Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 10 03.02.2022-ж.

17-08-2022
14:36

 

 

 

10

 

 

 

VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

 

2022-ЖЫЛ

 

 

2022-жылдын 3-февралы                                        10 саат 5 мүнөт

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

       

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

         Т.Т. Мамытов

 

 

 

Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Жыйналышка катышпаган депутаттар: Н.К. Алимбеков.

 

 

 

 

 

 

2022-жылдын 3-февралындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

 

 

1. Ар кандай маселелер;

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилгеленген (2020-жылдын 4-мартындагы № 127 токтому) экинчи окууда «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин намояндагон Мажлисине кайрылуусу.

 

 

 

74 депутат катталды.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат И.А.Масалиев.

 

 

1. 2022-жылдын 3-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы – жок, бардыгы 58 депутат добуш берди, 68 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Ж.К.Акаев, төрагалык кылуучу, депутаттар Н.К.Шакиев, И.А.Масалиев, А.К.Малиев, А.Т.Маткеримов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытов, депутаттар Д.Д.Бекешев, Т.И.Икрамов, К.К.Сулайманов, Ө.М.Бакиров, С.А.Атамбаев, Б.З.Түлөбаев, Ы.Ы.Атажанов.

 

 

Депутат Н.Т.Шакиевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Депутат И.А.Масалиевдин сунушун эске алуу менен 2022-жылдын 3-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы – жок, бардыгы 73 депутат добуш берди, 80 депутат катталган.

 

Чечим кабыл алынды.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

2. Ар кандай маселелер.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат Ө.М.Бакиров

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү. Депутаттар Д.Д.Бекешев, Д.А.Джумабеков, Б.Э.Торобаев, У.З.Ормонов, А.Ж.Осмонов, Н.А.Нарматова, А.Т.Маткеримов, М.А.Маматалиев, Т.И.Икрамов, Ч.А.Султанбекова, К.А.Талиева, Н.Т.Шакиев, Ж.К.Акаев, Б.К.Чойбеков, Т.А.Масабиров.

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К.Исаева төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Ш.Мажитова, А.Алтынбеков.

 

 

Депутат А.Алтынбековдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине; Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана Социалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар К.Л.Ханджеза, Т.Н.Сарыбашов, Э.Н.Сулайманов, Ж.П.Нурбаев, К.К.Сулайманов.

 

 

 

Депутат Т.Н.Сарыбашовдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Депутат Ж.П.Нурбаевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине; Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине; Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине жана Социалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К.Исаева төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Т.Түмөнбаев.

Депутат А.Т.Түмөнбаевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.Б.Кенжебаев.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К.Исаева төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөдү: депутат А.К.Малиев.

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар А.А.Козуев, З.Д.Мамасадыков, төрагалык кылуучу, депутаттар Б.З.Түлөбаев, Ы.Ы.Атажанов, А.А.Турсунбаев.

 

 

 

Депутат А.К.Козуевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетине; Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Депутат З.Д.Мамасадыковдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине тапшырма берүү.

 

 

 

Депутат Ы.Ы.Атажановдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К.Исаева төрагалык кылды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар Э.Т.Токтошев, М.Ж.Сыдыков, В.К.Раимбачаева, М.К.Сарбагышев, Г.О.Култаева, М.О.Темирбаева, Н.А.Ражабалиев, Н.К.Кадырбеков, С.А.Омурзаков, Н.А.Нарматова, М.Самыйкожо, Ч.И.Ажибаев, Э.К.Кокулов, Ж.П.Нурбаев, К.К.Сулайманов, Ш.К.Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Депутат Э.Т.Токтошевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине; Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана Социалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Депутат Г.О.Култаеванын сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине жана Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

Депутат Н.К.Кадырбековдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине; Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине; Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине жана Социалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берүү.

 

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

 

14 саат 20 мүнөт

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Дж.К.Исаева тѳрагалык кылды.

 

 

 

65 депутат катталды.

 

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2020-жылдын 4-мартындагы № 127 токтому) “Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жана соттук укуктук реформа маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

Сунушталган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э.Толоновдун сөзү.

 

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар А.К.Мадумаров, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы У.К.Сарбанов, төрагалык кылуучу, депутаттар Д.А.Ашимова, Г.А.Кожокулова, И.А.Масалиев, Н.К.Кадырбеков.

 

 

 

 

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

 

Сөз сүйлөштү: депутат Н.К.Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасы У.К.Сарбанов, депутаттар И.А.Масалиев, Д.Э.Толонов - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы, төрагалык кылуучу.

 

 

 

Депутаттар И.А.Масалиев менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Д.Э.Толоновдун сунуштары боюнча каралып жаткан мыйзам долбоорун жыйналыштын күн тартибинен алып салуу жөнүндө добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53, каршы – жок, бардыгы 53 депутат добуш берди, 64 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

4. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин намояндагон Мажлисине кайрылуусу жөнүндө” маселени кароо.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: депутаттар К.А.Талиева, Н.А.Ражабалиев, төрагалык кылуучу.

 

 

Берилген суроо жөнүндө депутат К.А.Талиеванын сөзү.

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин намояндагон Мажлисине кайрылуусунун долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Ж.К.Акаевдин сөзү.

 

 

 

Сөз сүйлөштү: төрагалык кылуучу, депутат Н.А.Ражабалиев.

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тажикстан Республикасынын Оли Мажлисинин намояндагон Мажлисине кайрылуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кайрылуусунун долбоорун жактыруу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы – 1, бардыгы 57 депутат добуш берди, 72 депутат катталды.

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

 

 

Төрага                                                                                     Т. Мамытов