Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 5 12.01.2022-ж.

17-08-2022
12:03

 

5

 

 

VII  ЧАКЫРЫЛЫШТЫН  I  СЕССИЯСЫ

 

2022-жыл

 

 

 

2022-жылдын  12-январы                                                        Саат 10.00

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Жыйналышка катышпаган депутат: Э.Т.Токтошев (кат жүзүндө добуш берүү укугу депутат О.К.Нарматовага берилген).

            2022-жылдын 12-январындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер.

 

  1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмү жѳнүндѳ”;

 

  1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо жѳнүндѳ”;

 

  1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо жѳнүндѳ”.

 

            64 депутат катталды.

 

 

1. 2022-жылдын 12-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 69 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Д.Таштанбековдун (№30 Ысык-Ата округу) ант берүүсү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмү жѳнүндѳ» маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин жыйналышынын режиминде кароо жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

Жыйналыш андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин жыйналышынын режиминде улантылды.

 

12 саат 5 мүнѳт

 

Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышы улантылды.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.Б.Кенжебаев, тѳрагалык кылуучу, депутат У.З.Ормонов.

 

Саат 14.00гѳ чейин тыныгуу жарыялоо тууралуу депутат А.Б.Кенжебаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 36, каршы- 26, бардыгы 62 депутат добуш берди, 87 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат А.Т.Түмѳнбаев.

 

«Элдик» депутаттык топтун лидери А.Т.Түмѳнбаевдин сунушу боюнча 20 мүнѳт тыныгуу жарыяланды.

 

12 саат 30 мүнѳт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

  1. депутат катталды.

 

 

3.«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмү жѳнүндѳ» маселени кароо.

 

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын 3 орун басары жана 8 комитет жѳнүндѳ депутаттык комиссия сунуштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин жыйналышынын тѳрагасы Б.Э.Тѳрѳбаевдин  сүйлѳгѳн сѳзү.

 

            Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутат Н.А.Нарматова.

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

            «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин түзүмүн бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- 2, бардыгы 74 депутат добуш берди, 78 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

            «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо жѳнүндѳ» маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү жѳнүндѳ тѳрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 81 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

4.«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо жѳнүндѳ» маселени кароо.

 

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамы жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

            Чыгып сүйлѳдү: депутат К.А.Талиева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасын шайлоо үчүн мурдагы түзүлгѳн эсептѳѳ комиссиясынын курамын бекитүү жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоону ѳткѳрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасын шайлоо үчүн мурдагы түзүлгѳн эсептѳѳ комиссиясынын курамын бекитүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- 2, бардыгы 73 депутат добуш берди, 81 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлѳдү: депутат М.А.Маматалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамына депутаттар Исатбек кызы А, М.Ж.Сыдыковду киргизүүнү жана депутаттар Б.З.Түлѳбаевди жана М.А.Маматалиевди алып салуу тууралуу сүйлѳдү.

 

            Чыгып сүйлѳдү: депутат Б.Э.Тѳрѳбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамына депутат А.Алтынбековду киргизүүнү жана депутат Г.О.Култаеваны алып салуу тууралуу сүйлѳдү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамына талапкерлер: «Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан - депутаттар Ж.Б.Абиров, А.Алтынбеков, Т.А.Масабиров, А.Т.Маткеримов, «Ишеним» парламенттик фракциясынан-депутаттар Р.Ш.Жакышов, Б.В.Шабазов, М.О.Темирбаев;  «Ынтымак» парламенттик фракциясынан-депутаттар Исатбек кызы А, М.Ж.Сыдыков; «Альянс» парламенттик фракциясынан-депутат А.А.Исираилов; «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан-депутат И.А.Масалиев;  «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан-депутат Д.А.Ашимова; «Элдик» депутаттык топтон-депутаттар О.М.Бакиров, Т.И.Икрамов.

