Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 2 08.09.2021-ж.

22-11-2021
17:25

 2

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН X СЕССИЯСЫ

2021-2022-ЖЫЛДАР

 

 

 

2021-жылдын 8-cентябры                                                           саат 10

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

        

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын                                                                  Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

 

Н.О.Сыдыгалиев

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: У.Ч.Исмилов, Т.Т.Мамытов, Ж.А.Мусабекова, И.Ш.Омуркулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.М.Бакировго берилген),

 

88 депутат катталды.

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

1. 2021-жылдын 8-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы – жок, бардыгы 58 депутат добуш берди, 90 депутат катталган.

        

        

2021-жылдын 8-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – жок, бардыгы 71 депутат добуш берди, 91 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Ш.К.Атазов, А.Ж.Токтомамбетов, А.А.Турсунбаев, Д.Д.Бекешов, Т.И.Икрамов, А.Ж.Осмонов, А.Т.Мамашова, С.К.Нышанов, М.К.Жеенчороев, У.Ч.Садиков, А.Т.Алтыбаева, О.Ж.Турдумамбетов, И.Ю.Карамушкина, М.С.Бакиров, С.К.Ибраев, төрагалык кылуучу.

        

         Депутат Т.И.Икрамовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Депутат А.Т.Мамашованын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетине жана Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

        

         Депутаттар А.Ж.Токтомамбетов, А.А.Турсунбаев жана Д.Д.Бекешевдин сунуштарын эске алуу менен 2021-жылдын 8-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 83, каршы – жок, бардыгы 83 депутат добуш берди, 101 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

        

         2. 2021-жылдын сентябрына негиз катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календарлык иш планынын долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 84, каршы – жок, бардыгы 84 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Депутат М.К.Жеенчороевдин сунушун эске алуу менен 2021-жылдын сентябрь айына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин календарлык иш планынын долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 88, каршы – жок, бардыгы 88 депутат добуш берди, 102 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат Д.Д.Бекешев.

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (“Кыргызстан”) К.А.Ахмедов ант берди.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат М.К.Жеенчороев.

        

         Аларга 5 мүнөттөн чыгып сүйлөөгө мүмкүндүк берүү жөнүндө депутаттар Ш.К.Атазов жана А.Ж.Осмонованын сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 103 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

        

         4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.К.Атазовдун сөзү.

        

        

         5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Осмонованын сөзү.

        

        

         6. “Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары А.М.Нурбаевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         7. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” (Депутат Ч.Д.Макешов жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         8. “2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин отчету тууралуу” маселени кароо.

        

         Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин төрагасы К.Б.Болоткановдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин төрагасы К.Б.Болотканов, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын директору Б.Ж.Алиев, депутаттар М.К.Жеенчороев, С.Ж.Исманов, Б.Нурдинов, Ш.И.Абдылдаев, О.Ж.Турдумамбетов, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору З.С.Жоошбеков, депутаттар А.Т.Бердиев, Б.С.Турусбеков, Д.Д.Бекешев, А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары И.А.Балташев, депутаттар Ж.К.Акаев, У.Ч.Садиков, А.Ж.Токтомамбетов, А.Ж.Осмонова.

        

         “2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин отчету тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетин төрагасынын орун басары Ч.Ч.Урумкалиеванын сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         9. “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунун курулушуна байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы – депутат А.Ж.Токтомамбетовдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Дж.Байбакпаев, К.Дж.Рыспаев, З.С.Эсенаманов, Б.С.Турусбеков, Э.С.Тагаев, Б.Нурдинов демилгелеген Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө демилгечилердин бири – депутат Э.Дж.Байбакпаевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.С.Турусбеков, Э.Дж.Байбакпаев – демилгечилердин бири, “Улуттук энергетикалык холдингдик компания” ачык акционердик коомунун Башкармасынын төрагасы Т.А.Байгазиев, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Т.О.Ибраев, депутаттар К.Дж.Рыспаев, Б.Нурдинов, Ш.И.Абдылдаев, А.Т.Бердиев, З.С.Эсенаманов, төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

        

                                               14 саат 5 мүнөт

        

         Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

         68 депутат катталды.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Дж.Байбакпаев, К.Дж.Рыспаев, З.С.Эсенаманов, Б.С.Турусбеков, Э.С.Тагаев, Б.Нурдинов демилгелеген Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кароо улантылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Т.О.Ибраев, депутат Э.Дж.Байбакпаев – демилгечилердин бири, А.Ж.Осмонова.

        

         Андан ары Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары А.К.Касымалиева төрагалык кылды.

        

         Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат З.С.Эсенамановдун сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы – жок, бардыгы 50 депутат добуш берди, 74 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар У.Ч.Садиков, Э.Дж.Байбакпаев – демилгечилердин бири, Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Т.О.Ибраев, депутаттар С.С.Анарбаев, К.А.Ахмедов, А.Ж.Токтомамбетов, Б.Нурдинов, Ж.К.Акаев, А.М.Нурбаев, Н.В.Никитенко, Ш.К.Атазов, М.К.Жеенчороев.

        

         Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы К.Дж.Рыспаевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат Э.Дж.Байбакпаев.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         11. Сунуш кылынган маселе тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Э.Дж.Аширходжаевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат М.Г.Мадеминов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Э.Дж.Аширходжаев, төрагалык кылуучу, депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Т.К.Ишеналиев, депутаттар Ж.К.Акаев, Ш.К.Атазов.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.Ж.Осмонов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Э.Дж.Аширходжаев, депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Т.К.Ишеналиев, депутаттар Н.В.Никитенко, Е.Г.Строкова, Ж.К.Акаев, Ш.К.Атазов, Д.Д.Бекешев, А.Ж.Токтомамбетов, Т.Г.Тиллаев, А.К.Кемелов, төрагалык кылуучу.

        

        

         12. 2021-жылдын 8-сентябрында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

        

         65 депутат катталды.

        

         Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы – жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 65 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы – жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 75 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

         “Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-ноябрындагы № 36-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы – жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 75 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамын бекитүү жөнүндө” (Депутат Ч.Д.Макешов жөнүндө) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 6-ноябрындагы №17-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы – жок, бардыгы 73 депутат добуш берди, 74 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: депутат Б.Нурдинов.

        

         “2020-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин отчету тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 32, каршы – 19, бардыгы 51 депутат добуш берди, 74 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынган жок (Токтом долбоору кабыл алынган жок).

        

         “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолунун курулушуна байланыштуу маселени иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 74 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

         Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төраганын

орун басары                                                                        Н.Сыдыгалиев