Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 42 15.04.2021-ж.

11-05-2021
15:20

42

 

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

 

2020-2021-жылдар

 

 

 

2021-жылдын  15-апрели                                                         10 саат 10 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасынын орун

басары

Н.О.Сыдыгалиев

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлүнүн орун басары И.Ж.Мойдинов.

 

            Жыйналышка катышпаган депутаттар:  А.Т.Алтыбаева, А.Ш.Жээнбеков  (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Т.З.Зулпукаровго  берилген), К.К.Иманалиев, Т.Т.Мамытов, Э.Т.Токтошев.

 

76 депутат катталды.

 

 

1. 2021-жылдын 15-апрелиндеги жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы- жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 76 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.А.Маматалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар К.Ж.Рыспаев, Г.К.Асылбаева, Ш.К.Атазов,  Н.В.Никитенко.

 

2021-жылдын 8-апрелиндеги  жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутаттар М.А.Маматалиев, К.Ж.Рыспаев, Г.К.Асылбаева, Ш.К.Атазов жана   Н.В.Никитенконун  сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы- жок, бардыгы 73 депутат добуш берди, 88 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Депутат К.Ж.Рыспаевдин сүйлөгөн сөзү  боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер,  билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

Чыгып сүйлөштү: депутат З.К.Рысалиев, төрагалык кылуучу.

 

 Депутат З.К.Рысалиев 5 мүнөткө чейин сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндөгү сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы- 2, бардыгы 61 депутат добуш берди, 91 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.К.Атазовдун сүйлөгөн сөзү.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты З.К.Рысалиевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

            4. Ар түрдүү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутаттар Е.Г.Строкова, И.Ю.Карамушкина, Д.Д.Бекешев, У.З.Ормонов, А.К.Кемелов, Б.Нурдинов, К.Б.Орозова, М.А.Маматалиев, С.К.Нышанов, А.Т.Мамашова, А.М.Нурбаев, А.А.Карашев, Г.К.Асылбаева, Н.В.Никитенко, Н.Т.Тотонов, И.Ш.Өмүркулов, У.Т.Кыдыралиев, У.Ч.Исмаилов, У.Ч.Садиков, А.Ж.Осмонов, О.М.Бакиров, Ш.К.Атазов, А.Т.Бердиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

            Депутат А.К.Кемеловдун сүйлөгөн сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

            5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Мавлянова, Т.Г.Тиллаев, А.А.Турсунбаев, Т.З.Зулпукаров, А.Алтынбеков тарабынан демилгеленген “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

            6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров, А.Т.Абжалиев  тарабынан демилгеленген “Баалоо иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары Б.А.Алиев, депутаттар Э.Ж.Байбакпаев, Г.К.Асылбаева-демилгечи.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

 

            7.  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Г.К.Асылбаева, С.А.Айдаров, тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Э.Төрөбаев, төрагалык кылуучу.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

            8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” (2020-жылдын 17-февралындагы №84 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Б.Э.Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигине караштуу баалуу металлдар департаментинин директору К.М.Мадумаров,  Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары Б.А.Алиев, депутаттар Э.Ж.Байбакпаев, Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар Ш.К.Атазов, А.М.Нурбаев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

            9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “Банктык эмес финансылык рыноктун маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2020-жылдын 30-январындагы №44 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

            10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш.Өмүркулов, А.К.Касымалиева, Т.А.Масабиров тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Б.С.Турусбеков,  Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри У.М.Шамырканов, депутат Э.Ж.Байбакпаев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин  курчап турган чөйрөнү жана экологиялык коопсуздук тармагын жөнгө салуу мамлекеттик Борборунун радиациялык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы М.Т.Калыков, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык  өнүктүрүү  министрлигинин ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык жөнгө салуу департаментинин радиациялык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Н.Т.Казыбаев,  депутат  А.Ш.Осмонова,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин  курчап турган чөйрөнү жана экологиялык коопсуздук тармагын жөнгө салуу мамлекеттик Борборунун   директору Жумакадыр Бакай, төрагалык кылуучу,  депутаттар Ш.И.Абдылдаев, А.А.Карашев.

 

            Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.      

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

 

            11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туралуу”  (2021-жылдын 15-февралындагы №42 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары Н.И.Кирешеевдин сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат П.Р.Тулендыбаев, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары Н.И.Кирешеев, төрагалык кылуучу.

 

            Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 46, каршы- жок, бардыгы 46 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы- жок, бардыгы 55 депутат добуш берди, 107 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген “2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Аскердик багыттагы спутник байланыш системаларын пайдалануу жана аларды андан ары өркүндөтүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо туралуу”  (2021-жылдын 15-февралындагы №42 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароонун уландысы.

 

            Чыгып сүйлөштү: Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары Н.И.Кирешеев, депутаттар П.Р.Тулендыбаев, Э.Ж.Байбакпаев, Д.Д.Бекешев, Б.Нурдинов, Б.С.Турусбеков, М.А.Абдалиев, А.Ш.Осмонова.

 

            Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

            12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген  “Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2021-жылдын 5-мартындагы №75 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин  орун басары А.М.Мадмаровдун  сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Т.З.Зулпукаров, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин  орун басары А.М.Мадмаров,  депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору А.К.Имангазиев.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат Ш.И.Абдылдаев, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин  орун басары А.М.Мадмаров,  депутаттар Э.Ж.Байбакпаев,  Ж.К.Акаев, Ч.Ч.Урумкалиева, А.К.Кемелова,  Р.Ч.Момбеков, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору А.К.Имангазиев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т.Абдиев, депутаттар У.З.Ормонов, А.А.Карашев, Б.С.Турусбеков, М.А.Абдалиев, М.Э.Мавлянова, А.Ш.Осмонова.

 

            Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

            13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген   “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2021-жылдын 24-мартындагы №114 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин  орун басары Н.Т.Абдиевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутат К.Ж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин  орун басары Н.Т.Абдиев, депутаттар Д.Д.Бекешев, Т.З.Зулпукаров, Ш.И.Абдылдаев, О.М.Бакиров, А.А.Аскарова, А.Т.Бердиев, Ж.К.Акаев.

 

            Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

            14. “Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучунун каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 4366-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар К.Ж.Рыспаев, Ж.К.Турускулов, Б.С.Турусбеков, З.С.Эсенаманов, М.А.Маматалиев) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Ж.Рыспаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Н.Шыкмаматов, Н.В.Никитенко тарабынан демилгеленген  "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечи-депутат Н.В.Никитенконун сүйлөгөн сөзү.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат К.Ж.Рыспаев, Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басары  Н.И.Кирешеев, депутаттар Н.В.Никитенко-демилгечи,  М.Э.Мавлянова, Г.К.Асылбаева, А.А.Аскарова, Б.С.Турусбеков, У.Ч.Садиков, У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат З.Э.Шарапов.

 

            Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу  жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.    

 

            16. «Кесиптик бирликтер жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 23-октябрындагы №3298-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу  жөнүндө убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөсү - депутат К.Ж.Рыспаевдин сүйлөгөн сөзү.

 

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

 

17. «Өзбекстан Республикасы жана Тажикстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек араларын делимитациялоонун жана демаркациялоонун абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу» маселени кароо.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлөштү: депутат О.М.Бакиров, төрагалык кылуучу, депутаттар Ж.К.Акаев, У.З.Ормонов.

 

 

Жыйналыш андан ары жабык өткөрүлдү.

 

 

 

Төраганын орун басары                                               Н. Сыдыгалиев