Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 14 01.12.2021-ж.

20-12-2021
15:19

 14

 

VI ЧАКЫРЫЛЫШТЫН X СЕССИЯСЫ

2021-2022-ЖЫЛДАР

 

 

 

2021-жылдын 1-декабры                                                  10 саат 5 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын                                                                  Жогорку Кеңешинин

Төрагасынын орун басары

 

А.К.Касымалиева

 

 

Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: А.К. Карыбеков (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат С.Келдибаевге берилген), Ж.А.Мусабекова (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.И.Икрамовго берилген), И.Ш.Омуркулов (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат О.М.Бакировго берилген), М.Эгембердиев (добуш берүү укугу жазуу жүзүндө депутат Т.И.Икрамовго берилген).

 

61 депутат катталды.

 

        

1. 2021-жылдын 1-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 49, каршы – жок, бардыгы 49 депутат добуш берди, 61 депутат катталган.

        

2021-жылдын 1-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы – жок, бардыгы 48 депутат добуш берди, 61 депутат катталган.

        

2021-жылдын 1-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы – жок, бардыгы 54 депутат добуш берди, 62 депутат катталган.

 

2021-жылдын 1-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53, каршы – жок, бардыгы 53 депутат добуш берди, 62 депутат катталган.

 

2021-жылдын 1-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу тууралуу кайталап добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы – жок, бардыгы 56 депутат добуш берди, 62 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар Н.В.Никитенко, Ш.К.Атазов, А.Ж.Осмонов, А.Ш.Ражапбаев, А.Ш.Осмонова, А.Ж.Токтомамбетов, А.К.Кемелов, Т.И.Икрамов.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунушун эске алуу менен 2021-жылдын 1-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы – жок, бардыгы 58 депутат добуш берди, 63 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ш.Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунушун кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.З.Зулпукаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунушун кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж.Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунушун кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу” маселелерди кароо.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбековду, Т.З.Зулпукаровду, Б.Ж.Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунушун кароо үчүн атайын депутаттык комиссиянын курамына депутаттардын талапкерлиги тууралуу төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар А.Ж.Токтомамбетов, А.К.Кемелов, К.Ш.Баймуратов, Е.Г.Строкова, Т.И.Икрамов, Б.Нурдинов, А.Т.Бердиев, Д.Д.Бекешев, К.К.Исаев, А.С.ТОкторов, А.Т.Сулайманов.

        

         Атайын депутаттык комиссиянын курамына талапкерлер: депутаттар Е.Г.Строкова (КСДП), А.А.Абдугапаров (“Республика- Ата-Журт”), К.К.Исаев, А.С.Токторов (“Кыргызстан”), Т.И.Икрамов (“Өнүгүү-Прогресс”), М.С.Бакиров (“Бир Бол”), Э.Т.Токтошев (“Ата Мекен”).

        

         “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Ш.Жээнбековду, Т.З.Зулпукаровду, Б.Ж.Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунушун кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы – жок, бардыгы 57 депутат добуш берди, 64 депутат катталган.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – жок, бардыгы 59 депутат добуш берди, 64 депутат катталган.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы – жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 64 депутат катталган.

        

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

        

         3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Керезбеков демилгелеген “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары У.Ч.Исмаиловдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан сунушталган (кир.№6-10027/21) “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат М.А.Маматалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар С.А.Айдаров, Б.С.Турусбеков, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары – Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору Т.С.Калыков, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары И.Ж.Иманбетов, депутаттар Г.К.Асылбаева.

        

         Ушул мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 4-майындагы №183 токтом) “Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2021-жылдын 3-майындагы №180 токтом) “Лицензиялык - уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

         Сунуш кылынган мыйзам долбоору жана аны экинчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы С.А.Айдаровдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун экинчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Дж.Байбакпаев демилгелеген “Энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Энергияны үнөмдөө жөнүндө”, “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө”) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

         Ушул мыйзам долбоорун алып салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы А.Т.Бердиевдин сөзү.

        

         Ушул мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

        

        

         8. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) (Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Э.Дж.Байбакпаев, К.Дж.Рыспаев, З.С.Эсенаманов, Б.С.Турусбеков, Э.С.Тагаев, Б.Нурдинов) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы А.Т.Бердиевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Т.А.Айталиев, депутат Б.Нурдинов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Бообеков, депутат А.Т.Бердиев.

        

         Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен макул болуу жана Мыйзамды четке кагуу жөнүндө Комитеттин сунушу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы А.Т.Бердиевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         9. Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайра кайтарылган “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №4892-VI токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы А.Т.Бердиевдин сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

         10. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы №264-р тескемеси жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

         Сунуш кылынган токтом долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын энергетика министринин орун басары Т.А.Айталиевдин сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар А.С.Токторов, Б.Нурдинов, А.Ш.Ражапбаев.

        

         Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин өкүлү У.Ч.Садиковдун сөзү.

        

         Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: Добуш берүү жол-жобосун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 2-декабрындагы кийинки жыйналышында өткөрүү жөнүндө төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат А.К.Кемелов.

 

 

 

 

         Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                А.Касымалиева