Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 1 29.12.2021-ж

17-08-2022
11:35

 

        1

 

VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

2021-2022-ЖЫЛДАР

 

 

 

2021-жылдын 29-декабры                                               11 саат 30 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова, Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаров, Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч.Койчукеев, Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөлөрү А.Г.Бекматов, И.Т.Гайпкулов, А.С.Дубанбаева, А.К.Жумалиева, А.С.Жупуева, У.К.Жылкыбаев, К.А.Маматов, М.Д.Наспеков.

 

         Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова бир мандаттуу шайлоо округдары жана бирдиктүү шайлоо округдары боюнча 2021-жылдын 28-ноябрында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматты жарыялады.

        

         Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова андан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына ырастамаларды жана белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырды.

        

         Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 77-беренесине ылайык депутаттар ант берүүнү башташты.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары ант бере башташты.

- Ш.Мажитова (“Ынтымак” саясий партиясы).

 

         - бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланган депутаттар:

         Ч.И.Ажибаев (№1 Лейлек округу), Н.А.Ражабалиев (№2 Баткен округу), Ы.Ы.Атажанов (№3 Кадамжай округу), О.М.Бакироа (№4 Кок-Жар округу), Ж.Коргонбай уулу (№5 Ноокат округу), Ж.П.Нурбаев
(№6 Араван округу), А.Ж.Осмонов (№7 Ош округу), Н.К.Алимбеков
(№8 Төлөйкөн округу), И.И.Матраимов (№9 Кара-Суу округу), Д.Э.Толонов (№10 Куршап округу), У.Б.Примов (№11 Алай округу), Э.Р.Сатыбалдиев (№12 Өзгөн окуругу), Т.И.Икрамов (№13 Сузак округу), Ш.К.Ташиев (№14 Жалал-Абад округу), А.Алтынбеков (№15 Базар-Коргон окуругу), Б.У.Сыдыков (№16 Ноокен округу), Н.Т.Шакиев (№ 17 Аксы округу), А.А.Турсунбаев (№18 Ала-Бука округу), К.К.Сулайманов

(№19 Токтогул округу), Д.А.Джумабеков (№20 Манас окуругу), Б.К.Чойбеков (№21 Талас округу), Н.А.Азыгалиев (№22 Жайыл округу), К.Л.Ханджеза (№23 Москва окуругу), А.Б.Кенжебаев (№24 Сокулук округу), С.А.Атамбаев (№25 Аламедин округу), Ж.Б.Абиров (№26 Ленин округу), М.Дж.Саккараев (№27 Чүй-Кемин округу), Д.Д.Бекешев
(№28 Октябрь округу), М.Самыйкожо (№32 Кочкор округу), У.Б.Бакасов (№33 Нарын округу), А.К.Малиев (№34 Жети-Өгүз округу), А.Т.Түмөнбаев (№35 Ак-Суу округу), М.К.Сарбагышев (№36 Ысык-Көл округу).

        

         - бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланган депутаттар:

        

  1. “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы:

 

Б.Э.Торобаев, Ф.Д.Исмаилов, Т.Н.Сарыбашев, А.Т.Маткеримов, Ж.Ш.Токторбаев, Э.Н.Сулайманов, Р.А.Сабиров, Ж.Э.Садырбаева, А.А.Козуев, Ж.С.Кыдыкбаев, Т.А.Масабиров, Дж.К.Исаева, Н.А.Нарматова, К.А.Талиева, Г.А.Култаева.

 

  1. “Ишеним” саясий партиясы:

 

М.К.Алиев, Э.Р.Джусупов, Ж.Таалайбек кызы, С.О.Омурзаков, У.З.Ормонов, Н.О.Сыдыгалиев, М.М.Мураталиев, Б.В.Шабазов, Р.Ш.Жакышов, М.О.Темирбаева, А.Н.Абдибаева, Ч.А.Султанбекова.

 

  1. “Ынтымак” саясий партиясы:

 

Э.К.Кокулов, Т.Т.Мамытов, Б.Э.Тентишев, М.Ж.Сыдыков, М.А.Маматалиев, Б.З.Тулобаев, А.Исатбек кызы, Л.Х.Лурова.

