Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 37 11.03.2021-ж.

24-03-2021
16:11

     37

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-2021-ЖЫЛДАР

 

 

 

2021-жылдын 11-марты                                               10 саат 5 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

        

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын                                                                  Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Жыйналышка катышпаган депутат: А.Т.Абжалиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.Т.Тотоновго берилген), А.А.Арапбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат У.Б.Примовго берилген), А.А.Аскарова, А.Т.Бердиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат П.Р.Тулендыбаевге берилген), К.М.Жумалиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Б.С.Турусбековго берилген). М.Э.Мавлянова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Р.М.Туманбаевага берилген), У.З.Ормонов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Э.С.Тагаевге берилген), И.А.Пирматов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.У.Жапаровго берилген), Д.Г.Торокулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат А.У.Жапаровго берилген), А.А.Турсунбаев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Н.К.Алимбековго берилген).

 

 

76 депутат катталды.

 

        

1. 2021-жылдын 11-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 76 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

        

2021-жылдын 11-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун толугу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – жок, бардыгы 59 депутат добуш берди, 76 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (“Ата Мекен”) Б.К.Аманова ант берди.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         3. Ар кандай.

        

Сөз сүйлөдү: депутаттар С.К.Нышанов, П.Р.Тулендыбаев, И.Ш.Омуркулов, А.Т.Алтыбаева, К.Б.Орозова, Б.С.Турускулов, С.Ж.Исманов, О.Ж.Турдумамбетов, У.Ч.Исмаилов.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар Т.У.Жоробеков, Ж.К.Турускулов, А.К.Кемелов, А.А.Алтынбеков, Б.Нурдинов, Ш.К.Атазов, У.Ч.Садиков, О.М.Бакиров, Б.К.Аманова, Д.Д.Бекешев, Б.К.Райымкулов, У.Т.Кыдыралиев, С.К.Нышанов, Б.Ж.Субанбеков.

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.Ч.Исмаилов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, төрагалык кылуучу.

 

Депутат У.Ч.Исмаиловдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

4. “2021-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тышкы аудиторду тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлигин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы Т.С.Абдыгуловдун сөзү.

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 28-августундагы № 455 токтом) “Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

         6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 17-декабрындагы № 615 токтом) “Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү, берүү жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү З.Э.Шараповдун сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

7. 2021-жылдын 10 жана 11-мартында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

100 депутат катталды.

 

2021-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына тышкы аудиторду тандоо боюнча тендердик комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын талапкерлигин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 97, каршы – 1, бардыгы 98 депутат добуш берди, 99 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 99, каршы – жок, бардыгы 99 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 99, каршы – жок, бардыгы 99 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 100, каршы – жок, бардыгы 100 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

        

“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 100, каршы – жок, бардыгы 100 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдум (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы – 5, бардыгы 99 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдум (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна экинчи окууда кайталап добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы – 6, бардыгы 100 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдум (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 93, каршы – 5, бардыгы 98 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

         Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

         “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору боюнча референдум (жалпы элдик добуш берүү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы – 6, бардыгы 100 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

         Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 93, каршы – 1, бардыгы 94 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

        

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

        

         Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төрага                                                                                        Т.Мамытов