Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 46 17.05.2021-ж.

09-06-2021
17:03

 46

 

Кезексиз жыйналыш

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН VIII СЕССИЯСЫ

2020-2021-ЖЫЛДАР

 

 

2021-жылдын 17-майы                                                                         Саат 10.00

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

           

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын                                                                                        Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

Т.Т.Мамытов

 

 

Кезексиз жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары К.Р.Садыков, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Кезексиз жыйналышка катышпаган депутат: И.А.Маннанов  (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат И.Ш.Өмүркуловго берилген), З.Э.Шарапов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат М.Э.Мавляновага  берилген).

 

 

92 депутат катталды.

 

           

            1. 2021-жылдын 17-майындагы кезексиз жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

           

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 93, каршы – 1, бардыгы 94 депутат добуш берди, 100 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

           

           

Чыгып сүйлөштү:  депутат У.Ч.Исмаилов, төрагалык кылуучу.

 

           

2021-жылдын 17-майындагы кезексиз жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

           

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – 6, бардыгы 80 депутат добуш берди, 105 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

           

Чыгып сүйлөдү:  төрагалык кылуучу.

 

           

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты О.С.Жээнбаевдин («Республика-Ата-Журт») ант берүүсү.

 

           

3. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы №4405–VI  жана 2021-жылдын 24-февралындагы №4422- VI токтомдору менен түзүлгөн  «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы №465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча  “Кумтөр” алтын кенин казып алууну иштеп чыгуунун натыйжалуулугун иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын отчету тууралуу”    маселени  кароо.

 

           

Чыгып сүйлөдү: депутат А.Ү.Жапаров - Мамлекеттик комиссиянын төрагасы.

 

           

Ушул маселе боюнча видеожазуу көрсөтүлүп жатат.

 

           

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Мамлекеттик комиссиянын төрагасы- депутат А.Ү.Жапаровдун сүйлөгөн сөзү.

 

           

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Д.А.Кутманованын сүйлөгөн сөзү.

 

           

Сунуш кылынган маселе жөнүндө “Центерра Голд Инк.” директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүктүн сүйлөгөн сөзү.

 

           

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Р.Ч.Момбеков, К.К.Иманалиев.

 

           

Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү-депутат Р.Ч.Момбековдун сүйлөгөн сөзү.

 

           

Чыгып сүйлөштү:  депутат Ш.К.Атазов, төрагалык кылуучу.

 

           

Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү-депутат К.К.Иманалиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

           

Чыгып сүйлөштү: төрагалык кылуучу,  депутат А.Т.Сулайманов.

 

           

Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү-депутат С.К.Ибраевдин  сүйлөгөн сөзү.

 

           

Чыгып сүйлөштү: депутат  А.Ж.Осмонов, төрагалык кылуучу.

 

           

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.К.Ташиевдин сүйлөгөн сөзү.

 

           

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

           

Чыгып сүйлөштү: депутат М.К.Жеенчороев, төрагалык кылуучу.

 

           

Кезексиз жыйналыштын ишин тыныгуусуз улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – 4, бардыгы 78 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

           

Чыгып сүйлөштү: депутаттар  А.Ү.Жапаров- Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Ж.К.Акаев, Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.К.Ташиев,  депутаттар С.К.Нышанов, Д.Д.Бекешев, С.К.Ибраев.

 

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

 

            Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.К.Касымалиева,  А.Ү.Жапаров- Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, “Центерра Голд Инк.” директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы У.А.Марипов, депутаттар Э.Т.Токтошев, Р.М.Туманбаева, С.Ж.Исманов, Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.А.Кутманова,  депутаттар У.Б.Примов, А.М.Нурбаев, “Кыргызалтын” ААК башкармалыктын төрагасы М.А.Чолпонкулов,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары- экономика жана финансы министри У.Т.Кармышаков.

