Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 13 16.02.2022-ж.

17-08-2022
16:18

 

 

 

        13

 

VII ЧАКЫРЫЛЫШТЫН I СЕССИЯСЫ

2022-ЖЫЛ

 

 

 

2022-жылдын 16-февралы                                            10 саат 5 мүнөт

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                               Кыргыз Республикасынын                                                                  Жогорку Кеңешинин

Төрагасы

 

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

2022-жылдын 16-февралындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 17-ноябрындагы №268 токтом), “Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуу Британиянын бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн жана Түндүк Ирландиянын ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге жана капиталдын кирешесине салыктарды төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, үчүнчү окууда;

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 3-декабрындагы №290 токтом), “Бишкек шаарында 2021-жылдын 16-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун башкаруу жөнүндө” Кредиттик макулдашууну жана “Бишкек шаарында 2021-жылдын 16-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун башкаруу жөнүндө” Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, үчүнчү окууда;

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 11-январындагы №2 токтом), “Москва шаарында 2021-жылдын 17-февралында кол коюлган, “Жашыруун маалыматты коргоонун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2014-жылдын 12-ноябрындагы атаандаштыктын бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, биринчи окууда;

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 21-сентябрындагы кир. №12992/21), Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын

Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө, экинчи окууда;

 

5. Кыргыз Республикасында 2022-жылда жазгы талаа жана чарбалык иштерди жүргүзүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу;

 

6. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматына А.Б.Бейшеналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө;

 

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын
9-февралындагы №43-VII “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмүн жана штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоору жөнүндө.

 

69 депутат катталды.

 

 

1. 2022-жылдын 16-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 66, каршы – жок, бардыгы 66 депутат добуш берди, 76 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: депутаттар Н.К.Кадырбеков, Д.Д.Бекешев, төрагалык кылуучу, депутаттар М.А.Маматалиев, А.Ж.Осмонов, Б.Э.Торобаев, Ж.К.Акаев, К.К.Сулайманов, А.К.Мадумаров, Ж.Коргонбай уулу, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Депутат Н.К.Кадырбековдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат А.Ж.Осмоновдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Депутат К.К.Сулаймановдун сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук-маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине протоколдук тапшырма берилди.

 

Чечим кабыл алынды: саат 14-00дө “Кыргыз Республикасында 2022-жылда жазгы талаа жана чарбалык иштерди жүргүзүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу” маселени кароо.

 

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунушун эске алуу менен 2022-жылдын 16-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 82, каршы – жок, бардыгы 82 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 3-декабрындагы №290 токтом), “Бишкек шаарында 2021-жылдын 16-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун башкаруу жөнүндө” Кредиттик макулдашууну жана “Бишкек шаарында 2021-жылдын 16-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун башкаруу жөнүндө” Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Ж.К.Акаевдин сөзү.

        

Сөз сүйлөдү: депутат А.К.Малиев, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары К.Ж.Абдрахманов, депутаттар Д.А.Джумабеков, Ч.И.Ажибаев, Г.О.Култаева, К.К.Сулайманов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, депутат Ш.К.Ташиев.

 

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Ж.К.Акаевдин сөзү.

        

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 3-декабрындагы №290 токтом), “Бишкек шаарында 2021-жылдын 16-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун башкаруу жөнүндө” Кредиттик макулдашууну жана “Бишкек шаарында 2021-жылдын 16-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун башкаруу жөнүндө” Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо.

        

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Ж.К.Акаевдин сөзү.

        

Сөз сүйлөдү: депутат Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары У.М.Шамырканов.

        

Ушул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Ж.К.Акаевдин сөзү.

        

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

        

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 11-январындагы №2 токтом), “Москва шаарында 2021-жылдын 17-февралында кол коюлган, “Жашыруун маалыматты коргоонун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2014-жылдын 12-ноябрындагы атаандаштыктын бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароо.

        

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары К.Ж.Абдрахмановдун сөзү.

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

15 мүнөттүк тыныгуу жарыяланды.

 

 

                                      11 СААТ 20 МҮНӨТ                            

 

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К.Исаева төрагалык кылды.

        

83 депутат катталды.

        

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2022-жылдын 11-январындагы №2 токтом), “Москва шаарында 2021-жылдын 17-февралында кол коюлган, “Жашыруун маалыматты коргоонун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2014-жылдын 12-ноябрындагы атаандаштыктын бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун биринчи окууда кароону улантуу.

        

Сөз сүйлөдү: депутат Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары К.Ж.Абдрахманов, депутаттар Н.К.Кадырбеков, А. Исатбек кызы.

        

Ушул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Л.Х.Лурованын сөзү.

