Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 12 10.02.2022-ж.

17-08-2022
16:16

 

 

 

 

 

 

12

 

 

VII  ЧАКЫРЫЛЫШТЫН  I  СЕССИЯСЫ

 

2022-жыл

 

 

 

2022-жылдын  10-февралы                                                     10 саат 10 мүнѳт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы

 

Т.Т.Мамытов

 

 

 

Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

            2022-жылдын 10-февралындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

 

 

1.  Ар түрдүү;

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” (2021-жылдын 10-декабрындагы № 303 токтому) биринчи окууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;

 

            3. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылып берилген “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4892-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

            4. “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

            5. “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

6. “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

 

7. “Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

8. “Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

9. “Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

10. “Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

11. “Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

 

12. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

13. “Кыргызстан - Европа Бирлиги” парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

14. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

15. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

16. “Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

 

17. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорунун күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жѳнүндѳ;

 

18. Кыргыз Республикасында 2022-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы жѳнүндѳ;

 

19. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунушун кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу.

 

 

66 депутат катталды.

 

1. 2022-жылдын 10-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы- 1, бардыгы 61 депутат добуш берди, 65 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Н.А.Нарматова, А.К.Мадумаров, Д.А.Ашимова, С.А.Атамбаев, А.Т.Маткеримов, Г.А.Кожокулова, В.К.Раимбачаева, Ж.С.Кыдыкбаев, А.Т.Түмѳнбаев, тѳрагалык кылуучу, депутаттар А.А.Козуев, Н.Т.Шакиев.

 

Депутат Н.А.Нарматованын сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат Г.А.Кожокулованын сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат Ж.С.Кыдыкбаевдин сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Депутат В.К.Раимбачаеванын ага 5 мүнѳт сѳз сүйлѳѳгѳ мүмкүнчүлүк берүү жѳнүндѳгү сунушу боюнча  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы- 1, бардыгы 58 депутат добуш берди, 75 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

2022-жылдын 10-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан  кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы- 1, бардыгы 64 депутат добуш берди, 75 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты В.К.Раимбачаеванын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Депутат В.К.Раимбачаеванын сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

3. Ар түрдүү.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат Ѳ.М.Бакиров.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары У.Б.Примов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар М.А.Маматалиев, Т.И.Икрамов, Д.А.Джумабеков, Д.Э.Тѳлѳнов, Р.А.Сабиров, Н.А.Нарматова, тѳрагалык кылуучу, депутаттар Д.Д.Бекешев, Н.А.Азыгалиев, А.Ж.осмонов, Ч.И.Ажибаев, Н.Т.Шакиев, Ч.А.Султанбекова, Т.А.Масабиров, Р.Ш.Жакышов, Б.З.Түлѳбаев, Б.К.Чойбеков, А.К.Малиев, А.А.Турсунбаев, Н.О.Сыдыгалиев, Ы.Ы.Атажанов, Т.Н.Сарыбашов, Ж.П.Нурбаев, Ж.Ш.Токторбаев, К.А.Талиева, Ш.Мажитова, Э.К.Кѳкүлов, З.Д.Мамасадыков, А.А.Козуев, М.О.Темирбаев, С.А.Ѳмүрзаков, Ж.С.Кыдыкбаев, Ч.А.Султанбекова, К.К.Сулайманов, М.М.Мураталиев, А.Т.Түмѳнбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат А.Б.Кенжебаев.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Депутат Т.А.Масабировдун сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык ѳнүгүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат Т.Н.Сарыбашовдун сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча  жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча; Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча жана Социалдык саясат боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” (2021-жылдын 10-декабрындагы № 303 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Н.Т.Шериповдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Р.А.Сабиров, тѳрагалык кылуучу.

 

 

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы Д.Э.Тѳлѳновдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

5. “Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылып берилген “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4892-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун  кароо.

 

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жѳнүндѳ Мыйзамдын демилгечиси-депутат М.А.Маматалиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана ѳнѳр жай саясаты боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары М.Самыйкожонун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайрадан кайтарылып берилген “Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4892-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы- жок, бардыгы 57 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

6. “Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү:  депутаттар А.К.Малиев, Ч.А.Султанбекова- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары, тѳрагалык кылуучу.

 

“Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы- жок, бардыгы 57 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат К.К.Сулайманов, тѳрагалык кылуучу.

 

 

7. “Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

“Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы- жок, бардыгы 56 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

8. “Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат А.К.Малиев.

 

“Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы- жок, бардыгы 58 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

9. “Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

 

“Парламенттер аралык Бирликке Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

10. “Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

 

“Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 52, каршы- жок, бардыгы 52 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Н.Т.Шакиев, тѳрагалык кылуучу.

