25-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Миграция боюнча кеңештин катчылыгынын демилгеси менен Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытовдун Кыргыз Республикасына келген кеңештин АКШдагы, Япониядагы жана Россия Федерациясындагы коомдук өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуусу болду.
Жолугушууда коомдук өкүлдөр өздөрү жашаган өлкөлөрдө ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана миграциялык саясатты реформалоо чөйрөсүндөгү демилгелер тууралуу айтып беришти. Ошондой эле Кеңештин чет өлкөлөрдөгү коомдук өкүлдөрү институту мигранттарды жана диаспораларды колдоонун маанилүү аянтчасы жана каражаты болуп, Жогорку Кенештин колдоосунда алган мандаттарынын алкагында чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин укуктарынын сакталышын камсыздоо маселелерин чечүүгө тийиш экендиги белгиленди.
Коомдук өкүлдөрдүн өлкөбүздү өнүктүрүү боюнча демилгелерине өзгөчө көңүл бурулуп, Кеңештин ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири тажырыйба алмашуу жана өлкөбүздө эң алдыңкы тажырыйбаларды пайдалануу болуп саналаары белгиленди. Жолугушуу учурунда Миграция боюнча кеңештин коомдук өкүлдөрү алып келишкен конкреттүү долбоорлор каралды. Бул долбоорлор кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө, мекендештерибиздин кайтып келиши үчүн жумушчу орундарды түзүү максатында билим берүү жана маданият чөйрөсүндө тажырыйба алмашууга багытталган.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Төрагасы сунуш -пикирлерди эске алуу менен жогорудагы долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу алдыга коюлган максаттарга жетишүүгө болооруна ишенгендигин билдирди. Кеңештин жетекчиси өз кезегинде миграциялык саясат чөйрөсүндөгү реформалар өздөрүнүн Мекенин өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатышкан биздин чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы