Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 8 13.10.2021-ж.

22-11-2021
17:34

8

 

 

VI  ЧАКЫРЫЛЫШТЫН  Х  СЕССИЯСЫ

 

2021-2022-жылдар

 

 

 

2021-жылдын  13-октябры                                                       10 саат 5 мүнѳт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын биринчи орун басарынын кызматына талапкер А.О.Кожошев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басарынын кызматына талапкер А.К.Аалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басарынын кызматына талапкер  Э.Ж.Байсалов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басарынын кызматына талапкер –Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасы К.К.Ташиев,  Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин кызматына талапкер Д.Дж.Амангельдиев,  Кыргыз Республикасынын финансы министринин кызматына талапкер А.К.Бакетаев, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызматына талапкер  А.Б.Баетов,  Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин кызматына талапкер А.С.Жаныбеков, Кыргыз Республикасынын энергетика министринин кызматына талапкер Д.Дж.Бекмурзаев,  Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министринин кызматына талапкер Д.А.Кутманова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин кызматына талапкер  А.С.Бейшеналиев,  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу  Б.Д.Купешов,  Кыргыз Республикасынын маданият,  маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызматына талапкер А.К.Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын  эмгек,  социалдык камсыздандыруу жана миграция министринин кызматына талапкер К.Б.Базарбаев,  Кыргыз Республикасынын коргоо министринин милдетин аткаруучу Б.А.Бекболотов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин милдетин аткаруучу У.О.Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

            Жыйналышка катышпаган депутаттар:  И.Ш.Өмүркулов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат О.М.Бакировго берилген), Е.Г.Строкова (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат А.А.Карашевге  берилген).

 

            78 депутат катталды.

 

1. 2021-жылдын 13-октябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутаттар С.К.Ибраев, Д.Д.Бекешев, Б.Нурдинов, Ш.К.Атазов, Н.В.Никитенко, К.Б.Орозова, Ч.Д.Макешов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу өкүлү А.А.Абытов, тѳрагалык кылуучу, депутат О.М.Бакиров.

 

Депутат К.Б.Орозованын сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

2021-жылдын 13-октябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутат О.М.Бакиров жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуштарын эске алуу менен  кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы- жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 92 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

2. «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндө» маселени кароо.

 

Сунуш кылынган маселе жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматовдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Б.Э.Тѳрѳбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин кызматына талапкер Д.Дж.Амангельдиев, тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаровдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат К.Б.Орозова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаров,  депутат А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Б.Д.Купешов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын биринчи орун басарынын кызматына талапкер А.О.Кожошев, депутат М.Г.Мадеминов, тѳрагалык кылуучу, депутаттар Д.А.Джумабеков, С.К.Нышанов, А.С.Токторов, Э.Дж.Байбакпаев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Т.У.Жоробеков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаров, депутат Э.Т.Токтошев, Кыргыз Республикасынын  жаратылыш ресурстары, экология жана  техникалык кѳзѳмѳл министринин кызматына талапкер Д.А.Кутманова,   депутат У.Ч.Садиков, тѳрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан маселе  боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жѳнүндѳгү депутат У.Ч.Садиковдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53, каршы- 3, бардыгы 56 депутат добуш берди, 97 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Ш.К.Атазов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басарынын кызматына талапкер –Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасы К.К.Ташиев, депутаттар Б.К.Аманова, Т.И.Икрамов, А.Ж.Осмонов, О.Ж.Турдумамбетов, Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызматына талапкер А.Б.Баетов, тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.Ж.Осмонов, тѳрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкууга ар бир парламенттик фракциядан үчтѳн депутатка сѳз сүйлѳѳгѳ мүмкүнчүлүк берүү жѳнүндѳ депутат А.Ж.Осмоновдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 46, каршы- 7, бардыгы 53 депутат добуш берди, 100 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басарынын кызматына талапкер –Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасы К.К.Ташиев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Ш.К.Атазов, М.Э.Мавлянова, А.Ж.Осмонов, С.К.Ибраев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаров.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

14 саат 5 мүнѳт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

73 депутат катталды.