        

Көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун биринчи окууда добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

        

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев төрагалык кылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматына А.Б.Бейшеналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө” маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы – жок, бардыгы 69 депутат добуш берди, 78 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген (2021-жылдын 21-сентябрындагы кир. №12992/21), Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун экинчи окууда кароо.

        

Сунуш кылынган мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы А.Б.Кенжебаевдин сөзү.

        

Сөз сүйлөдү: депутаттар Н.К.Алимбеков, А.А.Козуев, Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары Н.Т.Шерипов, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин директору Ж.К.Керималиев, депутат М.К.Сарбагышев, төрагалык кылуучу.

        

Депутаттар Н.К.Алимбеков, А.А.Козуев жана М.К.Сарбагышевдин сунушу боюнча аны экинчи окуу режиминде кароо үчүн каралып жаткан мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетине кайтарып берүү жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы – 1, бардыгы 77 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

 

6. “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматына А.Б.Бейшеналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө” маселени кароо.

        

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сөзү.

        

Сөз сүйлөдү: депутат Д.Д.Бекешев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматына талапкер А.Б.Бейшеналиев, депутат Ч.А.Айдарбеков.

        

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К.Исаева төрагалык кылды.

        

Сөз сүйлөдү: депутат Ч.А.Айдарбеков, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматына талапкер А.Б.Бейшеналиев, депутаттар А.Т.Маткеримов, Н.Т.Шакиев, Ч.И.Ажибаев, Н.К.Алимбеков, Ж.П.Нурбаев, Т.И.Икрамов, А.Т.Сулайманов, А.К.Мадумаров, А.А.Козуев, Ч.А.Султанбекова, төрагалык кылуучу.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Ч.А.Султанбекованын сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 31, каршы – 15, бардыгы 46 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.

 

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Ч.А.Султанбекованын сунушу боюнча кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 39, каршы – 9, бардыгы 48 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.

Чечим кабыл алынган жок.

        

Сөз сүйлөдү: депутаттар И.А.Масалиев, Ч.А.Султанбекова, Н.О.Сыдыгалиев - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары.

        

Сөз сүйлөдү: депутат Ж.Б.Абиров, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматына талапкер А.Б.Бейшеналиев.

        

Андан ары жыйналышты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев.

        

Сөз сүйлөдү: депутат Б.К.Чойбекова, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматына талапкер А.Б.Бейшеналиев, депутат Э.Р.Сатыбалдиев, төрагалык кылуучу.

        

Жазылган депутаттардан кийин каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Э.Р.Сатыбалдиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы – 4, бардыгы 65 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.

        

Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: депутат Ч.А.Султанбекова, төрагалык кылуучу.

        

Каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жөнүндө депутат Ч.А.Султанбекованын сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы – 12, бардыгы 62 депутат добуш берди, 87 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: депутат А.Ж.Осмонов, төрагалык кылуучу, депутаттар Ж.Коргонбай уулу, А.К.Малиев.

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

         1 сааттык тыныгуу жарыяланды.

        

        

                                               14 саат 15 мүнөт                                             

        

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

        

78 депутат катталды.

        

“Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматына А.Б.Бейшеналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө” маселени кароо улантылды.

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматына А.Б.Бейшеналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук-маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы М.К.Алиевдин сөзү.

        

Көрсөтүлгөн токтом долбоорун добуш берүүгө киргизүү чечими кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

7. 2022-жылдын 16-февралында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоору боюнча боюнча добуш берүү.

        

79 депутат катталды.

        

“Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуу Британиянын бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн жана Түндүк Ирландиянын ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге жана капиталдын кирешесине салыктарды төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы – жок, бардыгы 76 депутат добуш берди, 79 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

“Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуу Британиянын бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн жана Түндүк Ирландиянын ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге жана капиталдын кирешесине салыктарды төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 79 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

 

“Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуу Британиянын бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн жана Түндүк Ирландиянын ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге жана капиталдын кирешесине салыктарды төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 78, каршы – жок, бардыгы 78 депутат добуш берди, 79 депутат катталган.

Добуш берүү жараксыз деп табылды.

        

“Бишкек шаарында 2017-жылдын 13-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Улуу Британиянын бириккен Королдугунун Өкмөтүнүн жана Түндүк Ирландиянын ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана кирешеге жана капиталдын кирешесине салыктарды төлөөдөн качууга жол бербөө жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда кайталап добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – жок, бардыгы 79 депутат добуш берди, 79 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

 

“Бишкек шаарында 2021-жылдын 16-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун башкаруу жөнүндө” КредиттиК макулдашууну жана “Бишкек шаарында 2021-жылдын 16-сентябрында кол коюлган, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында жер көчкү коркунучун башкаруу жөнүндө” Гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна үчүнчү окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – жок, бардыгы 79 депутат добуш берди, 79 депутат катталган.

