Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 14 17.02.2022-ж.

17-08-2022
16:20

 

 

 

 

 

 

14

 

 

VII  ЧАКЫРЫЛЫШТЫН  I  СЕССИЯСЫ

 

2022-жыл

 

 

 

2022-жылдын  17-февралы                                                     саат 10.00

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы

 

Т.Т.Мамытов

 

 

 

Жыйналышка катышып олтургандар: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж.Бообеков.

 

            2022-жылдын 17-февралындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

 

 

1.  Ар түрдүү;

 

2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” (2021-жылдын 4-майындагы № 199 токтому) экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№ 6-13654/21) экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;

 

 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№ 6-13655/21) экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;

 

 

5. “Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору.

 

56 депутат катталды.

 

1. 2022-жылдын 17-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 53, каршы- жок, бардыгы 53 депутат добуш берди, 60 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат Ш.Мажитова.

 

 

2022-жылдын 17-февралындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 50, каршы- жок, бардыгы 50 депутат добуш берди, 65 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат Ш.Мажитова депутаттарды келе жаткан Ата Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

2. Ар түрдүү.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Д.Д.Бекешев, Т.А.Масабиров, тѳрагалык кылуучу.

 

 

Тѳрагалык кылуучунун “Ар түрдүү”  маселелер боюнча депутаттардын чыгып сүйлөөсүнө бөлүнгөн убакытты саат 13.00гө чейин узартуу жөнүндөгү сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 78 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Р.Ш.Жакышов, З.Д.Мамасадыков, Ч.И.Ажибаев, Б.З.Түлѳбаев, тѳрагалык кылуучу, депутат Н.К.Алимбеков.

 

 

            Депутат З.Д.Мамасадыковдун сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык ѳнүгүү боюнча жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

            Депутат Б.З.Түлѳбаевдин сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча жана Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Ж.К.Исаева тѳрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутаттар Т.И.Икрамов, А.Т.Маткеримов.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутаттар К.А.Талиева, У.З.Ормонов, Ж.Ш.Токторбаев, С.А.Атамбаев, А.Ж.Осмонов, М.О.Темирбаева,  Э.Н.Сулайманов, А.А.Айдаров, Ы.Ы.Атажанов, В.К.Раимбачаева, Д.А.Ашимова,  А.А.Козуев, М.Самыйкожо, Ш.Мажитова, М.Ж.Сыдыков, Г.О.Култаева, Ш.К.Ташиев, Н.А.Нарматова, М.М.Мураталиев, Таалайбек кызы Ж.,  Л.Х.Лурова, Ж.П.Нурбаев, Т.Н.Сарыбашов, Н.Т.Шакиев, М.Ж.Саккараев, А.К.Малиев, С.А.Ѳмүрзаков, М.А.Маматалиев, Н.А.Ражабалиев, А.Алтынбеков, А.Т.Түмѳнбаев, К.К.Сулайманов, Б.Э.Тентишев, А.Т.Маткеримов, Ж.Б.Абиров, Коргонбай уулу Ж., У.Б.Бакасов,  Ж.К.Акаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

            Чыгып сүйлѳштү: тѳрагалык кылуучу.

 

1 саатка тыныгуу жарыяланды.

 

 

14 саат 5 мүнѳт

 

 

            Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

 

 

            47 депутат катталды.

 

 

            3. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” (2021-жылдын 4-майындагы № 199 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоору жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы Д.Э.Тѳлѳновдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

 

            Чыгып сүйлѳштү:  депутат Ч.И.Ажибаев,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, депутат Ф.А.Алимжанов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасынын биринчи орун басары Т.Ж.Абжапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасы Б.Ж.Алиев, Кыргыз Республикасынын финансы министрилигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын тѳрагасынын орун басары Р.М.Суйналиев, депутаттар Н.А.Нарматова, А.К.Мадумаров, Ч.А.Султанбекова, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасынын орун басары Г.М.Жуматаева, депутат А.Ж.Осмонов, Кыргыз Республикасынын Эсептѳѳ палатасынын аудитору М.К.Арзыбаев, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу  мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун директору Р.Т.Пирматов,  тѳрагалык кылуучу, депутаттар Ы.Ы.Атажанов, А.Т.Эрбаев.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат Н.А.Нарматова, тѳрагалык кылуучу, депутат И.А.Масалиев.

 

 

            Депутат Н.А.Нарматованын Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” (2021-жылдын 4-майындагы № 199 токтому) экинчи окууда; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№ 6-13654/21) экинчи окууда жана    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген экинчи окууда “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№ 6-13655/21) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кароо жѳнүндѳгү сунушу боюнча добуш берүү.

 

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 52, каршы- 6, бардыгы 58 депутат добуш берди, 81 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

            Чыгып сүйлѳштү:  депутат И.А.Масалиев, тѳрагалык кылуучу.