        

  1. “Альянс” саясий партиясы:

 

Ч.А.Айдарбеков, А.Т.Сулайманов, А.А.Исираилов, Ф.А.Алимжанов, Г.С.Молдобекова, Н.Я.Алимжанова, Ж.К.Акаев.

 

  1. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы:

 

А.К.Мадумаров, И.А.Масалиев, Э.Т.Токтошев, А.Т.Эрбаев, О.Н.Нарматова, Г.А.Кожокулова.

 

6. “Ыйман Нуру” саясий партиясы:

 

Н.К.Кадырбеков, С.А.Айжигитов, З.Д.Мамасадыков, Д.А.Ашимова, В.К.Раимбачаева.

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасы Н.К.Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайланышы менен куттуктап сөз сүйлөдү.

        

         Андан ары жыйналышка жашы боюнча улуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.Мажитова төрагалык кылды.

        

         Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын I сессиясынын ачуу тууралуу жарыя кылды.

        

         Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Аскердик-аткаруу оркестри жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти А.Саралаев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткарды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде парламенттик фракцияларды жана депутаттык топторду түзүү жөнүндө маалымат жарыя кылуу үчүн саясий партиялардын өкүлдөрүнө сөз берди.

        

         “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланган 15 депутаттан турган жана бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган 18 депутатты бириктирген “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясын түзүү жөнүндө, ошондой эле анын лидерлигине депутат Б.Э.Торобаевди шайлоо жөнүндө маалымат менен депутат Б.Э.Торобаев сөз сүйлөдү.

        

         12 депутаттан турган “Ишеним” парламенттик фракциясын түзүү жөнүндө жана анын лидерлигине депутат У.З.Ормоновду шайлоо жөнүндө маалымат менен депутат У.З.Ормонов сөз сүйлөдү.

        

         9 депутаттан турган “Ынтымак” парламенттик фракциясын түзүү жөнүндө маалымат менен депутат М.А.Маматалиев сөз сүйлөдү.

        

         7 депутаттан турган “Альянс” парламенттик фракциясын түзүү жөнүндө жана анын лидерлигине депутат А.Т.Сулаймановду шайлоо жөнүндө маалымат менен депутат А.Т.Сулайманов сөз сүйлөдү.

        

         Жол-жоболоштуруу маселеси боюнча депутаттар И.А.Масалиев, А.К.Мадумаров сөз сүйлөдү.

        

         9 депутаттан турган “Ынтымак” парламенттик фракциясынын лидерлигине депутат М.А.Маматалиевди шайлоо жөнүндө маалымат менен депутат Б.З.Тулобаев сөз сүйлөдү.

        

         Жол-жоболоштуруу маселеси боюнча депутаттар Б.Э.Торобаев, Д.А.Джумабеков, А.К.Мадумаров, М.А.Маматалиев, төрагалык кылуучу сөз сүйлөдү.

        

         Төрагалык кылуучу 1 сааттык тыныгуу жарыяларды.

        

                                     15 саат 5 мүнөт

        

         Жыйналышка жашы боюнча улуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.Мажитова төрагалык кылды.

        

         84 депутат катталды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат И.А.Масалиев, төрагалык кылуучу, депутаттар А.К.Мадумаров, А.Т.Сулайманов, Ж.К.Акаев, Б.З.Түлөбаев.

 

 

         1. 2021-жылдын 29-декабрындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 55, каршы – 4, бардыгы 59 депутат добуш берди, 74 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         2021-жылдын 29-декабрындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

        

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө;

2. Добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссия түзүү жөнүндө;

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө.

 

 

2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясын түзүү жөнүндө” маселени кароо.

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.К.Мадумаров, К.А.Талиева.

