Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 29-сентябрындагы № 4861-VI Т.С. Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө

29-09-2021
09:30

Абдыгулов Толкунбек Сагынбековичтин Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши  т о к т о м  к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 125-беренесинин 1-бөлүгүнө,  «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 2-бөлүгүнө ылайык Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

 

 

 

Төрага                                                                                     Т.Т. Мамытов