Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 34 03.03.2021-ж.

24-03-2021
16:07

34

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

 

2020-2021-жылдар

 

 

 

2021-жылдын 3-марты                                                             10 саат

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасы

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

            Жыйналышка катышпаган депутаттар:  А.А.Арапбаев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат У.Б.Примовго берилген),  М.А.Аманкулов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген), К.М.Жумалиев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат У.З.Ормоновго берилген), С.У.Молдалиев («Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө» маселе боюнча  кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген),  И.А.Пирматов  (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.Ү.Жапаровго берилген),  Б.И.Сулейманов («Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө» маселе боюнча  кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.Маматовго  берилген), Д.Г.Төрөкулов  (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.Ү.Жапаровго берилген).

 

93 депутат катталды.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Депутаттар 2021-жылдын 28-февралында каза болгон Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Акматовду бир мүнөттүк аза күтүү менен туруп эскеришти.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

1. 2021-жылдын 3-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы- жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 91 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Г.К.Асылбаева, Г.С.Молдобекова, төрагалык кылуучу.

 

2021-жылдын 3-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутаттар Г.К.Асылбаева жана Г.С.Молдобекованын сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы- жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 93 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Төрагалык кылуучу  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желек күнү менен куттуктады.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Кемеловдун («Республика-Ата-Журт»)  ант берүүсү.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар С.К.Нышанов, У.Б.Примов, Т.Г.Тиллаев, Ж.К.Акаев.

 

            3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2020-жылдын 2-октябрындагы  №512 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын  сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат У.Т.Кыдыралиев, Кыргыз Республкасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана  спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору К.К.Шабданбаев, Кыргыз Республикасынын юстиция министри З.А.Аскарова, депутаттар Б.С.Турусбеков, У.О.Самаев.

           

            Ушул мыйзам долбоорун  үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

            4.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 2-октябрындагы  №513 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

5.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 23-сентябрындагы  №501 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

            6. Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин депутаты С.К.Ибраев тарабынан демилгеленген “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи  окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

            7.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары башында турган Б.С.Турусбеков, А.Ү.Жапаров, М.И.Бакиров, М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат Б.С.Турусбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Б.С.Турусбеков-демилгечи, К.Б.Орозова, төрагалык кылуучу, депутат И.Ю.Карамушкина, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук  комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бегматов,  депутаттар К.К.Иманалиев, Ж.К.Акаев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, Р.Ч.Момбеков, Н.В.Никитенко, Т.И.Икрамов, Е.Г.Строкова.

 

Депутат А.К.Бешимбаева өзүн каралып жаткан мыйзам долбоорунун демилгечилеринин тизмесинен алып салуу тууралуу сүйлөдү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар  К.К.Иманалиев, Ж.К.Акаев, А.А.Турсунбаев, төрагалык кылуучу, депутаттар С.М.Джураев, Б.С.Турусбеков-демилгечи.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө депутат С.М.Джураевдин  сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 52, каршы- 10, бардыгы 62 депутат добуш берди, 99 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар  И.Ю.Карамушкина, М.К.Жеенчороев, А.Т.Алтыбаева, төрагалык кылуучу, депутаттар Б.С.Турусбеков-демилгечи.

 

Депутат Ч.Ч.Урумкалиева өзүн каралып жаткан мыйзам долбоорунун демилгечилеринин тизмесинен алып салуу тууралуу сүйлөдү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар  Н.В.Никитенко, Д.Д.Бекешев, С.Турусбеков-демилгечи,  төрагалык кылуучу, депутаттар М.И.Бакиров, У.Т.Кыдыралиев, Ж.К.Акаев, К.К.Иманалиев.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар  И.Ю.Карамушкина, Р.Ч.Момбеков, төрагалык кылуучу.

 

  1. саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 25 мүнөт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов  төрагалык кылды.