 

         13 депутаттан турган “Элдик” депутаттык тобун түзүү жөнүндө жана анын лидерлигине депутат А.Т.Тумонбаевди шайлоо жөнүндө депутат А.Т.Тумонбаев сөз сүйлөдү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.Э.Торобаев, И.А.Масалиев, А.М.Маматалиев.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн (9 депутат) сандык курамындагы эсептөө комиссиясын шайлоо жөнүндө депутат А.К.Мадумаровдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 36, каршы – 22, бардыгы 58 депутат добуш берди, 84 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынган жок.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар И.А.Масалиев, К.А.Талиева, А.Т.Сулайманов, У.З.Ормонов, төрагалык кылуучу, депутаттар А.К.Мадумаров, Б.Э.Торобаев, А.Т.Тумонбаев, Н.К.Кадырбеков.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн (14 депутат) сандык курамындагы эсептөө комиссиясын шайлоо жөнүндө депутат Б.Э.Торобаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы – 9, бардыгы 57 депутат добуш берди, 84 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.К.Мадумаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Юридикалык бөлүмүнүн башчысы Б.М.Мамытов.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.

        

         Эсептөө комиссиясынын курамына талапкерлер: депутаттар Ж.Б.Абиров, Г.О.Култаева, Т.А.Масабиров, А.Т.Маткеримов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Р.Ш.Жакышов, Б.В.Шабазов, М.О.Темирбаева (“Ишеним”), М.А.Маматалиев, Б.З.Тулобаев (“Ынтымак”), А.А.Исираилов (“Альянс”), И.А.Масалиев (“Бүтүн Кыргызстан”), Д.А.Ашимова (“Ыйман Нуру”), О.М.Бакиров, Т.И.Икрамов (“Элдик” депутаттык тобу).

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын курамына жогоруда көрсөтүлгөн депутаттарды шайлоо жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы – жок, бардыгы 57 депутат добуш берди, 84 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.К.Мадумаров, төрагалык кылуучу, депутаттар Б.Э.Торобаев, Б.З.Тулобаев.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын лидери Б.Э.Торобаевдин сунушу боюнча 15 мүнөт тыныгуу жарыяланды.

        

                                               16 саат 15 мүнөт

        

         Жыйналышка жашы боюнча улуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.Мажитова төрагалык кылды.

        

         73 депутат катталды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

         3. “Добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссия түзүү жөнүндө” маселени кароо.

        

         5 депутаттан турган “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясын түзүү жөнүндө жана анын лидерлигине депутат Н.К.Кадырбековду шайлоо жөнүндө маалымат менен депутат Н.К.Кадырбеков сүйлөдү.

        

         6 депутаттан турган “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясын түзүү жөнүндө жана анын лидерлигине депутат А.К.Мадумаровду шайлоо жөнүндө маалымат менен депутат А.К.Мадумаров сүйлөдү.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар М.А.Маматалиев, Б.Э.Торобаев, А.Т.Сулайманов, Н.К.Кадырбеков, Н.О.Сыдыгалиев, А.К.Мадумаров, А.Т.Тумонбаев.

        

         Сөз сүйлөдү: добуш берүүнүн электрондук тутумун контролдоо боюнча туруктуу комиссиянын курамына депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.

        

         Туруктуу комиссиянын курамына талапкерлер: депутаттар А.А.Козуев, Ж.С.Кыдыкбаева (“Ата-Журт Кыргызстан”), Э.Р.Джусупов (“Ишеним”), М.Ж.Сыдыков (“Ынтымак”), Ф.А.Алимжанов (“Альянс”), Г.А.Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), З.Д.Мамасадыков (“Ыйман Нуру), М.Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу).

        

         Добуш берүүнүн электрондук тутуму үчүн контролдоо боюнча туруктуу комиссиянын курамына жогоруда көрсөтүлгөн депутаттарды шайлоо жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 85 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин төрагасын шайлоо үчүн депутаттардын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Б.Э.Торобаев, М.А.Маматалиев, И.А.Масалиев.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

Сөз сүйлөдү: депутаттар М.А.Маматалиев, Б.Э.Торобаев.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин төрагалыгына депутат Б.Э.Торобаевди шайлоо жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы – 1, бардыгы 72 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

 

 

         Андан ары жыйналыш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин жыйналышы режиминде улантылды.