 

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндө» маселени кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар С.Ж.Исманов, У.Ч.Садиков, Н.В.Никитенко, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаров, депутаттар Б.К.Райымкулов, К.Ш.Баймуратов, Б.С.Турусбеков, А.Ж.Токтомамбетов.

 

Каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкууга ар бир парламенттик фракциядан үчтѳн депутатка сѳз сүйлѳѳгѳ мүмкүнчүлүк берүү жѳнүндѳ депутат К.Ш.Баймуратовдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы- 3, бардыгы 58 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.Ш.Осмонова (КСДП), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаров, депутаттар У.Б.Примов, О.М.Бакиров (КСДП), К.Ш.Баймуратов, А.А.Алтынбеков («Республика-Ата-Журт»), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басарынын кызматына талапкер –Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасы К.К.Ташиев, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Б.Д.Купешов, депутат М.А.Маматалиев («Республика-Ата-Журт»).

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат Д.Д.Бекешев.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Д.А.Джумабеков («Кыргызстан»), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаров, депутат А.А.Аскарова.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Б.Б.Кенжебаев («Кыргызстан»), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаров, депутаттар К.Ж.Жолдошбаев, Н.И.Арзыбаев («Ѳнүгүү-Прогресс»), Кыргыз Республикасынын энергетика министринин кызматына талапкер Д.Дж.Бекмурзаев,  Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин кызматына талапкер А.С.Жаныбеков, депутат А.Л.Юсуров («Ѳнүгүү-Прогресс»).

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар М.С.Бакиров, Б.Ж.Субанбеков («Бир Бол»), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын энергетика министринин кызматына талапкер Д.Дж.Бекмурзаев,  депутаттар Э.С.Тагаев, У.З.Ормонов («Бир Бол»).

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Б.С.Турусбеков, А.К.Кемелов, тѳрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаров.

Чыгып сүйлѳштү: депутат К.К.Иманалиев («Ата Мекен»), Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын кызматына талапкер А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кызматына талапкер А.К.Жаманкулов,  депутаттар Б.К.Аманова, Н.В.Никитенко («Ата Мекен»), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басарынын кызматына талапкер –Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасы К.К.Ташиев, депутат Н.О.Сыдыгалиев («Ата Мекен»), тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Ш.К.Атазов, И.И.Матраимов, З.С.Эсеннаманов, А.Ж.Токтомамбетов, Б.С.Турусбеков, Д.Д.Бекешев, тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы К.К.Керезбековдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 87, каршы- жок, бардыгы 87 депутат добуш берди, 97 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4701-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (мыйзам долбоорунун демилгечиси – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 735 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Сунуш кылынган Мыйзамдын макулдашылган варианты жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин тѳрагасы Н.В.Никитенконун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн Мыйзамдын макулдашылган вариантын добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (кир. № 6-10540/21) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин ѳкүлү А.Ж.Осмоновдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам  долбоорун экинчи окууда добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (кир. № 6-11037/21) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин ѳкүлү А.Ж.Осмоновдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” (2020-жылдын 22-сентябрындагы № 498 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин ѳкүлү А.Ж.Осмоновдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Е.Г.Строкова, А.Э.Самигуллина, А.К.Касымалиева, А.А.Карашев, Ч.Ч.Урумкалиева, Б.К.Аманова, Г.К.Асылбаева, Б.Э.Торобаев, О.Ж.Турдумамбетов, С.К.Нышанов, Р.М.Туманбаева тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жарнама жөнүндө”, “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жѳнүндѳ демилгечи-депутат А.Э.Самигуллинанын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин ѳкүлү А.Э.Самигуллинанын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам  долбоорун биринчи окууда добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

8. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “2021-жылдын 30-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө (“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдашууну жана 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” (кир. № 6-13073/21) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин ѳкүлү А.Ж.Осмоновдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын айыл, суу  чарба жана аймактарды ѳнүктүрүү министри А.С.Жаныбеков, депутаттар С.Ж.Исманов, Н.В.Никитенко, тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, анын орун басарларынын жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн ант берүүсү.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын катышуусунда: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы А.Ү.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын биринчи орун басары А.О.Кожошев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Аалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары–Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тѳрагасы К.К.Ташиев,  Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Дж.Амангельдиев, Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К.Бакетаев, Кыргыз Республикасынын юстиция министри А.Б.Баетов,  Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри А.С.Жаныбеков, Кыргыз Республикасынын энергетика министри Д.Дж.Бекмурзаев,  Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министри Д.А.Кутманова,  Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри А.С.Бейшеналиев,  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Б.Д.Купешов,  Кыргыз Республикасынын маданият,  маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.К.Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри К.Б.Базарбаев, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Б.А.Бекболотов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри У.О.Ниязбеков ант беришти.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

10. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат У.Ч.Исмаилов, тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө» маселени кароо жѳнүндѳгү депутат У.Ч.Исмаиловдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- 1, бардыгы 63 депутат добуш берди, 93 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “2021-жылдын 30-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө (“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдашууну жана 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” (кир. № 6-13073/21) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлѳштү:  депутат Э.С.Тагаев,  Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борборунун директору Т.Н.Беков, депутат У.Ч.Исмаилов, Кыргыз Республикасынын айыл, суу  чарба жана аймактарды ѳнүктүрүү министринин орун басары А.Ф.Мукашев, депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары Р.С.Татиков, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине караштуу Кредиттик линиялар башкармалыгы бѳлүмүнүн директору Б.Ш.Мусакожоева.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.Ж.Токтомамбетов, Кыргыз Республикасынын айыл, суу  чарба жана аймактарды ѳнүктүрүү министринин орун басары А.Ф.Мукашев, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары Р.С.Татиков, депутат Д.Д.Бекешев, тѳрагалык кылуучу.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин ѳкүлү А.Ж.Осмоновдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Н.В.Никитенко, тѳрагалык кылуучу.

 

11. «Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган Кыргыз Республикасынын балдар жѳнүндѳ кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу», Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Балдар маселелери боюнча  Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ макулдашуу тобун түзүү тууралуу» жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Кыргыз Республикасынын Үйбүлѳ кодексине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун долбоорлорун кароо. (Кодекс долбоорунун жана мыйзам долбоорлорунун демилгечилери-депутаттар А.С.Кодуранова, Н.В.Никитенко, А.Э.Самигуллина, И.Ю.Карамушкина, А.Т.Мамашева, А.Т.Алтыбаева, Р.М.Туманбаева, М.К.Жеенчороев, А.К.Касымалиева).

 

Сунуш кылынган токтом долбоорлору жана аларды кабыл алуу жѳнүндѳ кодекс долбоору жана мыйзам долбоорлорунун демилгечиси-депутат Н.В.Никитенконун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Кѳрсѳтүлгѳн токтом  долбоорлорун добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

12. «Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо. (Мыйзам долбоорунун демилгечилери-депутаттар А.С.Кодуранова, Н.В.Никитенко, А.Э.Самигуллина, И.Ю.Карамушкина, А.Т.Мамашева, А.Т.Алтыбаева, Р.М.Туманбаева, М.К.Жеенчороев, А.К.Касымалиева).

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берүүгѳ Комитетке сунушу жѳнүндѳ мыйзам долбоорунун демилгечиси-депутат Н.В.Никитенконун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Кѳрсѳтүлгѳн токтом  долбоорлорун добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин тѳрагасы Г.С.Молдобекова, тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4855-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын жыйналыштын күн тартибине киргизүү жѳнүндѳгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин тѳрагасы Г.С.Молдобекованын сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 12, каршы- жок, бардыгы 12 депутат добуш берди, 89 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын күн тартиби боюнча добуш берүүнү жана каралып жаткан маселени аяктаганга чейин жыйналыштын ишин улантуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 23, каршы- 3, бардыгы 26 депутат добуш берди, 89 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш ѳз ишин аяктады.

 

 

 

Тѳрага                                                                                Т. Мамытов