 

72 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары башында турган Б.С.Турусбеков, А.Ү.Жапаров, М.И.Бакиров, М.А.Маматалиев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун талкуулоо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар  Д.Д.Бекешев, К.К.Иманалиев, М.И.Бакиров, төрагалык кылуучу.

 

Депутат К.К.Иманалиевдин  5 мүнөткө чейин сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндөгү сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 49, каршы- 2, бардыгы 51 депутат добуш берди, 84 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат К.К.Иманалиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

8.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген   “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз  Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 9-декабрындагы  №672 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин өкүлү А.К.Дюшалиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

9.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген    “Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2019-жылдын 31-декабрындагы  №735 токтому)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметовдун сүйлөгөн сөзү.

           

Чыгып сүйлөштү: депутат И.Ю.Карамушкина, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметов, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө сунуш боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- 5, бардыгы 79 депутат добуш берди, 97 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат С.М.Исманов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметов, депутат У.Ч.Исмаилов, Д.Д.Бекешев.

 

            Ушул мыйзам долбоорун  биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

            Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

            10. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо. 

 

            Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сүйлөгөн сөзү.

           

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (депутаттар К.К.Иманалиев, Д.Д.Бекешев жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы- 1, бардыгы 79 депутат добуш берди, 98 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

11.  2021-жылдын  3-мартында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Р.М.Туманбаева, төрагалык кылуучу.

 

            96 депутат катталды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда    добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 91, каршы- 1, бардыгы 92 депутат добуш берди, 96 депутат  катталган.

 

            Добуш жараксыз деп табылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 88, каршы- 2, бардыгы 90 депутат добуш берди, 96 депутат  катталган.

 

            Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы- 1, бардыгы 95 депутат добуш берди, 96 депутат  катталган.

 

            Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 95, каршы- 1, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы- жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы- жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы- жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 87, каршы- 8, бардыгы 95 депутат добуш берди, 96 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 87, каршы- 9, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз  Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы- 1, бардыгы 95 депутат добуш берди, 96 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз  Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 95, каршы- 1, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы- 2, бардыгы 96 депутат добуш берди, 96 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

12. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө» маселени кароо.

 

 Сунуш кылынган маселе жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты У.Ч.Исмаиловду шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө чыгып сүйлөдү.

 

Эсептөө комиссиянын курамына талапкерлер: депутаттар Д.Б.Аттокуров, С.У.Молдалиев, У.Б.Примов, Ч.Ч.Урумкалиева (КСДП), А.К.Дюшалиев, С.Ж.Иманов, Н.Т.Тотонов («Республика-Ата-Журт»),
Б.Б.Кенжебаев, У.О.Самаев («Кыргызстан»), Н.И.Арзыбаев («Өнүгүү-Прогресс»),
Э.С.Тагаев  («Бир Бол»),  С.К.Нышанов («Ата Мекен»).

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча бюллетень колдонуу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү  үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы- жок, бардыгы 69 депутат добуш берди, 95 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын өз ара милдеттерин бөлүштүрүү (№1 протокол) жана бюллетендин формасы (№2 протокол) жөнүндө эсептөө  комиссиясынын төрагасы-депутат С.К.Нышановдун («Ата Мекен») сүйлөгөн сөзү.

 

Саат 16.00 - 16.10го чейин бюллетень  колдонуу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүлдү.

 

Саат 16.12 - 16.18ге чейин добуштарды саноо жүргүзүлдү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарын шайлоо үчүн (№3 протокол) эсептөө  комиссиясынын төрагасы-депутат С.К.Нышановдун («Ата Мекен») сүйлөгөн сөзү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарынын кызматына депутат У.Ч.Исмаиловду шайлоодо жашыруун добуш берүүнүн жыйынты боюнча макул-83 добуш берилди, каршы-жок.

 

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарынын кызматына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Ч.Исмаилов шайланды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басарынын кызматына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.Ч.Исмаиловду шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 94 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                            Т. Мамытов