Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 9 20.10.2021-ж.

22-11-2021
17:35

9

 

 

VI  ЧАКЫРЫЛЫШТЫН  Х  СЕССИЯСЫ

 

2021-2022-жылдар

 

 

 

2021-жылдын  20-октябры                                                       Саат 10.00

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Б.К.Кенжематов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж.Бообеков.

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар:  К.Ш.Баймуратов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат Ж.К.Турускуловго берилген) И.Ш.Өмүркулов (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат О.М.Бакировго берилген), Н.О.Сыдыгалиев («Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жѳнүндѳ» (Т.Р.Бекешов, С.С.Атакулов, А.А.Сейдакматова жѳнүндѳ) маселе боюнча кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат С.К.Нышановго берилген).

 

            80 депутат катталды.

 

1. 2021-жылдын 20-октябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 82 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Т.Г.Тиллаев, Г.С.Молдобекова, Б.С.Турусбеков, Д.Д.Бекешев, Б.Ж.Субанбеков, Ч.Д.Макешов, М.А.Абдалиев, И.Ю.Карамушкина, Б.К.Аманова, Н.В.Никитенко, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат А.К.Касымалиева, тѳрагалык кылуучу.

 

2021-жылдын 20-октябрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун депутаттар Т.Г.Тиллаев, Г.С.Молдобекова, А.К.Касымалиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматов жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунуштарын эске алуу менен  кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 88 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

            2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты («Республика-Ата-Журт») А.А.Алымбаевдин ант берүүсү.

 

            3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты («Ѳнүгүү-Прогресс») А.Ш.Ражапбаевдин ант берүүсү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

            4. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 6-майындагы № 4544-VI токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан чогултулган акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

            Сунуш кылынган токтом долбоору жѳнүндѳ тѳрагалык кылуучунун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Т.И.Икрамов, тѳрагалык кылуучу.

 

            4. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 6-майындагы № 4544-VI токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан чогултулган акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбооруна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.И.Икрамовдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы- 2, бардыгы 65 депутат добуш берди, 92 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат Д.Д.Бекешев, тѳрагалык кылуучу, депутаттар Т.Г.Тиллаев, А.М.Нурбаев, Д.А.Джумабеков, Т.И.Икрамов, К.А.Ахмедов.

 

            Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутат Д.А.Джумабеков.

 

            “Кыргыз Республикасынын Баткен областынын тургундарына жана Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Кара-Дарыя айылдык округунун тургундарына материалдык жардам кѳрсѳтүү жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 93 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштѳѳсү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштѳѳсү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы- 2, бардыгы 62 депутат добуш берди, 93 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4855-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Сунуш кылынган Мыйзамдын макулдашылган варианты жѳнүндѳ макулдашуу топтун мүчѳсү-депутат К.Ж.Рыспаевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутат К.Ж.Рыспаев-макулдашуу топтун мүчѳсү.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат М.К.Жеенчороев.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар И.Ю.Карамушкина, К.Ж.Рыспаев-макулдашуу топтун мүчѳсү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.Ж.Осмонова, тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, К.Ж.Рыспаев-макулдашуу топтун мүчѳсү.

 

Ушул Мыйзамдын макулдашылган вариантын кабыл алуу жѳнүндѳ макулдашуу топтун мүчѳсү-депутат  К.Ж.Рыспаевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн Мыйзамдын макулдашылган варианты добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Ш.К.Атазов, Д.А.Джумабеков, тѳрагалык кылуучу, депутаттар Г.К.Асылбаева, А.Т.Мамашова.

 

«Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө» маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү тууралуу депутат А.Т.Мамашованын сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 100 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутаттар М.К.Жеенчороев, Р.Ч.Момбеков, Н.В.Никитенко, Г.К.Асылбаева.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштѳѳсү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору боюнча кайрадан добуш берүүнү ѳткѳрүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- 10, бардыгы 74 депутат добуш берди, 102 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            7. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштѳѳсү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Ш.К.Атазов,  Р.Ч.Момбеков, Д.А.Джумабеков, тѳрагалык кылуучу, депутаттар Д.Д.Бекешев, К.Ж.Рыспаев, А.Ж.Осмонов, А.Ж.Токтомамбетов, Ч.Д.Макешов, О.М.Бакиров, Т.И.Икрамов, И.Ю.Карамушкина, А.А.Алымбаев.