        

                                      19 саат 50 мүнөт

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышы андан ары улантылды.

        

         Жыйналышка жашы боюнча улуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.Мажитова төрагалык кылды.

        

         80 депутат катталды.

        

        

         4. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо жөнүндө” маселени кароо.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү (№1 протокол) жана бюллетендин формасы жөнүндө (№2 протокол) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат Т.А.Масабировдун (“Ата-Журт Кыргызстан”) сөзү.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын жыйналышынын №1, №2 протоколдорун бекитүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы – жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 81 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Саат: 20:03 – 20:16 бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү жүрдү.

        

         Саат: 20:18 – 20:25 добуштар эсептелип чыкты.

        

         Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн эсептөө комиссиясынын төрагасы – депутат Т.А.Масабиров (“Ата-Журт Кыргызстан”).

        

         Жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына Т.Т.Мамытовдун талапкерлиги үчүн – 63 добуш, А.К.Мадумаров үчүн – 10 добуш, баарына каршы – 14 добуш болду.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасын шайлоо үчүн убактылуу эсептөө комиссиясынын жыйналышынын №3 протоколун бекитүү жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы – 1, бардыгы 78 депутат добуш берди, 83 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы кызматына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Талант Турдумаматович Мамытовду шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 84 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган Т.Т.Мамытовду куттукташты.

        

         Сөз сүйлөдү: депутат А.К.Малиев.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган Т.Т.Мамытовдун сөзү.

        

         Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

        

         Сөз сүйлөдү: А.К.Мадумаров.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар О.М.Бакиров, А.К.Малиев, И.А.Масалиев, Б.Э.Торобаев, А.Т.Сулайманов, төрагалык кылуучу, депутаттар Н.Т.Шакиев, У.З.Ормонов, А.Т.Тумонбаев, Р.А.Сабиров, М.Самыйкожо, Н.К.Кадырбеков, Т.И.Икрамов.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар О.М.Бакиров, И.А.Масалиев, А.Т.Сулайманов, Б.Э.Торобаев, Д.А.Ашимова, төрагалык кылуучу, депутат А.К.Мадумаров.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүнүн долбоорун иштеп чыгуу боюнча депутаттык комиссия түзүү жана 2021-жылдын 30-декабрында ушул маселени кароо жөнүндө депутат О.М.Бакировдун сунушу боюнча добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – 3, бардыгы 69 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

        

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         Сөз сүйлөдү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Р.А.Сабиров, Н.К.Кадырбеков, төрагалык кылуучу, депутаттар Н.О.Сыдыгалиев, Г.С.Молдобекова, Э.Т.Токтошев, О.М.Бакиров, М.А.Маматалиев.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүнүн долбоорун иштеп чыгуу боюнча депутаттык комиссиянын курамына талапкерлер: депутаттар Э.Р.Сатыбалдиев, Б.У.Сыдыков, Б.Э.Торобаев (“Ата-Журт Кыргызстан”), У.З.Ормонов, Н.О.Сыдыгалиев (“Ишеним), А Исатбек кызы, М.А.Маматалиев, Б.З.Тулобаев (“Ынтымак”), Ж.К.Акаев, А.Т.Сулайманов (“Альянс”), И.А.Масалиев, Э.Т.Токтошев (“Бүтүн Кыргызстан”), С.А.Айжигитов, Д.А.Ашимова, З.Д.Мамасадыков (“Ыйман Нуру”), Т.И.Икрамов, А.Т.Тумонбаева (“Элдик депутаттык тобу), Д.Д.Бекешев.

        

         Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүнүн долбоорун иштеп чыгуу боюнча депутаттык комиссиянын курамына жогоруда көрсөтүлгөн депутаттарды шайлоо жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы – 1, бардыгы 69 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.

         Чечим кабыл алынды.

 

 

 

         Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

         Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

Жыйналышка Төрагалык кылуучу,

Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин депутаты                                                                     Ш.Мажитова