Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 40 31.03.2021-ж.

09-04-2021
15:38

  40

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

 

2020-2021-жылдар

 

 

 

2021-жылдын  31-марты                                                          10 саат 10 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасы

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

            Жыйналышка катышпаган депутаттар:  Ш.Ш.Абдыкеримов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат М.Н.Койчумановго берилген),  А.А.Арапбаев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат У.Б.Примовго  берилген),  Э.Ж.Байбакпаев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.К.Бешимбаевага берилген),  К.М.Жумалиев, Н.Т.Каримов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Г.С.Молдобековага берилген),  А.Ш.Осмонова (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат У.Б.Примовго  берилген), Р.М.Туманбаева (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат З.Э.Шараповго берилген).

 

81 депутат катталды.

 

 

1. 2021-жылдын 31-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 82 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Т.Алтыбаева, К.Ж.Рыспаев, Ш.К.Атазов, А.Т.Бердиев, төрагалык кылуучу.

 

2021-жылдын 31-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутаттар А.Т.Алтыбаева жана К.Ж.Рыспаевдин сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы- жок, бардыгы 76 депутат добуш берди, 96 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

2. 2021-жылдын апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планынын долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы- жок, бардыгы 79 депутат добуш берди, 96 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат Т.И.Икрамов.

 

2021-жылдын апрелине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календардык планынын долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы- жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 96 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты Ш.И.Абдылдаевдин («Ата Мекен») ант берүүсү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

            Төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин депутаттарын «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын  лидери болуп депутат С.К.Нышанов шайлангандыгы  тууралуу «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын чечими менен тааныштырды.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 19-сентябрындагы  №492 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

5.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2018-жылдын 22-ноябрындагы  №543 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Р.М.Туманбаева, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметов.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары М.Д.Каниметов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин  жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Башкы башкармалыктын башчысынын орун басары Ы.К.Саркулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Т.Ж.Жеембаев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаров, төрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 98 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 17-февралындагы  №84 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, А.Ш.Осмонова тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат Г.К.Асылбаеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев,  демилгечи- Г.К.Асылбаева, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары А.С.Тезекбаева, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Ш.К.Атазов.

 

Депутат Д.Д.Бекешевдин сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Э.Төрөбаев, төрагалык кылуучу.

 

 

8.  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун каршы пикири  жөнүндө» (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар М.И.Бакиров,  А.Ш.Жээнбеков, М.А.Айнакулов, А.Ж.Акматов, А.Ү.Жапаров, Р.М.Туманбаева, К.С.Бокоев, Э.Т.Токтошев) маселени кароо.

 

 Сунуш кылынган каршы пикир жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары И.Марсбек уулунун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

 

Саат 12.00

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун каршы пикири  жөнүндө» (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар М.И.Бакиров,  А.Ш.Жээнбеков, М.А.Айнакулов, А.Ж.Акматов, А.Ү.Жапаров, Р.М.Туманбаева, К.С.Бокоев, Э.Т.Токтошев) маселени кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар С.К.Нышанов, Р.М.Туманбаева, Кыргыз Республикасынын  айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Марсбек уулу И., депутаттар А.Т.Алтыбаева, Ш.К.Атазов, У.Ч.Исмаилов, М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Б.А.Жусупбеков, депутаттар К.С.Бокоев, А.А.Карашев, Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Ж.К.Керималиев, депутат У.О.Самаев, төрагалык кылуучу.

 

Ушул Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун каршы пикирине макулдук берүүгө Комитеттин сунушу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Н.К.Алимбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Каршы пикирди добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

            Чыгып сүйлөштү: депутаттар К.К.Керезбеков, Ш.К.Атазов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, депутат Е.Г.Строкова.

 

            "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө", «Кыргыз Републикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) орун басарын шайлоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорлорун, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматовдун сунушу боюнча  «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан Калиева Гульбара Утюровнаны убактылуу четтетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу жөнүндө» маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө депутат К.К.Керезбековдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы- 1, бардыгы 78 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

            9. Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин депутаттары Д.Э.Төлөнов, Т.А.Масабиров, Г.К.Асылбаева, У.Б.Примов, Т.Г.Тиллаев, Б.С.Турусбеков, И.Т.Гайпкулов, К.Ж.Рыспаев, М.И.Бакиров тарабынан демилгеленген «Кесиптик бирликтер жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин өкүлү Ч.Ч.Урумкалиеванын  сүйлөгөн сөзү.

           

Чыгып сүйлөштү: депутат И.Ю.Карамушкина, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары С.С.Закиров, депутаттар Ш.К.Атазов, К.Ж.Рыспаев - демилгечи, Д.Д.Бекешев, М.Э.Мавлянова, Б.К.Аманова, Р.Ч.Момбеков, төрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- 1, бардыгы 62 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Т.Алтыбаева,  К.Ж.Рыспаев-демилгечи, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар Ч.Ч.Урумкалиева -  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин өкүлү, У.О.Самаев,  Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары С.С.Закиров.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин өкүлү Ч.Ч.Урумкалиеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

10. «Кыгыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтомдун долбоору жөнүндө парламенттик көпчүлүк Коалициясынын жетекчиси депутат И.Ш.Өмүркуловдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат С.К.Нышанов.

 

Сунуш кылынган токтомдун долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Ч.И.Садырованын сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутат Ж.К.Акаев, төрагалык кылуучу, депутат И.Ш.Өмүркулов- парламенттик көпчүлүк Коалициясынын жетекчиси.

 

            Сунуш кылынган токтомдун долбоору жөнүндө парламенттик оппозициядан «Ата Мекен» парламенттик фракциясынын лидери С.К.Нышановдун сүйлөгөн сөзү.

 

"Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, К.К.Керезбеков - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы,  Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына талапкер Б.Ж.Дюшеналиев, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына талапкер А.С.Арзыбаев, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына талапкер Б.Ы.Сатылганов, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына талапкер Ш.Р.Камчыбеков, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына талапкер Ж.А.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына талапкер Л.Ч.Жолдошева, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына талапкер Э.Б.Барыктабасова, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына талапкер Д.Ш.Качкыналиева, Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамына талапкер М.С.Динеев,  депутат И.Ю.Карамушкина, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Ч.И.Садырова, депутаттар Р.Ч.Момбеков, Ж.К.Акаев, У.Ч.Садиков, төрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- 2, бардыгы 64 депутат добуш берди, 104 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

11. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан Калиева Гульбара Утюровнаны убактылуу четтетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу жөнүндө» маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматынан Калиева Гульбара Утюровнаны убактылуу четтетүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин сунушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- 4, бардыгы 65 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов.

 

12. «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) орун басарын шайлоо тууралуу» маселени кароо.

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) орун басарынын кызматына А.С.Султанбековду шайлоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Б.Мамытовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) орун басарынын кызматына  талапкер А.С.Султанбеков, депутат Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Б.Мамытов, төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) орун басарын шайлоо боюнча  электрондук системаны колдонуу менен жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жөнүндө добуш берүү.

 

 Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- 7, бардыгы 69 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

«Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) орун басарынын кызматына А.С.Султанбековду шайлоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү. 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 45, каршы- 25, бардыгы 70 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

13. «Кыргыз Републикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү  тууралуу» (депутаттар А.К.Кемелов, Ш.К.Атазов, А.Ж.Осмонов, Б.К.Аманова жөнүндө)  Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө «Республика-Ата-Жут» парламенттик фракциясынын лидери Ж.К.Турускуловдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

«Кыргыз Републикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү  тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы К.К.Керезбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

 

«Кыргыз Републикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI  токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү  тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү. 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 86, каршы- жок, бардыгы 86 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

14. 2021-жылдын 24, 25 жана 31-мартында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча  добуш берүү.

 

97 депутат катталды.

 

Чыгып сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева, төрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмени) орун басарынын кызматына А.С.Султанбековду шайлоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбооруна кайрадан добуш берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиеванын сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 34, каршы- 27, бардыгы 61 депутат добуш берди, 97 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

2021-жылдын 24, 25 жана 31-мартында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча  добуш берүү.

 

“Кыргыз Республикасындагы мунайгаз тармагынын абалы жана күйүүчү-майлоочу материалдардардын баалары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү. 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 91, каршы- жок, бардыгы 91 депутат добуш берди, 97 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 97, каршы- жок, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Баалоо ишмердиги жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 97, каршы- жок, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 97, каршы- жок, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 97, каршы- жок, бардыгы 97 депутат добуш берди, 97 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышынын жүрүшү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын маалыматы тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү. 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 94, каршы- жок, бардыгы 94 депутат добуш берди, 97 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

“Бишкек шаарында абанын булганышынын деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2019-жылдын 26-декабрындагы № 3477-VI токтомунун аткарылышынын жүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү. 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы- жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 97 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 19-сентябрындагы  №492 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 95, каршы- жок, бардыгы 95 депутат добуш берди, 97 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 19-сентябрындагы  №492 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 96, каршы- жок, бардыгы 96 депутат добуш берди, 97 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 19-сентябрындагы  №492 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы- жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 98 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы- жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 98 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы- жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 98 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун каршы пикирине макулдук берүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 98, каршы- жок, бардыгы 98 депутат добуш берди, 98 депутат  катталган.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун каршы пикирине макулдук берүү чечими кабыл алынды.

 

«Кесиптик бирликтер жөнүндө»   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 92, каршы- 4, бардыгы 96 депутат добуш берди, 98 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

«Кесиптик бирликтер жөнүндө»   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 93, каршы- 5, бардыгы 98 депутат добуш берди, 98 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                Т. Мамытов