Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4894-VI “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

30-09-2021
11:40

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м  к ы л а т:

 

1. “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ахмедов Канатбек Абдурашидович Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин курамына киргизилсин.

 

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

 

9-пунктта:

  • төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

“Ахмедов Канатбек Абдурашидович – “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан;”;

  • он экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

 

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                   Н.О. Сыдыгалиев