Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 7 19.01.2022-ж.

17-08-2022
12:13

 

7

 

 

VII  ЧАКЫРЫЛЫШТЫН  I  СЕССИЯСЫ

 

2022-жыл

 

 

 

2022-жылдын  19-январы                                                    Саат 10.00

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын

орун басары

 

Н.О.Сыдыгалиев

 

 

Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

            2022-жылдын 19-январындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер.

 

  1. “Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Т.О.Имановду дайындоого макулдук берүү жөнүндө”;
  2. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору”;
  3.  “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык-экономикалык абал, жазгы-талаа жумуштарына карата даярдык жана коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы”.

 

            57 депутат катталды.

 

1. 2022-жылдын 19-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53, каршы- жок, бардыгы 53 депутат добуш берди, 60 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

2022-жылдын 19-январындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы- жок, бардыгы 54 депутат добуш берди, 62 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

2.         “Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Т.О.Имановду дайындоого макулдук берүү жөнүндө” маселени кароо.

 

            Сунуш кылынган маселе жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Д.А.Джумабеков, У.З.Ормонов, тѳрагалык кылуучу, депутат А.Ж.Осмонов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар Р.Ш.Жакышов, К.А.Талиева.

 

            Каралып жаткан маселени жыйналыштын күн тартибинен алып салуу жѳнүндѳ депутаттар А.Ж.Осмоновдун жана К.А.Талиевдин сунуштары боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 25, каршы- 22, бардыгы 47 депутат добуш берди, 72 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

            Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкер Т.О.Имановдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Сунуш кылынган маселе жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсаловдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутаттар А.Т.Маткеримов, Н.А.Нарматова, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкер Т.О.Иманов, депутаттар Д.Д.Бекешев, Ж.С.Кыдыкбаев, Э.Т.Токтошев, Н.Т.Шакиев, К.А.Талиева, Т.А.Масабиров, М.А.Маматалиев, Д.А.Джумабеков, Ч.А.Султанбекова, Э.Н.Сулайманов.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Ж.К.Исаева тѳрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат Ж.П.Нурбаев, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкер Т.О.Иманов, депутаттар А.К.Малиев,  О.М.Бакиров, Ж.Ш.Токторбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, депутаттар А.А.Козуев, Ж.Б.Абиров, Б.З.Түлѳбаев, тѳрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев.

 

            Ушул маселе боюнча суроо-жооп жана талкууда ар бир парламенттик фракциядан жана депутаттык топтон экиден депутатка сѳз сүйлѳѳгѳ мүмкүнчүлүк берүү жѳнүндѳ депутат Б.З.Түлѳбаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 19, каршы- 23, бардыгы 42 депутат добуш берди, 80 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

            Чыгып сүйлѳштү:  депутат Ч.И.Ажибаев, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкер Т.О.Иманов, депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов.

 

            Депутат У.З.Ормоновдун сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү жана Социалдык маселелер боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутаттар А.Т.Сулайманов, С.А.Айжигитов, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкер Т.О.Иманов, депутат А.Т.Маткеримов.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат С.А.Ѳмүрзаков, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкер Т.О.Иманов, депутат А.Т.Эрбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, депутаттар Коргонбай уулу Ж., А.Ж.Осмонов, Т.Н.Сарыбашов, М.К.Алиев, К.К.Сулайманов, М.О.Темирбаева, Д.А.Ашимова, Н.А.Нарматова, Б.Ү.Сыдыков, К.Л.Ханджеза, К.А.Талиева, Д.А.Джумабеков, А.Б.Кенжебаев, тѳрагалык кылуучу.

 

            Каралып жаткан  маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жѳнүндѳ депутат А.Б.Кенжебаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 36, каршы- 8, бардыгы 44 депутат добуш берди, 81 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

Саат 14.00

 

            Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

 

            56 депутат катталды.

 

            “Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Т.О.Имановду дайындоого макулдук берүү жөнүндө” маселени кароонун уландысы.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат Ы.Ы.Атажанов, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкер Т.О.Иманов,  депутат Т.И.Икрамов, тѳрагалык кылуучу.

 

            Каралып жаткан  маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жѳнүндѳ депутат Т.И.Икрамовдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 38, каршы- 6, бардыгы 44 депутат добуш берди, 55 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Н.К.Кадырбеков, К.К.Сулайманов, Ш.К.Ташиев, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкер Т.О.Иманов,  тѳрагалык кылуучу.

 

            Каралып жаткан  маселе боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 48, каршы- жок, бардыгы 48 депутат добуш берди, 59 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат З.Д.Мамасадыков, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна талапкер Т.О.Иманов,   депутаттар Р.Ш.Жакышов, М.М.Мураталиев, В.К.Раимбачаева, Т.Н.Сарыбашов.