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен иштѳѳсү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 34, каршы- 49, бардыгы 83 депутат добуш берди, 106 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынган жок).

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

            8. “Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

            Сунуш кылынган токтом долбоору жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.К.Жаманкуловдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын адабият, искусство жана архитектура жаатында Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комитетинин тѳрагасы Т.Т.Казаков, депутат Р.Ч.Момбеков.

 

“Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын уюштуруу жөнүндө”   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы- жок, бардыгы 50 депутат добуш берди, 104 депутат катталган. 

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Р.Ч.Момбеков, тѳрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын уюштуруу жөнүндө”   Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- 1, бардыгы 75 депутат добуш берди, 104 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

9. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жѳнүндѳ» (Т.Р.Бекешов, С.С.Атакулов, А.А.Сейдакматова жѳнүндѳ) маселени кароо.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат К.Ж.Рыспаев.

 

Сунуш кылынган маселе жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б.Калматовдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Д.Д.Бекешов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына талапкер С.С.Атакулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына талапкер Т.Р.Бекешов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына талапкер А.А.Сейдакматова, депутат А.Ж.Токтомамбетов, тѳрагалык кылуучу, депутаттар И.Ю.Карамушкина, С.А.Айдаров, Г.К.Асылбаева.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жѳнүндѳ» маселе боюнча электрондук системаны колдонуу менен жашыруун добуш берүүнү ѳткѳрүү жѳнүндѳ депутат С.А.Айдаровдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы- 2, бардыгы 81 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына талапкер С.С.Атакуловду шайлоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жѳнүндѳ» (С.С.Атакулов жѳнүндѳ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы- 2, бардыгы 81 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына талапкер Т.Р.Бекешовду шайлоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жѳнүндѳ» (Т.Р.Бекешов жѳнүндѳ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы- 4, бардыгы 80 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясынын кызматына талапкер А.А.Сейдакматованы шайлоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларын шайлоо жѳнүндѳ» (А.А.Сейдакматова жѳнүндѳ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 88, каршы- 2, бардыгы 90 депутат добуш берди, 105 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Т.Р.Бекешовдун ант берүүсү.

 

11. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы С.С.Атакуловдун ант берүүсү.

 

12. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы А.А.Сейдакматованын ант берүүсү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (кир. № 6-12378/21)  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы С.А.Айдаровдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары У.И.Календеров.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Касымалиева тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.М.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары У.И.Календеров, депутаттар У.Ч.Садиков, Н.В.Никитенко.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы С.А.Айдаровдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добушка киргизүү чечими кабыл алынды.

 

14. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (кир. № 6-12811/21) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы С.А.Айдаровдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Д.Д.Бекешев,  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы К.К.Боконтаев, Кыргыз Республикасынын  Инвестиция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун директору М.И.Бакиров,  депутаттар А.М.Нурбаев, Н.В.Никитенко, А.Т.Мамашова, Э.Ж.Байбакпаев,   Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министринин милдетин аткаруучу Н.М.Баясов.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

Саат 14.00

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Касымалиева тѳрагалык кылды.

 

64 депутат катталды.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (кир. № 6-12811/21) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароонун уландысы.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Б.Ж.Субанбеков, Кыргыз Республикасынын  Инвестиция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун директору М.И.Бакиров,  депутаттар Б.К.Аманова, Ш.К.Атазов, А.Ж.Осмонов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы К.К.Боконтаев, депутаттар М.К.Жеенчороев, А.Ж.Токтомамбетов, М.А.Абдалиев, тѳрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жѳнүндѳ депутат М.А.Абдалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 42,  каршы- жок, бардыгы 42 депутат добуш берди, 80 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат С.Ж.Исманов, Кыргыз Республикасынын  Инвестиция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун директору М.И.Бакиров,  депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасы К.К.Боконтаев,  депутат А.К.Кемелов, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министринин милдетин аткаруучу Н.М.Баясов, депутаттар А.Ш.Ражапбаев, З.Э.Шарапов, А.С.Токторов, А.А.Алымбаев, Р.М.Туманбаева, Э.С.Тагаев, А.Ш.Осмонов, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тѳрагасынын орун басары Нурбек Жениш, депутаттар Г.К.Асылбаева, Ч.Д.Макешов, С.К.Ибраев.

