Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 41 08.04.2021-ж.

11-05-2021
15:18

41

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

 

2020-2021-жылдар

 

 

 

2021-жылдын  8-апрели                                                           10 саат 10 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасы

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

            Жыйналышка катышпаган депутаттар:  К.М.Жумалиев, С.К.Нышанов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Н.О.Сыдыгалиевге берилген).

 

86 депутат катталды.

 

 

1. 2021-жылдын 8-апрелиндеги жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы- 2, бардыгы 65 депутат добуш берди, 86 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Г.К.Асылбаева, А.Т.Алтыбаева, Д.Д.Бекешев, Ш.К.Атазов, У.З.Ормонов, Н.В.Никитенко, А.Т.Мамашова, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

2021-жылдын 8-апрелиндеги  жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутаттар Г.К.Асылбаева, А.Т.Алтыбаева, Д.Д.Бекешев, Ш.К.Атазов, У.З.Ормонов, Н.В.Никитенко, А.Т.Мамашова, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 93 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты Р.Р.Рысбаевдин (КСДП) ант берүүсү.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты М.А.Абдалиевдин («Өнүгүү-Прогресс») ант берүүсү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

                Депутат А.Т.Алтыбаева 5 мүнөт сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндөгү сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы- 3, бардыгы 62 депутат добуш берди, 95 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

            4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутаты А.Т.Алтыбаеванын сүйлөгөн сөзү.

 

            5. Ар түрдүү.

 

            Чыгып сүйлөдү: депутат Ж.А.Мусабекова.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Э.Т.Токтошев, Д.Д.Бекешев, А.Т.Алтыбаева, И.Ю.Карамушкина, Э.С.Тагаев, Ж.К.Акаев, М.А.Маматалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Ш.Осмонова, У.Т.Кыдыралиев, Р.Ч.Момбеков, А.Т.Мамашова, Б.К.Аманова, У.З.Ормонов, А.Алтынбеков, Г.К.Асылбаева, Ж.К.Турускулов,  А.А.Карашев, Ш.К.Атазов, Т.И.Икрамов, С.Ж.Исманов, А.К.Кемелов, Т.К.Конушбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Депутат А.Алтынбековдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча жана Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат Т.И.Икрамовдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат А.К.Кемеловдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.К.Ибраев тарабынан демилгеленген “Автордук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору  жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин өкүлү Ч.Ч.Урумкалиеванын  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Чек ара районунда аскердик тармакта ишенимди чыӊдоо жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1996-жылдын 26-апрелиндеги макулдашууну жана Чек ара районунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу жөнүндө Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 1997-жылдын 24-апрелиндеги макулдашууну аткаруу боюнча өз ара аракеттенүү принциптери жана тартиби тууралуу Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана Тажикстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2002-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында түзүлгөн протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 17-майында Алматы шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” (2020-жылдын 16-декабрындагы №611 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору  жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.А.Артыковдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Ш.К.Атазов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2020-жылдын 14-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге Армения Республикасынын кошулуусу тууралуу 2014-жылдын 10-октябрындагы келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” (2020-жылдын 20-ноябрындагы №575 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору  жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.А.Артыковдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү, өткөрүп берүү жөнүндө жана жазык иштери боюнча өз ара укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  (2020-жылдын 17-декабрындагы №615 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.А.Артыковдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Б.К.Аманова, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.А.Артыковдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыздоо жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик программаны бекитүү жөнүндө” (2021-жылдын 20-январындагы №9 токтому) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.А.Артыковдун сүйлөгөн сөзү.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Э.И.Бахавадинованын сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Ш.К.Атазов, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Э.И.Бахавадинова.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Б.К.Аманова, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Э.И.Бахавадинова, депутаттар Д.Б.Аттокуров, О.Ж.Турдумамбетов, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары Э.Т.Алишеров, депутаттар Ч.Ч.Урумкалиева, Ш.И.Абдылдаев, Б.Э.Төрөбаев, Т.У.Жоробеков, төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

            Каралып жаткан токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы- жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            11. “2021-жылга Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын Чынгыз Айтматов атындагы сыйлыгы менен сыйлоонун акчалай өлчөмүн бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин өкүлү А.А.Артыковдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.          

