Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 6 13.01.2022-ж.

17-08-2022
12:08

6

 

 

VII  ЧАКЫРЫЛЫШТЫН  I  СЕССИЯСЫ

 

2022-жыл

 

 

 

2022-жылдын  13-январы                                                    13 саат 55 мүнѳт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

 

 

            2022-жылдын 13-январындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер.

 

  1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо  жѳнүндѳ”;

 

  1. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жѳнүндѳ”

 

            68 депутат катталды.

 

1. 2022-жылдын 13-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы- жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 70 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

2022-жылдын 13-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 76 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат М.А.Маматалиев, тѳрагалык кылуучу, депутаттар Д.А.Джумабеков, А.Т.Түмѳнбаев.

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

            «Ынтымак» парламенттик фракциясынын лидери М.А.Маматалиевдин сунушу боюнча 30 мүнѳт тыныгуу жарыяланды.

 

Саат 15.00

 

            Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

            70 депутат катталды.

 

            2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо жѳнүндѳ» маселени кароо.

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамы жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

            Чыгып сүйлѳдү: депутат Б.Э.Тѳрѳбаев мурда шайланган эсептѳѳ комиссиясын бекитүүнү жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамына депутаттар  Г.О.Култаеваны, Ф.Д.Исмаиловду, У.Б.Бакасовду  киргизүүнү жана депутаттар Т.А.Масабировду, А.Т.Маткеримовду,  А.Алтынбековду алып салуу тууралуу сүйлѳдү.

 

            Чыгып сүйлѳдү: депутат М.А.Маматалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамына депутаттар Э.К.Кѳкүловду, Б.Э.Тентимишовду киргизүүнү жана депутаттар Исатбек кызы А, М.Ж.Сыдыковду алып салуу тууралуу сүйлѳдү.

 

            Чыгып сүйлѳдү: депутат О.М.Бакиров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамынан ѳзүн алып салууну жана депутат Н.А.Ражабалиевди  киргизүү жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

            Чыгып сүйлѳдү: депутат У.З.Ормонов Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамына депутаттар Э.Л.Жусуповду, Ж.Таалайбек кызын киргизүүнү жана депутаттар Б.В.Шабазовду, М.О.Темирбаеваны алып салуу  тууралуу сүйлѳдү.

 

            Чыгып сүйлѳдү: депутат Н.К.Кадырбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамына депутат Д.А.Ашимованы киргизүүнү жана депутат З.Д.Мамасадыковду алып салуу  тууралуу сүйлѳдү.

 

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн  добуш берүүнүн жол-жоболорун ѳткѳрүү үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн мурда шайланган эсептѳѳ комиссиясынын курамына ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 70 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын  орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамына талапкерлер: «Ата-Журт-Кыргызстан» парламенттик фракциясынан - депутаттар Ж.Б.Абиров, У.Б.Бакасов, Ф.Д.Исмаилов, Г.О.Култаева, «Ишеним» парламенттик фракциясынан-депутаттар Р.Ш.Жакышов, Таалайбек кызы Ж.,  «Ынтымак» парламенттик фракциясынан-депутаттар  Э.К.Кѳкүлов, Б.Э.Тентимишев, «Альянс» парламенттик фракциясынан-депутат А.А.Исираилов; «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан-депутат И.А.Масалиев,  «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан-депутат Д.А.Ашимова; «Элдик» депутаттык топтон-депутаттар Н.А.Ражабалиев, М.К.Сарбагышев.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу «Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо жѳнүндѳ» маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин жыйналышынын режиминде кароо жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

            Жыйналыш андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин жыйналышы режиминде улантылды.

 

15 саат 50 мүнѳт

 

 

Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышы улантылды.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

  1. депутат катталды.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо жѳнүндѳ» маселени кароо улантылды.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутаттар К.А.Талиева, О.М.Бакиров, И.А.Масалиев, тѳрагалык кылуучу, депутат Д.А.Джумабеков.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо жѳнүндѳ» маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин тѳрагасы Б.Э.Тѳрѳбаевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо жѳнүндѳ» маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин корутундусун негиз катары кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- 2, бардыгы 70 депутат добуш берди, 84 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.Т.Сулайманов, тѳрагалык кылуучу,  депутаттар Б.Э.Тѳрѳбаев- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин тѳрагасы, И.А.Масалиев, О.М.Бакиров.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Комитеттеринин тѳрагаларына үчтѳн ашпаган орун басарларын бекитүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы- 14, бардыгы 62 депутат добуш берди, 84 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Э.Т.Токтошев, тѳрагалык кылуучу.

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо жѳнүндѳ» маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин корутундусу боюнча жалпысынан  кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы- жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 84 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат У.З.Ормонов, тѳрагалык кылуучу, депутаттар М.Самыйкожо, Б.Э.Тѳрѳбаев, Т.Н.Сарыбашов, А.А.Козуев.

 

(Депутаттар Т.Н.Сарыбашов жана А.А.Козуев Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларынын кызмат ордуна ѳздѳрүнүн талапкерликтерин чакыртып алышты).

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар К.А.Талиева, И.А.Масалиев, тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу.

 

Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку  Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын курамдарынын жыйналышы жүрүп жатат.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Жыйналыштын күн тартиби боюнча маселелерди карап бүткѳнгѳ чейин жыйналыштын ишин узартуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 64, каршы- 1, бардыгы 65 депутат добуш берди, 84 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат Д.А.Джумабеков.