 

           

4. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” (2021-жылдын 4-майындагы № 199 токтому) экинчи окууда; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№ 6-13654/21) экинчи окууда;   Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген экинчи окууда “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№ 6-13655/21) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кароо.

 

 

            “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамдардын долбоорлору жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы Д.Э.Тѳлѳновдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

 

            Чыгып сүйлѳштү: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасы Б.Ж.Алиев, тѳрагалык кылуучу.

 

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат Р.Ш.Жакышов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов.

 

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Ж.К.Исаева тѳрагалык кылды.

 

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат К.А.Талиева, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасы Б.Ж.Алиев,  депутаттар М.О.Темирбаев, М.К.Сарбагышев, Кыргыз Республикасынын Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасынын орун басары Г.М.Жуматаева,  депутаттар К.К.Сулайманов, С.А.Ѳмүрзаков, К.Л.Ханджеза, А.А.Козуев, Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасынын биринчи орун басары Т.Ж.Абжапаров,  депутаттар Н.А.Ражабалиев, Н.Т.Шакиев, М.М.Мураталиев, Ж.П.Нурбаев, А.Алтынбеков, А.К.Мадумаров, Д.А.Ашимова, У.З.Ормонов,  Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын тѳрагасынын орун басары Р.М.Сүйналиев, депутаттар Т.Н.Сарыбашов, Таалайбек кызы Ж., Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Н.Ж.Бообеков, депутат Б.З.Түлѳбаев, тѳрагалык кылуучу.

 

 

            Каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча суроо-жооп жана талкууну токтотуу жѳнүндѳгү депутат Б.З.Түлѳбаевдин сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 36, каршы- 8, бардыгы 44 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынган жок.

 

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат М.Самыйкожо, Кыргыз Республикасынын Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасынын орун басары Г.М.Жуматаева,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, депутаттар А.А.Исираилов, Ч.А.Айдарбеков, Б.Э.Тѳрѳбаев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасынын биринчи орун басары Т.Ж.Абжапаров,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасы Б.Ж.Алиев,  депутаттар З.Д.Мамасадыков, Н.К.Кадырбеков, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун директору Р.Т.Пирматов, депутаттар А.Б.Кенжебаев, Г.О.Кулатаева, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын тѳрагасынын орун басары Р.М.Сүйналиев, депутаттар У.Б.Примов, К.А.Талиева, А.К.Малиев.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат С.А.Айжигитов, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын орун басары Э.Ж.Байсалов, депутат Н.А.Нарматова, Кыргыз Республикасынын Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасынын орун басары Г.М.Жуматаева,  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасынын биринчи орун басары Т.Ж.Абжапаров, депутат А.Н.Абдибаева, тѳрагалык кылуучу.

 

 

Ушул мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасы Д.Э.Тѳлѳновдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

            Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоорун экинчи  окууда добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

           

            5. 2022-жылдын 17-февралында каралган мыйзам долбоорлору жана токтом долбоору боюнча добуш берүү.

 

69 депутат катталды.

 

            “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- жок, бардыгы 68 депутат добуш берди, 69 депутат катталган. 

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 70 депутат катталган. 

 

            Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы- жок, бардыгы 69 депутат добуш берди, 70 депутат катталган. 

 

            Добуш жараксыз деп табылды.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кайрадан  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы- жок, бардыгы 69 депутат добуш берди, 70 депутат катталган. 

 

            Добуш жараксыз деп табылды.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кайрадан  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 70 депутат катталган. 

 

            Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- жок, бардыгы 70 депутат добуш берди, 70 депутат катталган. 

 

            Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды).

 

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

6. “Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун кароо.

 

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жѳнүндѳ демилгечи-депутат М.А.Маматалиевдин сүйлѳгѳн сѳзү.

 

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат А.Ж.Осмонов, тѳрагалык кылуучу.

 

 

Каралып жаткан токтом долбоору боюнча чечим кабыл алынганга чейин жыйналыштын ишин узартуу жѳнүндѳ депутат А.Ж.Осмоновдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 72 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Сунуш кылынган токтом долбоору жѳнүндѳ демилгечи-депутат М.А.Маматалиевдин сүйлѳгѳн сѳзүнүн уландысы.

 

 

Чыгып сүйлѳштү: депутаттар А.К.Мадумаров, М.А.Маматалиев- демилгечи, К.А.Талиева - демилгечи, Г.А.Кожокулова, Н.А.Нарматова - демилгечилер, С.А.Айжигитов, тѳрагалык кылуучу.

 

 

“Баткен облусунун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 73 депутат катталган. 

 

            Чечим кабыл алынды (Токтом долбоору  кабыл алынды).

 

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

Ушуну менен жыйналыш ѳз ишин аяктады.

 

 

 

 

Тѳрага                                                                                                        Т. Мамытов