Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4858-VI Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету тууралуу

22-09-2021
11:10

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын
2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчетун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м  к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин отчету канааттандыраарлык эмес деп таанылсын.

 

2. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши:

  • Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы финансылык иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрсүн;
  • балдар жана өспүрүмдөр үчүн тарбиялоочу жана билим берүүчү телерадиопрограммаларды өндүрүү боюнча эл аралык стандарттарга жооп берген ата мекендик контентти жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн;
  • Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын финансылык жана чарбалык ишинин ар жылдагы милдеттүү тышкы аудитин жөргүзүүнү контролго алсын;
  • кабыл алынган чечимдерди контролдоону камсыз кылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине жүктөлсүн.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                   Н.О. Сыдыгалиев