 

12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.С.Турусбеков, Д.А.Джумабеков тарабынан демилгеленген  “Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат Б.С.Турусбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева   төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар  Д.Б.Аттокуров, демилгечи- Б.С.Турусбеков, Т.З.Зулпукаров, Б.К.Аманова, Б.Ж.Жетигенов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат Р.Ч.Момбеков,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Карагулова, төрагалык кылуучу.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 15 мүнөт

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.С.Турусбеков, Д.А.Джумабеков тарабынан демилгеленген  “Ысык-Көл областынын аймагындагы, туристтик-оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Ж.Осмонов, демилгечи- Б.С.Турусбеков,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары А.Н.Карагулова, депутаттар Н.В.Никитенко, А.Ш.Жээнбеков, А.Алтынбеков, А.Ж.Осмонов, төрагалык кылуучу, депутаттар Б.Ж.Жетигенов, Т.З.Зулпукаров, А.Т.Бердиев, У.З.Ормонов, А.Т.Мамашова, Д.Д.Бекешев, Ш.К.Атазов.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи  окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты У.З.Ормонов тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда    кароо.

 

Сунуш кылынган конституциялык Мыйзамдын долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин өкүлү А.К.Касымалиеванын сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн конституциялык Мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

14.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Т.Алтыбаева, А.Ш.Осмонова, А.А.Карашев,  А.А.Аскарова, А.Т.Мамашова, М.Э.Мавлянова, Е.Г.Строкова, Н.В.Никитенко, К.Б.Орозова, Н.К.Алимбеков, Н.Т.Каримов, Р.Ч.Момбеков тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иштер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи  окууда кароо.

 

Сунуш кылынган  мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: депутат Н.В.Никитенко.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи  окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, А.Ш.Осмонова тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Г.К.Асылбаева, төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, А.Ш.Осмонова тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда жыйналыштын күн тартибинин долбоорунан алып салуу тууралуу демилгечи-депутат Г.К.Асылбаеванын сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 92 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

16.  «Айзада Канатбекованын уурдалышы жана өлтүрүлүшү боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин маалыматы тууралуу» маселени кароо.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутаттар Н.В.Никитенко, Д.Д.Бекешев, А.Т.Мамашова,  Б.К.Аманова,  төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Ж.Аширходжаев.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлөштү:  депутаттар Б.Э.Төрөбаев, А.Ж.Осмонов, Г.К.Асылбаева, Т.З.Зулпукаров, А.Т.Алтыбаева, У.З.Ормонов, А.К.Касымалиева, Р.Ч.Момбеков, Т.И.Икрамов, Б.Ж.Жетигенов, төрагалык кылуучу, депутаттар Ш.К.Атазов, Е.Г.Строкова, К.К.Иманалиев.

 

Депутат А.Т.Алтыбаеванын сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

17. «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө БШКнын маалыматы тууралуу» маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Ш.К.Атазов, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматов,  депутаттар Б.К.Аманова, А.Ш.Осмонова, төрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

«Айзада Канатбекованын уурдалышы жана өлтүрүлүшү боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин маалыматы тууралуу» маселени кароонун уландысы.

 

Сунуш кылынган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министри У.О.Ниязбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Ж.Аширходжаев, Бишкек шаарынын ИИШБнын начальниги Б.А.Матмусаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри У.О.Ниязбеков.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.К.Касымалиева, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри У.О.Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Э.Ж.Аширходжаев,  депутаттар А.Т.Мамашова, К.К.Иманалиев, Бишкек шаарынын ИИШБнын начальниги Б.А.Матмусаев,  депутаттар А.Ж.Осмонов, Т.И.Икрамов, А.А.Аскарова, Н.В.Никитенко, Б.К.Аманова, Ш.К.Атазов, Г.К.Асылбаева, А.Ш.Осмонова, Б.С.Турусбеков, И.Ш.Өмүркулов, А.Т.Алтыбаева, Ж.К.Акаев, Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу,  Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары А.К.Солтонбекова.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат А.К.Кемелов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри У.О.Ниязбеков, депутат А.Ш.Осмонова, төрагалык кылуучу.

 

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                    Т. Мамытов