 

Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы С.А.Айдаровдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоорун экинчи окууда добушка киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

15. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4890-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Сунуш кылынган  мыйзамдын макулдашылган варианты жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы С.А.Айдаровдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзамдын макулдашылган вариантын добушка киргизүү чечими кабыл алынды.

 

16. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4882-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Сунуш кылынган  мыйзамдын макулдашылган варианты жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы С.А.Айдаровдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзамдын макулдашылган вариантын  добушка киргизүү чечими кабыл алынды.

 

17. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4883-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзамдын макулдашылган варианты жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы С.А.Айдаровдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзамдын макулдашылган вариантын  добушка киргизүү чечими кабыл алынды.

 

18. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 7-октябрындагы № 4916-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзамдын макулдашылган варианты жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы С.А.Айдаровдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзамдын макулдашылган вариантын добушка киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат Д.Д.Бекешов.

 

19. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы № 4757-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы С.А.Айдаровдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн токтом долбоорун добушка киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаев, тѳрагалык кылуучу.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Касымалиева  тѳрагалык кылды.

 

 

20. “Ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу Т.Б. Мамытовду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн токтом долбоорун добушка киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаев.

 

21. “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2019-жылдын 2-августундагы №396 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны биринчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү:  депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаев.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Н.В.Никитенко, тѳрагалык кылуучу.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоорун биринчи окууда добушка киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат У.Ч.Садиков, тѳрагалык кылуучу, депутат А.К.Кемелов.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Касымалиева тѳрагалык кылды

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар А.Ж.Осмонов, М.А.Абдалиев.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

22. 2021-жылдын 13 жана 20-октябрында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

67 депутат катталды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат К.Ж.Рыспаев, тѳрагалык кылуучу.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4701-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы- жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 67 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4701-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жѳнүндѳ кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы- жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 67 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-июнундагы № 4701-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоонун алкагында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жѳнүндѳ кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 67 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

“2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 70 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда  кабыл алынды).

 

“2020-жылдын 29-сентябрында Будапешт шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 70 депутат  катталган.

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда  кабыл алынды).

 

“2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну р атификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы- жок, бардыгы 69 депутат добуш берди, 70 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“2019-жылдын 9-августунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Армения Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге салык төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну р атификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  кайрадан добуш берүү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Касымалиева тѳрагалык кылды

.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 70 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда  кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жарнама жөнүндө”, “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 67 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

“2021-жылдын 30-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө (“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдашууну жана 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы- жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 66 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“2021-жылдын 30-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө (“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоору үчүн кошумча каржылоо) макулдашууну жана 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда кайрадан  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы- жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 66 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзам долбоору экинчи окууда  кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Н.В.Никитенко, тѳрагалык кылуучу, депутат Т.Г.Тиллаев.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Кыргыз Республикасынын балдар жѳнүндѳ кодексинин макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 64 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору   кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Балдар маселелери боюнча  Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 64 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору   кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылган «Кыргыз Республикасынын Үйбүлѳ кодексине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы- жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 63 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору   кабыл алынды).

 

«Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы- жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 63 депутат  катталган.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикирине макулдук берүү чечими кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-сентябрындагы № 4855-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- 1, бардыгы 63 депутат добуш берди, 63 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы- 3, бардыгы 63 депутат добуш берди, 63 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы- 4, бардыгы 62 депутат добуш берди, 63 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы- 4, бардыгы 62 депутат добуш берди, 63 депутат  катталган

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутат Т.Г.Тиллаев.

 

22. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.С.Кодуранова,  К.К.Керезбеков, Н.В.Никитенко, Т.Г.Тиллаев, Ж.К.Турускулов, У.Б.Примов, Г.С.Молдобекова, М.К.Жеенчороев, К.Ж.Рыспаев, Ч.Ч.Урумкалиева, А.Т.Мамашова, А.М.Нурбаев, Н.О.Сыдыгалиев, Д.Д.Бекешев, Б.К.Аманова, У.Ч.Исмаилов тарабынан демилгеленген  “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны бардык парламенттик фракциялардын оң чечими болсо, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоорун добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутат Д.Д.Бекешев.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 39, каршы- 22, бардыгы 61 депутат добуш берди, 66 депутат  катталган

