Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 2 30.12.2021-ж.

17-08-2022
11:40

 

2

 

 

 

VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

 

2021-2022-ЖЫЛДАР

 

 

2021-жылдын 30-декабры                                       11 саат 30 мүнөт

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

       

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

         Т.Т. Мамытов

 

 

 

Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

81 депутат катталды.

 

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүнүн долбоорун иштеп чыгуу боюнча депутаттык комиссиянын маалыматын угуу жөнүндө төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүнүн долбоору жөнүндө депутаттык комиссиянын төрагасы – депутат С.А.Айжигитовдун сөзү.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутаттар А.К.Мадумаров, Н.К.Алимбеков, М.Самыйкожо, Б.З.Тулобаев, К.К.Сулайманов, төрагалык кылуучу, депутаттар У.З.Ормонов, А.Ж.Осмонов, Ж.П.Нурбаев, Н.А.Нарматова, Ч.И.Ажибаев, Р.Ш.Жакышов, А.Б.Кенжебаев, Э.Т.Токтошев, Б.Э.Торобаев, Н.А.Азыгалиев, А.К.Малиев, М.К.Сарбагышев, А.Т. Сулайманов – депутаттык комиссиянын мүчөсү, Р.А.Сабиров, Д.Д.Бекешев, М.А.Маматалиев.

 

 

Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 4 орун басары, 7 комитет каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүнүн долбоорун иштеп чыгуу боюнча депутаттык комиссиянын сунуштарын добушка койду.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 43, каршы – 27, бардыгы 70 депутат добуш берди, 82 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутаттар А.Т.Сулайманов, А.К.Мадумаров, У.З.Ормонов, М.Самыйкожо, Р.Ш.Жакышов, О.М.Бакиров, А.Алтынбеков, Т.Н.Сарыбашов, А.К.Малиев, Ж.К.Акаев, И.А.Масалиев, А.Т.Тумонбаев, Б.Э.Торобаев, Н.А.Нарматова, К.К.Сулайманов, С.А.Айжигитов – депутаттык комиссиянын төрагасы.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 4 орун басары, 7 комитет каралган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүнүн долбоорун иштеп чыгуу боюнча депутаттык комиссиянын сунуштары боюнча кайра добуш берүү өткөрүү жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы – 9, бардыгы 65 депутат добуш берди, 81 депутат катталган.

 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Сулайманов.

 

 

Депутат А.Т.Сулаймановдун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштары менен сын-пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүнүн долбоорун иштеп чыгууну депутаттык комиссияга тапшырууну чечишти.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Төрагалык кылуучу тыныгуу жарыялады.

 

 

14 саат 25 мүнөт

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

 

54 депутат катталды.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат У.З.Ормонов, төрагалык кылуучу.

 

 

Сөз сүйлөдү: 15 мүнөт тыныгуу жарыялангандыгы жөнүндө төрагалык кылуучу.

 

 

14 саат 40 мүнөт

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайланышы жана келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

 

 

Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Кворумдун жоктугуна байланыштуу жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                Т. Мамытов