 

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

 

            Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

           

Каралып жаткан маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – 4, бардыгы 67 депутат добуш берди, 113 депутат катталган.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

            Чыгып сүйлөштү: депутаттар А.Т.Сулайманов, А.С.Токторов, “Центерра Голд Инк.” директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк,  депутаттар Ш.К.Атазов, А.Ү.Жапаров-Мамлекеттик комиссиянын төрагасы,  М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.К.Ташиев,  депутаттар У.Ч.Садиков, О.М.Бакиров, Б.К.Аманова, төрагалык кылуучу,  Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.А.Кутманова,  депутаттар А.Т.Алтыбаева, А.Т.Сулайманов, У.З.Ормонов,  “Кыргызалтын” ААК башкармалыктын төрагасы М.А.Чолпонкулов, депутаттар Н.К.Алимбеков, У.Т.Кыдыралиев, төрагалык кылуучу.

 

            Каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкууда ар бир парламенттик фракциядан экиден депутатка сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө  депутат У.Т.Кыдыралдиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы – 5, бардыгы 77 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

           

Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.Ю.Абдылдаев, А.Ү.Жапаров-Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, , “Кыргызалтын” ААК башкармалыктын төрагасы М.А.Чолпонкулов, “Центерра Голд Инк.” директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк, депутат У.З.Ормонов.

 

           

Чыгып сүйлөштү:  депутаттар Т.З.Зулпукаров (КСДП), А.Ү.Жапаров-Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары- Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин директору М.Б.Сатыбеков,  Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Д.А.Кутманова,  депутат К.Ж.Рыспаев (КСДП), “Центерра Голд Инк.” директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк, депутаттар А.Ш.Осмонова (КСДП), А.Т.Бердиев, М.А.Маматалиев (“Республика-Ата-Журт”), Т.К.Конушбаев, Б.Нурдинов (“Кыргызстан”), Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы У.А.Марипов.

 

           

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Ш.К.Атазов, М.К.Жеенчороев.

 

           

Чыгып сүйлөштү: депутат А.Л.Юсуров (“Өнүгүү-Прогресс”), “Центерра Голд Инк.” директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк, депутаттар М.А.Абдалиев, (“Өнүгүү-Прогресс”), А.Т.Сулайманов, Б.С.Турусбеков, А.Ж.Осмонов (“Бир Бол”), Н.В.Никитенко, Ш.И.Абдылдаев (“Ата Мекен”).

 

           

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

            Чыгып сүйлөштү: депутаттар М.К.Жеенчороев, А.Ү.Жапаров-Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Б.Нурдинов, Б.С.Турусбеков, К.К.Иманалиев, Д.А.Джумабеков, “Центерра Голд Инк.” директорлор кеңешинин мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк, төрагалык кылуучу.

 

           

Жыйналыштын күн тартибиндеги  маселелерди карап бүткөнгө чейин кезексиз жыйналыштын ишин узартуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 83, каршы – 2, бардыгы 85 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

           

Чыгып сүйлөштү:  депутаттар У.Т.Кыдыралиев, Т.З.Зулпукаров, А.Ү.Жапаров – Мамлекеттик комиссиянын төрагасы, төрагалык кылуучу.

 

           

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы №4405–VI  жана 2021-жылдын 24-февралындагы №4422- VI токтомдору менен түзүлгөн  «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКынын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №2805-V токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы №465 токтомунун аткарылышын контролдоо боюнча  “Кумтөр” алтын кенин казып алууну иштеп чыгуунун натыйжалуулугун иликтөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын отчету тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 91, каршы – жок, бардыгы 91 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

           

Чыгып сүйлөштү:  төрагалык кылуучу, депутат А.Ү.Жапаров- Мамлекеттик комиссиянын төрагасы.

 

           

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

           

“2021-жылдын 28-30 апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен  областынын Баткен  жана Лейлек  райондорундагы  Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участкасында болгон  чек ара жана  куралдуу кагылышуулар боюнча Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн маалымааты жөнүндө”  маселени кароодо  кезексиз жыйналыштын ишин жабык улантуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 1, бардыгы 72 депутат добуш берди, 114 депутат катталган.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Андан ары кезексиз жыйналыш жабык уланууда.

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                             Т. Мамытов