Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 35 04.03.2021-ж.

24-03-2021
16:09

35

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-2021-ЖЫЛДАР

 

 

 

2021-жылдын 4-марты                                                 10 саат 10 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

        

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын                                                                  Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Жыйналышка катышпаган депутат: А.А.Арапбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.Б.Примовго берилген), М.А.Аманкулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Омуркуловго берилген), К.М.Жумалиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.З.Ормоновго берилген).

 

80 депутат катталды.

 

         Төрагалык кылуучу бардык аялдарды алдыда келаткан Эл аралык аялдардын күнү менен куттуктады.

        

        

1. 2021-жылдын 4-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы – жок, бардыгы 50 депутат добуш берди, 80 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков.

        

        

Депутат Т.У.Жоробековдун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыковдун сунуштарын эске алуу менен 2021-жылдын 4-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы – жок, бардыгы 58 депутат добуш берди, 81 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

 

         2. Ар кандай.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Э.С.Тагаев, У.Т.Кыдыралиев, П.Р.Тулендыбаев, К.Б.Орозова, Д.Д.Бекешев, А.А.Турсунбаев, С.К.Ибраев, У.Б.Примов, А.Ш.Осмонова, Т.Г.Тиллаев, Н.Т.Каримов, У.З.Ормонов, Н.Т.Тотонов, У.Ч.Садиков, А.Т.Алтыбаева, З.С.Эсенаманов, З.К.Рысалиев, Н.И.Арзыбаев, С.Ж.Исманов, Т.К.Конушбаев, С.К.Нышанов, Н.М.Сырдыбаев, Т.И.Икрамов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов.

        

         Депутат У.Ч.Садиковдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш Башкармасына протоколдук тапшырма берилди.

        

        

         3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары

М.А.Маматалиев, К.К.Иманалиев, А.М.Нурбаев, И.А.Пирматов, Б.И.Сулейманов, С.Шер-Нияз, Ж.А.Мусабекова, А.Жунус уулу, Д.Ж.Бакчиев, А.К.Дюшалиев, Н.Сыдыгалиев, М.К.Жеенчороев, Б.К.Райымкулов, Д.Д.Бекешев, С.А.Айдаров, К.Дж.Рыспаев, А.Б.Баатырбеков, Н.В.Никитенко, Э.Т.Токтошев, З.Э.Шарапов, Ж.К.Акаев, А.Т.Сулайманов, И.И.Матраимов, А.М.Эргешов, А.А.Карашев, К.Ш.Баймуратов, И.Т.Гайпкулов, Б.С.Турусбеков, А.Акматов, К.Т.Зулушев, С.К.Ибраев, М.Э.Мавлянова, А.Т.Мамашова, С.К.Нышанов, П.Р.Тулендыбаев, К.С.Нурматов, Т.А.Масабиров, Ч.А.Турсунбеков, Т.Г.Тиллаев, Р.А.Казакбаев тарабынан демилгелеген “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, С.А.Айдаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы.

        

         Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         4. “Бокоев Каныбек Абдираевичти өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” жана Базаралиева Анархан Мамбетовнаны өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматынан мөөнөтүүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорлорун кароо.

 

         Сунуш кылынган токтом долбоорлору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматовдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, депутаттар Д.Д.Бекешев, А.Т.Алтыбаева.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “К.А.Бокоевди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматынан бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы – 1, бардыгы 51 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         “А.М.Базаралиеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы кызматынан бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы – 1, бардыгы 57 депутат добуш берди, 93 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         5. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун каршы пикири менен кайтарылган (Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2019-жылдын 20-ноябрындагы № 613 токтом) “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы А.К.Дюшалиевдин сөзү.

        

         Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун каршы пикири менен кайтарылган “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – жок, бардыгы 59 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

        

         6. “Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы “Вертекс Голд Компани” ЖЧКсынын ишин, анын курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин жана тоокен өнөр жайы тармагындагы мыйзамдардын талаптарын сактоосун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо. (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы № 4421-VI токтому).

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөсү – депутат Т.У.Жоробековдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы “Вертекс Голд Компани” ЖЧКсынын ишин, анын курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин жана тоокен өнөр жайы тармагындагы мыйзамдардын талаптарын сактоосун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы № 4421-VI токтому) добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы – жок, бардыгы 56 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

         (Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы шайланды).

        

         Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы “Вертекс Голд Компани” ЖЧКсынын ишин, анын курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин жана тоокен өнөр жайы тармагындагы мыйзамдардын талаптарын сактоосун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 24-февралындагы
№ 4421-VI токтому) добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы – жок, бардыгы 55 депутат добуш берди, 96 депутат катталган.

         (Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасынын орун басары шайланды).

