Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 4 29.09.2021-ж.

22-11-2021
17:28

4

 

 

VI  ЧАКЫРЫЛЫШТЫН  Х  СЕССИЯСЫ

 

2021-2022-жылдар

 

 

 

2021-жылдын  29-сентябры                                                                 Саат 10.00

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасы

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

           

Жыйналышка катышпаган депутаттар:  И.Ш.Өмүркулов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат О.М.Бакировго берилген).

 

            87 депутат катталды.

 

1. 2021-жылдын 29-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 75, каршы- жок, бардыгы 75 депутат добуш берди, 87 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, А.Ж.Осмонов, А.А.Карашев, А.Т.Алтыбаева, А.Т.Бердиев, А.А.Ахмедов, О.М.Бакиров, тѳрагалык кылуучу,  депутаттар Т.И.Икрамов, Н.В.Никитенко, У.З.Ормонов, М.А.Абдалиев, Б.Ж.Субанбеков, С.К.Ибраев, Ш.К.Атазов,  М.А.Маматалиев, М.К.Жеенчороев, Ч.Д.Макешов, М.С.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

2021-жылдын 29-сентябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутаттар А.А.Карашев, А.Т.Бердиев жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматовдун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы- 1, бардыгы 79 депутат добуш берди, 94 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

            2. 2021-жылдын октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планын бекитүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 81, каршы- жок, бардыгы 81 депутат добуш берди, 94 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

2021-жылдын октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишинин календарлык планын депутаттар Д.Д.Бекешев, А.Т.Алтыбаева, М.А.Маматалиев, М.К.Жеенчороев жана М.С.Бакировдун сунуштарын  эске алуу менен кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 81, каршы- жок, бардыгы 81 депутат добуш берди, 94 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Депутат Т.И.Икрамовдун 5 мүнѳткѳ чейин сѳз сүйлѳѳгѳ мүмкүнчүлүк берүү жѳнүндѳ сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 94 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.И.Икрамовдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

4. «Т.С.Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын кызматынан ѳз каалоосу менен мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотуу жѳнүндѳ» маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе жѳнүндѳ  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматовдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, депутаттар М.К.Жеенчороев, О.Ж.Турдумамбетов, Ж.К.Акаев, А.Ж.Осмонов, У.Б.Примов, тѳрагалык кылуучу.

 

            Каралып жаткан маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жоопту токтотуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 47, каршы- 3, бардыгы 50 депутат добуш берди, 98 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Чыгып сүйлѳштү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин тѳрагасы Э.Т.Токтошев, тѳрагалык кылуучу, депутаттар Ш.К.Атазов, Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, депутат М.А.Айнакулов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы Т.С.Абдыгулов.

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы Т.С.Абдыгуловдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар М.А.Абдалиев, А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы Т.С.Абдыгулов, депутаттар К.Ш.Баймуратов, У.Б.Примов, А.Ж.Осмонов, тѳрагалык кылуучу, депутаттар С.К.Ибраев, Н.В.Никитенко, М.К.Жеенчороев, К.К.Иманалиев, Ж.К.Акаев, Ш.К.Атазов, С.Ж.Исманов, У.Ч.Садиков, Д.Д.Бекешев, М.С.Бакиров, О.Ж.Турдумамбетов, А.Т.Бердиев, А.Ж.Токтомамбетов, О.М.Бакиров.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

            Каралып жаткан маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жѳнүндѳ депутат О.М.Бакировдун сүйлѳгѳн сѳзү боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 34, каршы- 5, бардыгы 39 депутат добуш берди, 99 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Чыгып сүйлѳштү:  депутат Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы Т.С.Абдыгулов,  депутат А.А.Карашев, тѳрагалык кылуучу, депутаттар Э.Т.Токтошев, Б.С.Турусбеков, Ч.Д.Макешов, М.Э.Мавлянова.

 

«Т.С.Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын кызматынан ѳз каалоосу менен мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотуу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар М.Г.Мадеминов, С.К.Ибраев, Г.К.Асылбаева, тѳрагалык кылуучу.

 

«Т.С.Абдыгуловду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын кызматынан ѳз каалоосу менен мѳѳнѳтүнѳн мурда бошотуу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- 4, бардыгы 66 депутат добуш берди, 102 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

.

Чыгып сүйлѳштү: Т.С.Абдыгулов, тѳрагалык кылуучу.

 

5. «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасын шайлоо тууралуу»  маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматовдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат С.К.Ибраев,  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын кызматына талапкер К.К.Боконтаев, депутаттар С.Ж.Исманов, А.М.Нурбаев.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 20 мүнѳт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Касымалиева.

 

64 депутат катталды.

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасын шайлоо тууралуу»  маселени кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын кызматына талапкер К.К.Боконтаев, депутаттар К.Ш.Баймуратов, О.Ж.Турдумамбетов, А.А.Карашев, А.К.Бешимбаева, М.Э.Мавлянова, А.Т.Алтыбаева, Д.Д.Бекешев, Д.А.Джумабеков.