 

 

11. “Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

 

“Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы- жок, бардыгы 56 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

12. “Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндөКыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

 

“Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

13. “Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

“Азия Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы- 1, бардыгы 64 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

14. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар К.А.Талиева, Ч.А.Султанбекова- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары, тѳрагалык кылуучу.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы- жок, бардыгы 60 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

15. “Кыргызстан - Европа Бирлиги” парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

 

“Кыргызстан - Европа Бирлиги” парламенттик кызматташтык Комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

16. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда кызматташтык боюнча Парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы- жок, бардыгы 60 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

17. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Өзбекстан Республикасынын Олий Мажилисинин ортосунда кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиянын кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы- жок, бардыгы 63 депутат добуш берди, 82 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

18. “Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

 

“Калктын саны жана өнүгүү боюнча парламентчилердин Азия форумуна Калктын саны жана өнүгүү боюнча Кыргызстандын парламентчилеринин улуттук комитетин түзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 62, каршы- жок, бардыгы 62 депутат добуш берди, 82 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

 

19. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорунун күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жана аны кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары Ч.А.Султанбекованын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорунун күчүн жоготту деп таануу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 65, каршы- жок, бардыгы 65 депутат добуш берди, 82 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

14 саат 5 мүнѳт

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

53 депутат катталды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

20. 2022-жылдын 10-февралында каралган мыйзам долбоору боюнча добуш берүү.

 

 

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы- 1, бардыгы 51 депутат добуш берди, 56 депутат катталган. 

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы- 1, бардыгы 55 депутат добуш берди, 61 депутат катталган. 

 

Добуш жараксыз деп табылды.

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 60, каршы- 1, бардыгы 61 депутат добуш берди, 63 депутат катталган. 

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутат Н.А.Нарматова.

 

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы- 1, бардыгы 70 депутат добуш берди, 71 депутат катталган. 

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- 1, бардыгы 72 депутат добуш берди, 72 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

 

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат Н.А.Нарматова.

 

 

21. «Кыргыз Республикасында 2022-жылы жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы жѳнүндѳ» маселени кароо.

 

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Б.З.Түлѳбаев, А.Б.Кенжебаев, Н.А.Нарматова, тѳрагалык кылуучу, депутат Э.Т.Токтошев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

 

Депутат А.Б.Кенжебаевдин сүлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык ѳнүгүү боюнча; Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары У.Б.Примов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳштү:  депутаттар И.А.Масалиев, Н.Т.Шакиев, Б.З.Түлѳбаев, К.А.Талиева, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат Н.А.Нарматова.

 

Маселени Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун катышуусу менен кароо жѳнүндѳгү депутат Н.А.Нарматованын сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53, каршы- 13, бардыгы 66 депутат добуш берди, 76 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы М.К.Алиев, депутат М.А.Маматалиев, тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы М.К.Алиевдин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунушун кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу» маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү жѳнүндѳгү сунушу боюнча добуш  берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы- жок, бардыгы 56 депутат добуш берди, 81 депутат катталган. 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

15 мүнѳт тыныгуу жарыяланды.

 

15 саат 5 мүнѳт

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

64 депутат катталды.

 

 

22. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунушун кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу» маселени кароо.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар И.А.Масалиев, Ж.Ш.Токторбаев, тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунушун кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы М.К.Алиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат И.А.Масалиев, тѳрагалык кылуучу, депутаттар Д.Д.Бекешев, М.К.Алиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы,  К.А.Талиева, Б.З.Түлѳбаев, Н.А.Нарматова, Д.Д.Бекешев, Н.К.Кадырбеков, Д.А.Джумабеков, А.К.Мадумаров, Ш.Мажитова, М.Самыйкожо, Ѳ.М.Бакиров, Н.Т.Шакиев, А.Т.Түмѳнбаев, тѳрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунушун кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы М.К.Алиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу, депутаттар К.К.Сулайманов, Г.А.Кожокулова, М.К.Алиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин тѳрагасы,  И.А.Масалиев.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунушун кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 73, каршы- 1, бардыгы 74 депутат добуш берди, 80 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Тѳрагалык кылуучу ушул маселени кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Н.Т.Шакиев, Г.А.Кожокулова, М.А.Маматалиев, Ч.А.Султанбекова, Д.А.Джумабеков, тѳрагалык кылуучу, депутаттар Н.К.Кадырбеков, М.Самыйкожо, А.Т.Сулайманов.

 

Атайын депутаттык комиссиянын курамына талапкерлер: депутаттар А.Ж.Осмонов - «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Б.В.Шабазов - «Ишеним» парламенттик фракциясынан, М.Ж.Сыдыков - «Ынтымак» парламенттик фракциясынан, А.А.Исираилов - «Альянс» парламенттик фракциясынан, И.А.Масалиев - «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынан, Д.А.Ашимова - «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан, А.Б.Кенжебаев – «Элдик» депутаттык топтон.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунушун кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу жѳнүндѳ  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- 1, бардыгы 68 депутат добуш берди, 81 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш ѳз ишин аяктады.

 

 

 

 

Тѳрага                                                                                            Т.Мамытов