 

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык-экономикалык абал, жазгы-талаа жумуштарына карата даярдык жана коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы» маселени Кыргыз Ресепубликасынын Жогорку Кеңешинин кийинки жыйналышында кароо жѳнүндѳ депутат Д.А.Джумабековдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы- 1, бардыгы 60 депутат добуш берди, 84 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутат У.З.Ормонов.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын мүчѳлѳрүнүн милдеттерин бѳлүштүрүү жѳнүндѳ (№1 протокол)  эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы -  депутат Г.О.Култаеванын  («Ата-Журт-Кыргызстан») сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын №1 протоколун бекитүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 85 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн бюллетендин формасы жѳнүндѳ (№2 протокол) эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы - депутат Г.О.Култаеванын  («Ата-Журт-Кыргызстан») сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат А.К.Мадумаров.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын №2  протоколун бекитүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 72, каршы- жок, бардыгы 72 депутат добуш берди, 85 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Саат 18.38де бюллетень колдонуу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүлдү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу добуш берүүнү токтотуу жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат  Д.А.Джумабеков, тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы Г.О.Култаева сүйлѳдү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын №2  протоколун бекитүү боюнча мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу тууралуу  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы- 1, бардыгы 57 депутат добуш берди, 85 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (№2 протоколду бекитүү боюнча чечим жокко чыгарылды).

 

Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын жыйналышы улантылды.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн  бюллетендин формасы жѳнүндѳ (№2 протокол)  эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы - депутат Г.О.Култаеванын  («Ата-Журт-Кыргызстан») сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын №2  протоколун бекитүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 85 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Саат 19.30-20.27ге чейин бюллетень колдонуу менен жашыруун добуш берүү жүргүзүлдү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Ушул маселе боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн (№3 протокол) эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы - депутат Г.О.Култаеванын («Ата-Журт-Кыргызстан») сүйлѳгѳн сѳзү.

 

            Шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы: депутат З.Д.Мамасадыковду - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына -макул-75, каршы-1; депутат Коргонбай уулу Ж-  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына -макул-74, каршы-4; депутат Ч.И.Ажибаевди -  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына -макул-58, каршы-7; депутат Ч.А.Султанбекованы-Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча  комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына-макул-65, каршы-15; депутат А.Ж.Осмоновду -Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча  комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына-макул-62, каршы-18; депутат Н.А.Азыгалиевди - Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча  комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-39, каршы-41; депутат Л.Х.Лурованы - Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча  комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-48, каршы-жок; депутат М.О.Темирбаеваны - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык ѳнүктүрүү боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-77, каршы-3; депутат Ж.С.Кыдыкбаевди - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык ѳнүктүрүү боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына-макул-73, каршы-7; депутат Г.С.Молдобекованы - Социалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-73, каршы-9; депутат А.Т.Маткеримовду - Социалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына-макул-73, каршы-9; депутат Исатбек кызы А - Социалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына-макул-72, каршы-10;  депутат М.М.Мураталиевди Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-76, каршы-6; К.К.Сулаймановду - Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-72, каршы-10; М.Самыйкожону - Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-62, каршы-20; депутат Б.В.Шабазовду-Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-72, каршы-11; депутат Э.Н.Сулаймановду-Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына-макул-75, каршы-7; депутат М.Ж.Сыдыковду-Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-73, каршы-9; депутат А.Н.Абдибаеваны-Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-58, каршы-20; депутат Д.Д.Бекешевди - Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-56, каршы-22; депутат О.М.Бакировду - Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-50, каршы-28; депутат Ш.Мажитованы - Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына-макул-50, каршы-28; депутат И.И.Матраимовду - Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-59, каршы-4; депутат Б.Э.Тентимишовду - Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына-макул-52, каршы-3; депутат Р.Ш.Жакышовду - Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына - макул-67, каршы-2; депутат А.Д.Таштанбековду - Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына-макул-31, каршы-7.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат Ш.Мажитова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлыгына талапкерлигин алып салуу жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

Чыгып сүйлѳдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын тѳрагасы.

 

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча тѳмѳндѳгү депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарлары болуп шайланышты.

 

З.Д.Мамасадыков, Коргонбай уулу Ж, Ч.И.Ажибаев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлары;

Ч.А.Султанбекова, А.Ж.Осмонов,  Л.Х.Лурова -Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча  комитетинин тѳрагасынын орун басарлары;

М.О.Темирбаева, Ж.С.Кыдыкбаев - Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык ѳнүктүрүү боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлары;

Г.С.Молдобекова,  А.Т.Маткеримов, Исатбек кызы А - Социалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлары;

М.М.Мураталиев, К.К.Сулайманов, М.Самыйкожо- Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлары;

Б.В.Шабазов, Э.Н.Сулайманов,  М.Ж.Сыдыков -Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлары;

А.Н.Абдибаева, О.М.Бакиров,  Д.Д.Бекешев -Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлары;

И.И.Матраимов, Б.Э.Тентимишов, Р.Ш.Жакышов -Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басарлары.

 

Чыгып сүйлѳштү:  депутат О.М.Бакиров, тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо үчүн эсептѳѳ комиссиясынын  протоколун бекитүү жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы- жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 85 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин тѳрагаларынын орун басарларын шайлоо  жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 74, каршы- жок, бардыгы 74 депутат добуш берди, 85 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутат М.Самыйкожо.

 

 

            4. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жѳнүндѳ» маселени кароо.

 

            Тѳрагалык кылуучу «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жѳнүндѳ» маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комситеттеринин жыйналышынын режиминде кароо жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

            Жыйналыш андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комситеттеринин жыйналышынын режиминде улантылды.

 

21 саат 55 мүнѳт

 

            Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышы улантылды.

 

            Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

            78 депутат катталды.

 

            «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жѳнүндѳ» маселени кароонун уландысы.

 

            «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жѳнүндѳ» маселени кароо боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бардык Комитеттеринин тѳрагасы Б.Э.Тѳрѳбаевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

            «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 77, каршы- жок, бардыгы 77 депутат добуш берди, 78 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

 

 

Тѳрага                                                                                            Т. Мамытов