 

            Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Т.О.Имановду дайындоого макулдук берүү жѳнүндѳ  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы М.К.Алиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

            «Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Т.О.Имановду дайындоого макулдук берүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

  

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53, каршы- 3, бардыгы 56 депутат добуш берди, 64 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

3.  “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (депутат М.Ж.Саккараев жѳнүндѳ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

            Сунуш кылынган токтом долбоору жѳнүндѳ «Ата-Журт Кыргызстан»  парламенттик фракциясынын лидери-депутат Б.Э.Тѳрѳбаевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ушул токтомун кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы М.К.Алиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

            “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 18-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (депутат М.Ж.Саккараев жѳнүндѳ) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы- жок, бардыгы 54 депутат добуш берди, 64 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

            4. “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин социалдык-экономикалык абал, жазгы-талаа жумуштарына карата даярдык жана коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматы” маселени кароо.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат К.А.Талиева, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар К.К.Сулайманов, Н.Т.Шакиев, Б.Э.Тѳрѳбаев, тѳрагалык кылуучу.

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

            Коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар бѳлүгүндѳгү маселени кароо чечими чыгарылды.

 

            Коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсаловдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

            Коронавирус инфекциясынын жайылуусун болтурбоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри А.С.Бейшеналиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутаттар К.К.Сулайманов, Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри А.С.Бейшеналиев,  депутат Н.К.Алимбеков, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жѳнгѳ салуу мамлекеттик агенттигинин директору К.Д.Тайлаков.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Ж.К.Исаева тѳрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри А.С.Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жѳнгѳ салуу мамлекеттик агенттигинин директору К.Д.Тайлаков, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Н.Т.Шерипов.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

            Чыгып сүйлѳштү:  депутат Ж.С.Кыдыкбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри А.С.Бейшеналиев, депутат А.Т.Маткеримов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Ж.К.Исаева тѳрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат М.А.Маматалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жѳнгѳ салуу мамлекеттик агенттигинин директору К.Д.Тайлаков,  депутат Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри А.С.Бейшеналиев, депутаттар Т.Н.Сарыбашов, О.М.Бакиров, Н.К.Кадырбеков, Ж.Б.Абиров, С.А.Ѳмүрзаков, А.Б.Кенжебаев, К.А.Талиева, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Н.Т.Шерипов,  депутаттар А.Ж.Осмонов, Н.О.Култаева, Ж.П.Нурбаев, Б.Э.Тѳрѳбаев, М.М.Мураталиев, М.О.Темирбаева, Ы.Ы.Атажанов, Ш.Мажитова, Ч.А.Султанбекова, К.К.Сулайманов.

 

Депутат А.Ж.Осмоновдун сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү жана Социалдык маселелер боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутаттар А.К.Малиев, В.К.Раимбачаева, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри А.С.Бейшеналиев, депутат Н.А.Нарматова, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, депутат А.А.Козуев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жѳнгѳ салуу мамлекеттик агенттигинин директору К.Д.Тайлаков,  депутаттар А.К.Малиев, Ш.К.Ташиев, С.А.Атамбаев, К.К.Сулайманов,  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Н.С.Жусупбекова, депутаттар Т.Н.Сарыбашов, А.Алтынбеков, тѳрагалык кылуучу.

 

            Каралып жаткан маселени карап бүткѳнгѳ чейин жыйналыштын ишин узартуу жѳнүндѳ депутат А.Алтынбековдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 32, каршы- 9, бардыгы 41 депутат добуш берди, 79 депутат катталган. 

 

            Каралып жаткан маселени карап бүткѳнгѳ чейин жыйналыштын ишин узартуу жѳнүндѳ депутат А.Алтынбековдун сунушу боюнча кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 44, каршы- 8, бардыгы 52 депутат добуш берди, 79 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү:  депутат О.К.Нарматова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри А.С.Бейшеналиев,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, депутаттар Ч.И.Ажибаев, К.К.Сулайманов, А.Алтынбеков, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Ж.К.Дүйшеева.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Ж.К.Исаева тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Э.Н.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри А.С.Бейшеналиев, депутаттар М.Самыйкожо, Н.О.Сыдыгалиев- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары,  У.З.Ормонов, А.Т.Эрбаев, М.К.Сарбагышев, А.Т.Маткеримов, Таалайбек кызы Ж., Коргонбай уулу Ж.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат К.А.Талиева, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри А.С.Бейшеналиев, депутат И.А.Масалиев, тѳрагалык кылуучу, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Ж.К.Дүйшеева,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, депутаттар Н.А.Нарматова, Б.З.Түлѳбаев, Г.С.Молдобекова, М.К.Алиев, Коргонбай уулу Ж., тѳрагалык кылуучу.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

 

 

 

Тѳраганын орун басары                                                          Н.Сыдыгалиев