        

         Чечим кабыл алынды: (“Жалал-Абад областынын Чаткал районундагы “Вертекс Голд Компани” ЖЧКсынын ишин, анын курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин жана тоокен өнөр жайы тармагындагы мыйзамдардын талаптарын сактоосун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасын жана төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө” токтом долбоору кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Б.К.Райымкулов, төрагалык кылуучу.

        

        

         7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 17-февралындагы № 84 токтом) “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары М.К.Байгончоктун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары М.К.Байгончоков, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металдар департаментинин директору К.М.Мадумаров, депутат А.Т.Алтыбаева.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 14-декабрындагы № 604 токтом) “Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары б.а.Алиевдин сөзү.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

        

         9. Кыргыз Республикасынын аймагында “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматы жөнүндө” маселени кароо.

        

         Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары К.У.Касейиновдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Т.У.Жорорбеков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары К.У.Касейинов, депутат К.С.Бокоев, төрагалык кылуучу, депутат З.С.Эсенаманов.

        

         Кыргыз Республикасынын аймагында “Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын маалыматы жөнүндө” маселени жыйналыштын күн тартибинен чыгарып салуу жөнүндө депутат Т.У.Жоробековдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы – жок, бардыгы 60 депутат добуш берди, 97 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         10. 2021-жылдын 4-мартында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

        

         74 депутат катталган.

        

         “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – 1, бардыгы 73 депутат добуш берди, 75 депутат катталган.

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – 1, бардыгы 75 депутат добуш берди, 75 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 77 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 78 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         11. “Кыргыз Республикасында 2021-жылы жазгы-талаа жана чарбалык иштердин жүрүшүнө даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу” маселени кароо.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат И.Ш.Омуркулов, төрагалык кылуучу, депутаттар С.К.Нышанов, К.С.Бокоев, А.У.Жапаров.

        

         Сунуш кылынган маселе жөнүндө Айыл чарба, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри А.С.Джаныбековдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат А.А.Карашев.

        

         1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

        

                                               14 саат 30 мүнөт

        

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

         “Кыргыз Республикасында 2021-жылы жазгы-талаа жана чарбалык иштердин жүрүшүнө даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу” маселени кароо улантылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар И.Ш.Омуркулов, П.Р.Тулендыбаев, Айыл чарба, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министри А.С.Джаныбеков, депутат К.С.Бокоев, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары Э.Т.Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу механизация жана айыл чарбасын энергокамсыздоо департаментинин директору Н.Ж.Кожогулов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу айыл чарба өсүмдүктөрүн эксперттөө боюнча департаменттин директору Т.А.Айдаралиев, депутат М.И.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу органикалык айыл чарба департаментинин директору Ж.Т.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору К.Дж.Таштаналиев, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри А.Э.Новиков, депутаттар С.К.Нышанов, Т.И.Икрамов, У.Ч.Садиков, У.З.Ормонов, “Айыл банк” ААКынын башкармасынын төрагасы У.А.Букабаев, депутаттар А.Ш.Осмонова, З.С.Эсенаманов, А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Чек аралык ветеринардык контроль башкармасынын начальниги М.К.Майканов, депутаттар А.К.Дюшалиев, У.Ч.Исмаилов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу өсүмдүк өстүрүүүчүлүк жана интенсивдүү бакчачылык бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Жумалиев, депутаттар Б.К.Райымкулов, Н.Т.Каримов, У.О.Самаев, “Кыргызстан Нефтетрейдерлер Ассоциациясы” ОЮЛунун аткаруучу директору К.С.Эшатов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары К.Д.Тайлаков, депутаттар З.Э.Шарапов, К.Ш.Баймуратов, А.Т.Алтыбаева, С.Ж.Исманов, Н.И.Арзыбаев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Жайыттар жана асыл тукум мал чарбачылыгы департаментинин директору Т.К.Бакиров, депутат С.М.Джураев, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү сактоо департаментинин директору Ж.С.Дербишалиев, депутаттар А.Маматов, К.Дж.Рыспаев, Н.Т.Тотонов.

        

         Каралып жаткан маселени талкуулоо.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар К.С.Бокоев, А.Т.Алтыбаева, А.А.Карашев, Н.Т.Тотонов, И.Ш.Омуркулов, Б.К.Райымкулов, А.Ш.Осмонова.

        

         “Кыргыз Республикасында 2021-жылы жазгы-талаа жана чарбалык иштердин жүрүшүнө даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар К.С.Бокоев, С.К.Нышанов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Ж.К.Керималиев, депутаттар А.Ш.Осмонова, Н.К.Алимбеков – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы.

        

         Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

 

 

         Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                        Т.Мамытов