Жолугушууда Михаэль Шпинделлегер мекеменин ишмердүүлүгү жана Борбор Азия өлкөлөрү, анын ичинен Кыргызстан менен Борбор Азиядагы чек араларды башкарууга көмөктөшүү программасына тиешелүү Европа биримдигинин долбоорлору аркылуу кызматташуу маселелери боюнча маалымат берди.
Өз кезегинде Төрага Талант Мамытов Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор менен Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊештин катчылыгынын ортосундагы кызматташтыктын зарылчылыгына токтолду.
Михаэль Шпинделлегер Жогорку Кеңештин Төрагасынан Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн ачууга көмөктөшүүнү өтүндү. Белгиленгендей, Бишкек жана Ош шаарларында Ресурстук борборлордун ачылышы кыргызстандыктардын чет өлкөдө мыйзамдуу эмгектенүүсүнө багытталган окууларды өткөрүүгө өбөлгө түзүп, бир катар долбоорлорду ишке ашырууга шарт жаралат.
Жолугушуу соңунда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын алдындагы миграция, мекендештер жана чет өлкөлөрдөгү диаспоралар маселелери боюнча кеӊештин катчылыгы менен Миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбор ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы