Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 6-октябрындагы № 4903-VI “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

06-10-2021
17:13

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м   к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президенти демилгелеген (2021-жылдын 17-июнундагы чыг. № 01-1738) “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Көрсөтүлгөн мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президенти демилгелеген (2021-жылдын 17-июнундагы чыг. № 01-1743) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен бириктирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын бириктирилген долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине киргизсин.

 

 

 

Төрага                                                                                       Т.Т. Мамытов