 33

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-2021-жылдар

2021-жылдын 25-февралы                                                     10 саат 5 мүнөт

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасынын орун

басары

Н.О.Сыдыгалиев

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

            Жыйналышка катышпаган депутаттар:  С.А.Айдаров  (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат О.А.Алыбаевге  берилген),  У.Ч.Садиков (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.К.Алимбековго берилген).

91 депутат катталды.

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

1. 2021-жылдын 25-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы- жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 91 депутат катталган. 

Чечим кабыл алынды.

            Чыгып сүйлөдү: депутат Г.К.Асылбаева.

2021-жылдын 25-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутат Г.К.Асылбаеванын сунушун эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 94 депутат катталган. 

Чечим кабыл алынды.

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

            2. 2021-жылдын мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планынын долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.  

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 94 депутат катталган. 

Чечим кабыл алынды.

2021-жылдын мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планынын долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү. 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы- жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 94 депутат катталган. 

Чечим кабыл алынды.

            3. Ар түрдүү.

            Чыгып сүйлөштү: депутаттар Е.Г.Строкова, И.Ю.Карамушкина, Р.М.Туманбаева, К.Ш.Баймуратов, К.Б.Орозова, Б.К.Райымкулов, У.Т.Кыдыралиев, С.М.Джураев, Р.Ч.Момбеков, С.К.Нышанов, Ж.К.Акаев,  Э.Т.Токтошев, Д.Д.Бекешев, М.Г.Мадеминов, С.Ж.Исманов, Э.С.Тагаев, Б.Ж.Субанбеков, Н.Т.Тотонов, П.Р.Тулендыбаев, А.Т.Бердиев, О.Ж.Турдумамбетов, И.Ш.Өмүркулов, З.Э.Шарапов, Б.С.Турусбеков, Т.З.Зулпукаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов,  депутат З.С.Эсенаманов.

            Депутат Б.К.Райымкуловдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

            Депутат З.С.Эсенамановдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча жана Бюджет жана финансы боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

            4. «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторун шайлоо жөнүндө» маселени кароо.

            Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматовдун сүйлөгөн сөзү.

            «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторун шайлоо жөнүндө» токтомдун долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Э.Т.Токтошевдин сүйлөгөн сөзү.

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторун шайлоо боюнча добуштарды саноого электрондук системаны колдонуу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 99 депутат катталган. 

Чечим кабыл алынды.

«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторун шайлоо жөнүндө» (А.Ш.Акматов жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы- 1, бардыгы 70 депутат добуш берди, 99 депутат катталган. 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

            Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланган А.Ш.Акматов.

            5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү  тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  (2020-жылдын 9-сентябрындагы № 474 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Р.М.Түмөнбаеванын сүйлөгөн сөзү.

            Чыгып сүйлөштү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр  жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутаттар З.С.Эсенаманов, Р.М.Туманбаева, Д.Д.Бекешев, У.З.Ормонов.

            Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Р.М.Түмөнбаеванын сүйлөгөн сөзү.

            Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр  жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

            6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, Б.Ү.Сыдыков, С.А.Айдаров, А.А.Турсунбаев, Д.Д.Бекешев, Т.Г.Тиллаев,  А.Т.Абжалиев,  А.Ш.Жээнбеков тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат  боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын  сүйлөгөн сөзү.

            Чыгып сүйлөштү: депутаттар С.Ж.Исманов, Г.К.Асылбаева- демилгечи.

            Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат  боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын  сүйлөгөн сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

            7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

            8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” (2020-жылдын 19-июнундагы № 344 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 19-сентябрындагы № 492 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын   сүйлөгөн сөзү.

            Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Б.А.Алиев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Э.Ж.Шерипов.

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Б.А.Алиев,  депутат Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Э.Ж.Шерипов, депутат А.С.Токторов.

            Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат  боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын  сүйлөгөн сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2018-жылдын 22-ноябрындагы № 543 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын   сүйлөгөн сөзү.

Чыгып сүйлөштү: депутат О.Ж.Турдумамбетов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары О.Ж.Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Башкы башкармалыктын башчысы А.Б.Исраилов, депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу.

Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 45, каршы- 6, бардыгы 51 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

Добуш жараксыз деп табылды.

Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы- 2, бардыгы 57 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

Чечим кабыл алынды.

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары О.Ж.Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Башкы башкармалыктын башчысы А.Б.Исраилов, депутаттар А.С.Токторов, Н.Т.Тотонов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.Ж.Жеембаев, депутат С.К.Ибраев.

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат  боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын  сүйлөгөн сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат И.А.Пирматовдун сүйлөгөн сөзү.

Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.Г.Мадеминов, И.А.Пирматов, төрагалык кылуучу.

«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Акматов Алмазбек Шаршембиевичтин ант берүүсү» маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө депутат М.Г.Мадеминовдун сунушу боюнча добуш берүү.

 Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 30, каршы- жок, бардыгы 30 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

Добуш жараксыз деп табылды.

«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Акматов Алмазбек Шаршембиевичтин ант берүүсү» маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө депутат М.Г.Мадеминовдун сунушу боюнча кайрадан добуш берүү.

 Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы- жок, бардыгы 50 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

Чечим кабыл алынган жок.

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  И.А.Пирматов тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат  боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын  сүйлөгөн сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

12. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы №4221-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.          

13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат Г.К.Асылбаеванын сүйлөгөн сөзү.

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.М.Нурбаев, Г.К.Асылбаева- демилгечи.

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат  боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын  сүйлөгөн сөзү.

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

14. 2021-жылдын 25-февралында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

74 депутат катталды.

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Т.З.Зулпукаров.

«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Акматов Алмазбек Шаршембиевичтин ант берүүсү» маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө депутат Т.З.Зулпукаровдун сунушу боюнча  добуш берүү.

 Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 73 депутат катталган. 

Чечим кабыл алынды.

15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору А.Ш.Акматовдун ант берүүсү.

2021-жылдын 25-февралында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

“Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- 3, бардыгы 74 депутат добуш берди, 74 депутат  катталган.

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- 1, бардыгы 72 депутат добуш берди, 74 депутат  катталган.

Добуш  жараксыз деп табылды.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 74 депутат  катталган.

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы- 1, бардыгы 74 депутат добуш берди, 74 депутат  катталган.

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

“Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 74 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 19-сентябрындагы № 492 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- 4, бардыгы 74 депутат добуш берди, 74 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2018-жылдын 22-ноябрындагы № 543 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамына экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- 4, бардыгы 74 депутат добуш берди, 74 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- 33, бардыгы 75 депутат добуш берди, 75 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 75 депутат катталган.

Добуш жараксыз деп табылды.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 75 депутат катталган.

Добуш жараксыз деп табылды.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- 1, бардыгы 68 депутат добуш берди, 75 депутат катталган.

Добуш жараксыз деп табылды.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы- жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 76 депутат катталган.

Добуш жараксыз деп табылды.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, «Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына биринчи окууда   кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы- жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 77 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы №4221-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 74 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

Төраганын орун басары                                                          Н.Сыдыгалиев