 

Жогоруда кѳрсѳтүлгѳн депутаттарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамына  шайлоо жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо жѳнүндѳ» маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин жыйналышынын режиминде кароо жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат Н.Т.Шакиев.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 15 мүнѳт

 

 

Андан ары Кырнгыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышы улантылды.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

  1. депутат катталды.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо жѳнүндѳ» маселени кароо улантылды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларынын кызмат ордуна «Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан-депутаттар Ж.К.Исаеванын, У.Б.Примовдун, «Ишеним» парламенттик фракциясынан – Н.О.Сыдыгалиевдин жана «Элдик» депутаттык топтон-Н.А.Азыгалиевдин талапкерлиги жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин тѳрагасы Б.Э.Тѳрѳбаевдин  сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутат А.Т.Түмѳнбаев.

 

Депутат А.Т.Түмѳнбаевдин сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар А.Т.Маткеримов, Н.Т.Шекиев, И.А.Масалиев, Н.А.Нарматова, А.Т.Сулайманов, Д.Д.Бекешев, А.К.Мадумаров, М.Самыйкожо, К.К.Сулайманов, О.М.Бакиров, тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларынын кызмат ордуна талапкерлерге 2 мүнѳт сѳз берүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- 1, бардыгы 62 депутат добуш берди, 81 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкер депутат Н.О.Сыдыгалиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкер депутат У.Б.Примовдун  сүйлѳгѳн сѳзү.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкер депутат Ж.К.Исаеванын  сүйлѳгѳн сѳзү.

 

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкер депутат Н.А.Азыгалиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат И.А.Мадумаров, тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын мүчѳлѳрүнүн милдеттерин бѳлүштүрүү жѳнүндѳ (№1 протокол)  эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы -  депутат Т.А.Масабировдун («Ата-Журт-Кыргызстан») сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 81 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо үчүн  бюллетендин формасы жѳнүндѳ (№2 протокол)  эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы -  депутат Т.А.Масабировдун («Ата-Журт-Кыргызстан») сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын №2  протоколун бекитүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 81 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Саат 15.10-15.30га чейин бюллетенди колдонуу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүлдү.

 

Саат 15.30-15.50гѳ чейин добуштарды саноо жүргүзүлдү.

 

Депутаттардын талапкерлиги боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы:

У.Б.Примовго: макул-59, каршы-жок;

Н.О.Сыдыгалиевге макул-74, каршы-жок;

Ж.К.Исаевага  макул-74, каршы-жок;

Н.А.Азыгалиевге макул-38, каршы-жок;

Баарына каршы-1.

 

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттар У.Б.Примов, Н.О.Сыдыгалиев жана Ж.К.Исаева Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарлары болуп шайланышты.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы- жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 86 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарлары болуп шайланган депутаттар У.Б.Примовду, Н.О.Сыдыгалиевди жана Ж.К.Исаеваны куттукташты.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутат Н.А.Азыгалиев.

 

Чыгып сүйлѳштү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарлары болуп шайланган депутаттар У.Б.Примов, Н.О.Сыдыгалиев, Ж.К.Исаева.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо жѳнүндѳ» маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү тууралуу тѳрагалык кылуучунун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 80, каршы- жок, бардыгы 80 депутат добуш берди, 87 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Тѳрагалык кылуучу «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо жѳнүндѳ» маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин жыйыны режиминде кароо жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

Жыйналыш андан ары  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин жыйыны режиминде улантылды.

 

16 саат 45 мүнѳт

 

Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышы улантылды.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

  1. депутат катталды.

 

 

5.«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо жѳнүндѳ» маселени кароо.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар М.А.Маматалиев, И.А.Масалиев, Б.Э.Тѳрѳбаев.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо жѳнүндѳ» маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин тѳрагасы Б.Э.Тѳрѳбаевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамы жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоонун жол-жоболорун ѳткѳрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басарларын шайлоо үчүн мурда түзүлгѳн эсептѳѳ комиссиясынын курамын калтыруу чечим кылынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат М.К.Сарбагышев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиянын курамына ѳзүн киргизүүнү жана депутат Т.И.Икрамовду алып салуу жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат К.Л.Ханджеза.