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 34, каршы- 29, бардыгы 63 депутат добуш берди, 66 депутат  катталган

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 34, каршы- 31, бардыгы 65 депутат добуш берди, 65 депутат  катталган

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору үчүнчү окууда четке кагылды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 49, каршы- 11, бардыгы 60 депутат добуш берди, 65 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы- 15, бардыгы 63 депутат добуш берди, 65 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна экинчи  окууда  кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы- 15, бардыгы 65 депутат добуш берди, 65 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда четке кагылды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4890-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы- 3, бардыгы 63 депутат добуш берди, 64 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

30-сентябрындагы № 4890-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жѳнүндѳ кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 64 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзамдын макулдашылган варианты  кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4882-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Аудитордук иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жѳнүндѳ  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы- 1, бардыгы 64 депутат добуш берди, 64 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзамдын макулдашылган варианты  кабыл алынды).

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4883-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын кабыл алуу жѳнүндѳ  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- жок, бардыгы 64 депутат добуш берди, 64 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Мыйзамдын макулдашылган варианты кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин туруктуу өкүлү А.А.Абытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 7-октябрындагы № 4916-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу тарабынан иштелип чыккан “Экономикадагы өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын 2021-жылдын 20-октябрында каралган  мыйзам долбоорлору жана токтом долбоорлору боюнча добуш берүү тизмегинен алып салуу тууралуу чыгып сүйлѳдү.

 

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутат Д.Д.Бекешев.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген “Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 22-июлундагы № 4757-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 63 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды  (Токтом долбоору  кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда   добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- жок, бардыгы 61депутат добуш берди, 63 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

 

“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда   кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- жок, бардыгы 61депутат добуш берди, 63 депутат  катталган.

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

“Ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө арыз бергендигине байланыштуу Т.Б. Мамытовду Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 68 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

“Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна биринчи  окууда   кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 68 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Т.Г.Тиллаев.

 

“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 68 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат О.М.Бакиров, тѳрагалык кылуучу.

 

24. “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин тѳрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” (Ж.К.Бакашова жѳнүндѳ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы- 1, бардыгы 60 депутат добуш берди, 65 депутат  катталган.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” (Ж.К.Бакашова жѳнүндѳ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 65 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынды (Токтом  долбоору  кабыл алынды).

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин тѳрагасы Г.С.Молдобекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” (И.М.Карыпбеков жѳнүндѳ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ  добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 49, каршы- 13, бардыгы 62 депутат добуш берди, 65 депутат  катталган.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 1548-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” (И.М.Карыпбеков жѳнүндѳ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ кайрадан добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 43, каршы- 15, бардыгы 58 депутат добуш берди, 65 депутат  катталган.

 

Чечим кабыл алынган жок (Токтом  долбоору  кабыл алынган жок).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

25. «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө» маселени кароо.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Касымалиева.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө» маселени кароонун уландысы.

 

Сунуш кылынган маселе жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Аалиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Касымалиева тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.С.Токторов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Аалиев,  Кыргыз Республикасынын энергетика министри А.Ж.Бекмурзаев,  депутат Э.Ж.Байбакпаев, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун басары Р.С.Татиков, депутаттар Д.Д.Бекешев, Н.В.Никитенко, А.Ж.Токтомамбетов, А.Ш.Осмонова,  «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары А.М.Журунов,  депутат Т.У.Жоробеков,  «Электр станциялар» ачык акционердик коомунун башкы директору Т.Э.Бектенов,  Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигинин алдындагы монополияга каршы жѳнгѳ салуу мамлекеттик агенттигинин директору К.Д.Тайлаков, тѳрагалык кылуучу, депутаттар С.Ж.Исманов, У.Ч.Садиков,  «Газпром Кыргызстан»  ЖЧК экономика жана финансы боюнча башкы директорунун орун басары А.Н.Алдаяров.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.К.Кемелов,  Кыргыз Республикасынын энергетика министри Д.Ж. Бекмурзаев, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министринин орун басары Н.Б.Кайынбаев,  депутат О.М.Бакиров,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары А.К.Аалиев, тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.Ж.Токтомамбетов, тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча  комитетинин ѳкүлү Э.С.Тагаевдин сүйлѳгѳн  сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн токтом долбоорун добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш ѳз ишин аяктады.

 

 

 

 

Тѳрага                                                                                            Т. Мамытов