Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

2021-жылдын 20-октябрындагы № 4919-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

20-10-2021
14:48

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши т о к т о м   к ы л а т:

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2021-жылдын 20-октябрындагы жыйналышынын төмөнкүдөй күн тартиби бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары

Алайбек Анаркулович Алымбаевдин

Арсланбек Шукуруллаевич Ражапбаевдин ант берүүсү;

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын
6-майындагы № 4544-VI токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан чогултулган акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштөөсү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын
22-сентябрындагы № 4855-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты тууралуу;

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Ички чарбалык ирригациялык тутумдарды башкаруу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын
30-сентябрындагы № 4890-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын
30-сентябрындагы № 4882-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын
30-сентябрындагы № 4883-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын
7-октябрындагы № 4916-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын
7-октябрындагы № 4915-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө”, “Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган варианты жөнүндө;

“2020-2022-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасын бекитүү тууралуу жана “Мамлекеттештирилген объекттерди натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча программаны бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 8-июлундагы № 941-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
2020-жылдын 25-июнундагы № 3966-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жөнүндө;

“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

“Ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу Т.Б. Мамытовду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу;

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө;

“Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө;

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын
2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө;

“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы
№ 4757-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу.

 

 

 

Төрага                                                                                       Т.Т. Мамытов