        

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору толугу менен кабыл алынды).

        

“Москва шаарында 2021-жылдын 17-февралында кол коюлган, “Жашыруун маалыматты коргоонун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жана Евразия экономикалык комиссиясынын 2014-жылдын 12-ноябрындагы атаандаштыктын бирдиктүү эрежелеринин сакталышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө аны ачыкка чыгаргандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө Протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна биринчи окууда добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – жок, бардыгы 79 депутат добуш берди, 79 депутат катталган.

        

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды).

        

“Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматына А.Б.Бейшеналиевди дайындоого макулдук берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу тууралуу добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 76, каршы – жок, бардыгы 76 депутат добуш берди, 79 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды. (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

        

8. Кыргыз Республикасында 2022-жылда жазгы талаа жана чарбалык иштерди жүргүзүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу” маселени кароо.

        

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаровдун сөзү.

        

Сунуш кылынган маселе жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри А.С.Джаныбековдун сөзү.

        

Сөз сүйлөдү: депутат У.З.Ормонов, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри А.С.Джаныбеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаров.

        

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Дж.К.Исаева төрагалык кылды.

        

Сөз сүйлөдү: депутаттар У.З.Ормонов, Ө.М.Бакиров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаров, депутат Н.К.Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри А.С.Джаныбеков, Кыргыз Республикасынын айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары А.Ш.Джайлообаев, депутаттар А.Т.Маткеримов, Э.Т.Токтошев, Т.И.Икрамов, А.Т.Эрбаев, Б.З.Түлөбаев, Ч.И.Ажибаев, У.Б.Бакасов, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Ж.К.Дуйшеева, депутаттар М.К.Сарбагышев, С.А.Омурзаков, Ж.Коргонбай уулу, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин директору Ж.К.Керималиев, депутат Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Коргоону химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдүн карантини департаментинин директору Д.Б.Кенжебаев, “Айыл банк” ААКынын башкармасынын төрагасы У.А.Букабаев, депутаттар А.А.Турсунбаев, А.Ж.Осмонов, Н.А.Нарматова, А.Д.Таштанбеков, К.Л.Ханджеза, Ж.Ш.Токторбаев, К.К.Сулайманов, Ж.К.Акаев, М.Самыйкожо, Ж.Коргонбай уулу, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Т.Г.Тиллаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев, депутаттар Н.Т.Шакиев, А.Т.Түмөнбаев, Б.З.Түлөбаев, А.А.Козуев, Б.Э.Торобаев, Д.Д.Бекешев, Ш.Мажитова, Ж.П.Нурбаев, Б.У.Сыдыков, А.К.Малиев, Р.Ш.Жакышов, Ч.А.Айдарбеков, А.Алтынбеков.

        

Депутат А.К.Малиевдин сөзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча жана бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

        

Андан ары жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Т.Т.Мамытов төрагалык кылды.

 

Каралып жаткан маселе боюнча суроо-жооп жана талкуу жол-жобосун токтотуу жана токтом долбоорун талкуулоого өтүү жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 56, каршы – 13, бардыгы 69 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

Каралып жаткан маселени талкуулоо.

        

Сөз сүйлөдү: депутат Н.А.Ражабалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаров.

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

Каралып жаткан маселелер боюнча чечим кабыл алынганга чейин жыйналыштын ишин улантуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы – 5, бардыгы 64 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

Сөз сүйлөдү: Депутат Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаров, депутаттар К.А.Талиева, Д.А.Ашимова, төрагалык кылуучу, депутаттар А.Б.Кенжебаев, Ы.Ы.Атажанов, А.Д.Таштанбеков.

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эсеп алуу менен “Кыргыз Республикасында 2022-жылда жазгы талаа жана чарбалык иштерди жүргүзүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 79, каршы – жок, бардыгы 79 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

Сөз сүйлөдү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси А.У.Жапаров.

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу, депутат М.А.Масалиев.

        

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмүн жана штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 9-февралындагы №43-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” долбоору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жыйналыштын күн тартибине киргизүү тууралуу депутат М.А.Маматалиевдин сунушу боюнча добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 63, каршы – 2, бардыгы 65 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды.

        

        

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмүн жана штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кароо.

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

        

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмүн жана штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

        

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы – жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 86 депутат катталган.

Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору кабыл алынды).

        

Сөз сүйлөдү: төрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш өз ишин аяктады.

 

 

Төрага                                                                        Т.Мамытов