4
кезексиз жыйналыш
VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ
2022-ЖЫЛ
2022-жылдын 7-январы 10 саат 5 мүнөт
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы
Төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кеңешинин
Төрагасы
Т.Т.Мамытов
Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабитентинин Төрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабитентинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.К.Ташиев, Кыргыз Республикасынын финансы министри А.К.Бакетаев, Кыргыз Республикасынын юстиция миистри А.Б.Баетов, Кыргыз Республикасынын коргоо министри Б.А.Бекболотов, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри У.О.Ниязбеков, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Б.Э.Ажикеев, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Н.С.Ниязалиев.
2022-жылдын 7-январындагы кезексиз жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселе:
- Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун алкагында мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн Казакстан Республикасынын аймагында пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө.
53 депутат катталды.
Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйналышын ачык деп жарыялады.
Төрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйналышын өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун сунушу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын тааныштырды.
1. 2022-жылдын 7-январындагы кезексиз жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы – жок, бардыгы 48 депутат добуш берди, 53 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы Комитеттеринин төрагасын шайлоо үчүн депутаттын талапкерлиги жөнүндө төрагалык кылуучу.
Сөз сүйлөдү: депутат Н.О.Сыдыгалиев, төрагалык кылуучу.
Депутат У.Б.Примовду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы Комитеттеринин төрагалыгына шайлоо жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 44, каршы – 2, бардыгы 46 депутат добуш берди, 53 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Сөз сүйлөдү: депутат И.А.Масалиев, төрагалык кылуучу.
Андан ары жыйналыш Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы Комитеттеринин жыйналышы режиминде улантылды.
12 саат 20 мүнөт
Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышы улантылды.
Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Сулайманов, төрагалык кылуучу, депутат Н.А.Нарматова, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабитентинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы К.К.Ташиев, депутаттар И.А.Масалиев, Н.Т.Шакиев.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
68 депутат катталды.
2. “Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим уюмунун алкагында мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн Казакстан Республикасынын аймагында пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө” маселени кароо.
Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.
“Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму алкагындагы мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрүн Казакстан Республикасынын аймагында пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө” маселени кароодо кезексиз жыйналышты жабык режимде улантуу жөнүндө добуш берүү.
Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – 2, бардыгы 63 депутат добуш берди, 68 депутат катталган.
Чечим кабыл алынды.
Андан ары кезексиз жыйналыш жабык режимде улантылды.
Төрага Т. Мамытов