 

Депутат К.Д.Ханджезанын сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат Д.А.Ашимова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамына  депутат З.Д.Мамасадыковду киргизүүнү жана депутат Д.А.Ашимованы алып салуу жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамына талапкерлер: «Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан -депутаттар Ж.Б.Абиров, А.Алтынбеков, Т.А.Масабиров, А.Т.Маткеримов,  «Ишеним» парламенттик фракциясынан-депутаттар Р.Ш.Жакышов, Б.В.Шабазов, М.О.Темирбаев; «Ынтымак» парламенттик фракциясынан-депутаттар Исатбек кызы А, М.Ж.Сыдыков; «Альянс» парламенттик фракциясынан-депутат А.А.Исираилов; «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан-депутат И.А.Масалиев;  «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан-депутат З.Д.Мамасадыков; «Элдик» депутаттык топтон-депутаттар О.М.Бакиров, М.К.Сарбагышев.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары У.Б.Примов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Каралып жаткан маселе аяктаганга чейин жыйналыштын ишин узартуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы- жок, бардыгы 57 депутат добуш берди, 84 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын мүчѳлѳрүнүн милдеттерин бѳлүштүрүү жѳнүндѳ (№1 протокол)  эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы - депутат Т.А.Масабировдун («Ата-Журт-Кыргызстан») сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 84 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн  бюллетендин формасы жѳнүндѳ (№2 протокол)  эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы -  депутат Т.А.Масабировдун («Ата-Журт-Кыргызстан») сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын №2  протоколун бекитүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 85 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Саат 18.08-18.44кѳ чейин бюллетенди колдонуу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүлдү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Саат 18.48-19.25ке чейин добуштарды саноо жүргүзүлдү.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутаттар А.К.Мадумаров, Т.А.Масабиров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн  эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы.

 

Ушул маселе боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жѳнүндѳ (№3 протокол) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн  эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы -  депутат Т.А.Масабировдун («Ата-Журт-Кыргызстан») сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн  тѳмѳнкү депутаттардын талапкерлиги боюнча:

 

М.К.Алиевге "Ишеним» парламенттик фракциясынан - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагалыгына  -макул-82, каршы-5;

Т.И.Икрамовго-«Элдик» депутаттык топтон, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча  комитетинин тѳрагалыгына-макул-38, каршы-2;

Ж.К.Акаевге-«Альянс» парламенттик фракциясынан, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагалыгына-макул-45, каршы-2;

А.Б.Кенжебаевге- -«Элдик» депутаттык топтон, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык ѳнүктүрүү боюнча комитетинин тѳрагалыгына-макул-52, каршы-35;

Д.А.Ашимовага- «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан, Социалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагалыгына-макул-80, каршы-7;

А.А.Турсунбаевге -«Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитетинин тѳрагалыгына-макул-84, каршы-3;

Б.Ү.Сыдыковго -«Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагалыгына-макул-83, каршы-4;

Д.Э.Тѳлѳновго -«Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагалыгына-макул-80, каршы-7;

С.А.Ѳмүрзаковго -«Ишеним» парламенттик фракциясынан, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин тѳрагалыгына-макул-83, каршы-4.

 

Тѳмѳндѳгү депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагалары болуп шайланышты.

 

М.К.Алиев- "Ишеним» парламенттик фракциясынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы.

Ж.К.Акаев -«Альянс» парламенттик фракциясынан, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасы.

А.Б.Кенжебаев- «Элдик» депутаттык топтон, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык ѳнүктүрүү боюнча комитетинин тѳрагасы.

Д.А.Ашимова - «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан, Социалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы.

А.А.Турсунбаев -«Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитетинин тѳрагасы.

Б.Ү.Сыдыков -«Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагасы

Д.Э.Тѳлѳнов -«Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы.

