Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 38 24.03.2021-ж.

09-04-2021
15:35

38

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

 

2020-2021-жылдар

 

 

 

2021-жылдын 24-марты                                                           10 саат 5 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасы

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

            Жыйналышка катышпаган депутаттар:  Ш.Ш.Абдыкеримов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат М.Н.Койчумановго берилген),  К.М.Жумалиев, Ө.Ч.Текебаев.

87 депутат катталды.

 

 

1. 2021-жылдын 24-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы- жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 88 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, А.К.Кемелов, Б.Нурдинов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, төрагалык кылуучу.

 

2021-жылдын 10-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунушун эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы- жок, бардыгы 73 депутат добуш берди, 92 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

               

            2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты («Бир Бол») А.Ж.Осмоновдун ант берүүсү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу депутат М.А.Маматалиевдин туулган күнү менен куттуктады.

           

 

3.  «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4221-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечиси-Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2020-жылдын 14-январындагы №7 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Сунуш кылынган Мыйзамдын макулдашылган варианты жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзамдын макулдашылган варианты добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

4.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 9-декабрындагы №672 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Н.В.Никитенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, төрагалык кылуучу,  депутат У.Т.Кыдыралиев,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметов, депутаттар И.Ш.Өмүркулов, У.О.Самаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

5.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө”   (2020-жылдын 19-июнундагы №344 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Э.Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметов, депутаттар С.Ж.Исманов, В.Никитенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат К.С.Бокоев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметов, В.Никитенко - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы.

 

            Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы- жок, бардыгы 48 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө”   (2020-жылдын 19-июнундагы №344 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Т.Мамашова, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметов, депутат Ш.К.Атазов.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

6.    Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”    (2019-жылдын 31-декабрындагы №735 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

7.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2021-жылдын 18-январындагы №6 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат С.Ж.Исманов, төрагалык кылуучу.

 

Депутат С.Ж.Исмановдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын  сүйлөгөн сөзү.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т.Мамашова тарабынан демилгеленген  “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын  сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып  сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, А.Т.Мамашова-демилгечи, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Н.К.Омуров, депутаттар Э.Ж.Байбакпаев, К.С.Бокоев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Ш.Осмонова, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Н.К.Омуров, депутат У.Ч.Исмаилов.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө депутат У.Ч.Исмаиловдун   сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы- жок, бардыгы 58 депутат добуш берди, 107 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат К.Ш.Баймуратов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Н.К.Омуров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Өкүлчүлүгүнүн эксперти А.А.Гайыпов, депутаттар У.Т.Кыдыралиев, А.К.Кемелов, К.Ж.Рыспаев, төрагалык кылуучу, депутат А.Ш.Осмонова.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Г.С.Молдобекованын  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, А.Б.Баатырбеков, С.А.Айдаров, А.Алтынбеков, У.З.Ормонов, И.И.Матраимов, А.Т.Алтыбаева, К.Т.Зулушев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык  кодексине, “Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү  киргизүү жөнүндө”   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи - депутат Г.К.Асылбаеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, демилгечи - Г.К.Асылбаева, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Өкүмдөрдү аткаруу жана атайын эсеп башкармалыгынын башчысы Б.Ш.Термечиков.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

 

10. “2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары -комиссиянын төрагасы  А.К.Касымалиеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Г.К.Асылбаева, төрагалык кылуучу.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.          

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2021-жылдын 4-мартында №4448-V токтому менен  макулдашуу тобу иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо   жана “Кыргыз Республикасындагы мунайгаз тармагынын абалы жана күйүүчү-майлоочу материалдардын баалары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун караганга чейин жыйналыштын күн тартиби боюнча каралган мыйзам долбоорлоруна добуш берүүнү жүргүзүү жөнүндө добуш берүү.

 

 Добуш берүүнүн натыйжасы: макул –76, каршы- жок, бардыгы  76 депутат добуш берди, 110 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

11. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2021-жылдын 4-мартында №4448-V токтому менен  макулдашуу тобу иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» (мыйзам долбоорунун демилгечиси- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2019-жылдын 20-ноябрындагы №613 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо .

 

Сунуш кылынган Мыйзамдын макулдашылган варианты жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн Мыйзамдын макулдашылган вариантын добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

 

12. 2021-жылдын 24-мартында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоору боюнча добуш берүү.

 

97 депутат катталды.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 9-декабрындагы № 4221-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”, “Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 97, каршы- жок, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзамдын макулдашылган варианты  кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы- 1, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө”   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 97, каршы- жок, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

“Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”    Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы- 1, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 97, каршы- жок, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 95, каршы- жок, бардыгы 95 депутат добуш берди, 97 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда  кайрадан  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы- жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 103 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык  кодексине, “Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда    добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы- жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 103 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2021-жылдын 4-мартында №4448-V токтому менен  макулдашуу тобу иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 102, каршы- жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 103 депутат  катталган.

Добуш жараксыз деп табылды.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2021-жылдын 4-мартында №4448-V токтому менен  макулдашуу тобу иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 102, каршы- жок, бардыгы 102 депутат добуш берди, 103 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  2021-жылдын 4-мартында №4448-V токтому менен  макулдашуу тобу иштеп чыккан «Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы- жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 103 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

“2015-жылдын 18-ноябрындагы № 29-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоого карата материалдарды кароо боюнча комиссия жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 103, каршы- жок, бардыгы 103 депутат добуш берди, 103 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

13. “Кыргыз Республикасындагы мунайгаз тармагынын абалы жана күйүүчү-майлоочу материалдардын баалары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы- жок, бардыгы 79 депутат добуш берди, 103 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри К.А.Турдубаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутаттар К.Ж.Рыспаев, А.К.Кемелов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар Ш.К.Атазов, Д.Д.Бекешев.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри К.А.Турдубаев, депутат Т.З.Зулпукаров, төрагалык кылуучу, депутаттар А.К.Кемелов, Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары К.Д.Тайлаков, «Кыргызнефтегаз» ААК директорлор кеңешинин төрагасы М.Ж.Тургунбаев, депутаттар М.Э.Мавлянова, А.М.Нурбаев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри К.А.Турдубаев, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары Э.Т.Алишеров, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары К.Д.Тайлаков, депутаттар Р.М.Туманбаева, Б.Нурдинов, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасы мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары В.В.Исаева, «Кыргызнефтегаз» ААК директорлор кеңешинин төрагасы М.Ж.Тургунбаев, депутаттар Э.С.Тагаев, А.Ш.Осмонова, У.Ч.Садиков, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары З.О.Карашев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри К.А.Турдубаев, депутат Т.И.Икрамов, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасы мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары В.В.Исаева, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары К.Д.Тайлаков, «Кыргызстан  Нефтедрейлер Ассоциациясы» ЮЖБнин аткаруучу директору К.С.Эшатов, депутаттар А.М.Маматов, Б.К.Аманова, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары Э.Т.Алишеров, депутаттар О.М.Бакиров, К.Ж.Рыспаев, А.К.Кемелов,  Кыргыз Республикасынын айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары А.Ф.Мукашев, депутат А.Т.Бердиев, төрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                        Т. Мамытов