 

Каралып жаткан маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жѳнүндѳ депутат Д.А.Джумабековдун сүйлѳгѳн сѳзү боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы- 1, бардыгы 51 депутат добуш берди, 85 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат М.К.Жеенчороев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын кызматына талапкер К.К.Боконтаев, депутат С.Ж.Исманов.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Касымалиева тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Д.А.Джумабеков, У.Ч.Садиков, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын кызматына талапкер К.К.Боконтаев, депутаттар Ч.Д.Макешов, А.Ж.Токтомамбетов, Б.К.Аманова, Б.С.Турусбеков, А.Т.Мамашова.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат С.К.Ибраев, тѳрагалык кылуучу, депутат Б.С.Турусбеков,  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын кызматына талапкер К.К.Боконтаев.

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын кызматына Боконтаев Кубанычбек Кеңешовичти  шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алууну жана добуштарды электрондук системаны колдонуу менен жашыруун добуш берүүнү ѳткѳрүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Г.К.Асылбаеванын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын кызматына К.К.Боконтаевди шайлоо жѳнүндѳ» маселе боюнча электрондук системаны колдонуу менен жашыруун добуш берүүнү ѳткѳрүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- 1, бардыгы 72 депутат добуш берди, 89 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын кызматына Боконтаев Кубанычбек Кеңешовичти  шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы- 5, бардыгы 81 депутат добуш берди, 95 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат У.Ч.Исмаилов, тѳрагалык кылуучу, депутаттар С.К.Нышанов, А.Ж.Токтомамбетов, О.М.Бакиров, М.С.Бакиров, Б.К.Аманова.

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4843-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо. (Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы).

 

Сунуш кылынган Мыйзамдын макулдашылган варианты жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагасы М.Э.Мавлянованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын санариптик ѳнүктүрүү министринин орун басары Т.С.Калыков,  депутат М.А.Абдалиев, тѳрагалык кылуучу, депутат С.Ж.Исманов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т.Абдиев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Касымалиева тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар М.А.Абдалиев, Д.Д.Бекешев, тѳрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагасы М.Э.Мавлянова, Кыргыз Республикасынын санариптик ѳнүктүрүү министринин орун басары Т.С.Калыков, депутат А.Ж.Осмонов.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан Мыйзамдын макулдашылган вариантын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине кайра кароо үчүн кайтаруу жѳнүндѳ депутат А.Ж.Осмоновдун сунушу боюнча  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы- 1, бардыгы 56 депутат добуш берди, 99 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын санариптик ѳнүктүрүү министринин орун басары Т.С.Калыков, депутат М.К.Жеенчороев.

 

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат А.К.Касымалиева.

 

Депутат А.К.Касымалиеванын сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.Ж.Осмонов, Кыргыз Республикасынын санариптик ѳнүктүрүү министринин орун басары Т.С.Калыков,  депутаттар К.Ш.Баймуратов, А.К.Кемелов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Н.Т.Абдиев,  депутаттар Д.Д.Бекешев, М.А.Абдалиев, тѳрагалык кылуучу,  депутат Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, депутаттар А.Т.Алтыбаева, Б.К.Аманова, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары-санариптик ѳнүктүрүү министри Д.Д.Догоев, депутаттар А.А.Аскарова, А.Ж.Токтомамбетов, У.Ч.Садиков.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан Мыйзамдын макулдашылган варианты боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жѳнүндѳ депутат А.Ж.Токтомамбетовдун сүйлѳгѳн сѳзү боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 51, каршы- жок, бардыгы 51 депутат добуш берди, 98 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар У.З.Ормонов, Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары-санариптик ѳнүктүрүү министри Д.Д.Догоев, депутаттар У.Ч.Садиков, У.Ч.Исмаилов.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Касымалиева тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.Т.Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары-санариптик ѳнүктүрүү министри Д.Д.Догоев, депутат М.А.Абдалиев.

 

Ушул Мыйзамдын макулдашылган вариантын кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагасы М.Э.Мавлянованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн Мыйзамдын макулдашылган варианты добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын аскердик түзүм чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (2020-жылдын 23-мартындагы №182 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда четке кагуу тууралуу  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин тѳрагасы Н.В.Никитенконун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоору экинчи окууда четке кагууга добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын долбоорлорун жана  “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган конституциялык мыйзамдардын долбоорлору жана “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар А.Ж.Токтомамбетов, М.А.Абдалиев,  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун тѳрагасы Н.Ж.Бакирова, депутаттар Н.В.Никитенко, У.Ч.Садиков, А.С.Кодуранова.

 

Ушул конституциялык мыйзамдардын долбоорлорун жана “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоорун бардык парламенттик фракциялардын оң чечими болсо, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу жѳнүндѳ  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн конституциялык мыйзамдардын долбоорлору жана кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоору  добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Ушуну менен жыйналыш ѳз ишин аяктады.

 

 

 

Тѳрага                                                                                Т. Мамытов