С.А.Ѳмүрзаков -«Ишеним» парламенттик фракциясынан, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин тѳрагасы.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар А.К.Мадумаров, Б.Э.Тѳрѳбаев.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.К.Мадумаров, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын юридика бѳлүмүнүн башчысы Б.М.Мамытов,  депутаттар А.Т.Сулайманов, М.К.Алиев, Т.А.Масабиров, К.К.Сулайманов, Д.А.Джумабеков, Н.О.Сыдыгалиев, тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо жѳнүндѳ» маселе боюнча бюллетень колдонуу менен кайрадан жашыруун добуш берүүнү жүргүзүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- 1, бардыгы 73 депутат добуш берди, 86 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, М.К.Сарбагышев, тѳрагалык кылуучу, депутаттар К.К.Сулайманов, М.К.Алиев, Б.Э.Тѳрѳбаев, О.М.Бакиров.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо жѳнүндѳ» маселени кароону 2022-жылдын 13-январына которуу жѳнүндѳ  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 22, каршы- 14, бардыгы 36 депутат добуш берди, 86 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын мүчѳлѳрүнүн милдеттерин бѳлүштүрүү жѳнүндѳ (№1 протокол)  эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы -  депутат Т.А.Масабировдун («Ата-Журт-Кыргызстан») сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы- 1, бардыгы 55 депутат добуш берди, 87 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн  бюллетендин формасы жѳнүндѳ (№2 протокол)  эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы -  депутат Т.А.Масабировдун («Ата-Журт-Кыргызстан») сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат А.Т.Түмѳнбаев.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын №2  протоколун бекитүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы- жок, бардыгы 48 депутат добуш берди, 87 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы Т.А.Масабиров.

 

Саат 20.30-21.05ке чейин бюллетенди колдонуу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүлдү.

 

Саат 21.06-21.56га чейин добуштарды саноо жүргүзүлдү.

 

Ушул маселе боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жѳнүндѳ (№3 протокол) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн  эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы -  депутат Т.А.Масабировдун («Ата-Журт-Кыргызстан») сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо үчүн  тѳмѳнкү депутаттардын талапкерлиги боюнча:

 

Ж.К. Акаевге «Альянс» парламенттик фракциясынан- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагалыгына – макул-62, каршы-жок;

Т.И.Икрамовго-«Элдик» депутаттык топтон, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча  комитетинин тѳрагалыгына-макул-20, каршы-жок;

М.К.Алиевге "Ишеним» парламенттик фракциясынан - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагалыгына  -макул-77, каршы-8;

А.Б.Кенжебаевге- -«Элдик» депутаттык топтон, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык ѳнүктүрүү боюнча комитетинин тѳрагалыгына-макул-62, каршы-23;

Д.А.Ашимовага- «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан, Социалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагалыгына-макул-78, каршы-7;

А.А.Турсунбаевге -«Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитетинин тѳрагалыгына-макул-82, каршы-3;

Б.Ү.Сыдыковго -«Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагалыгына-макул-82, каршы-3;

Д.Э.Тѳлѳновго -«Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагалыгына-макул-80, каршы-5;

С.А.Ѳмүрзаковго -«Ишеним» парламенттик фракциясынан, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин тѳрагалыгына-макул-82, каршы-3.

 

Тѳмѳндѳгү депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагалары болуп шайланышты.

 

М.К.Алиев- "Ишеним» парламенттик фракциясынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы.

Ж.К.Акаев -«Альянс» парламенттик фракциясынан, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасы.

А.Б.Кенжебаев- «Элдик» депутаттык топтон, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык ѳнүктүрүү боюнча комитетинин тѳрагасы.

Д.А.Ашимова - «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан, Социалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы.

А.А.Турсунбаев -«Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитетинин тѳрагасы.

Б.Ү.Сыдыков -«Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагасы

Д.Э.Тѳлѳнов -«Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы.

С.А.Ѳмүрзаков -«Ишеним» парламенттик фракциясынан, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин тѳрагасы.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Т.И.Икрамов, тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы- жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 87 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

 

 

Тѳрага                                                                                Т. Мамытов