Шрифттин өлчөмү:
А-
А
А+
Түстөр:
А
А
А
Сүрөттөр:
Өчүрүү
Кадимки версия

Протокол № 18 09.03.2022-ж.

17-08-2022
16:44

 

 

 

 

 

 

18

 

 

VII  ЧАКЫРЫЛЫШТЫН  I  СЕССИЯСЫ

 

2022-жыл

 

 

 

2022-жылдын  9-марты                                                                саат 10.00

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштар залы

 

 

Төрагалык кылган                                            Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы

 

Т.Т.Мамытов

 

 

Жыйналышка катышып олтурган: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Жыйналышка катышпаган депутат: Р.Ш.Жакышов.

            2022-жылдын 9-мартындагы жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселелер:

 

1. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” (2021-жылдын 4-майындагы №199 токтому) үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;

 

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№ 30-14575) үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;

 

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№ 30-14575) үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;

 

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары Н.К.Алимбеков, У.З.Ормонов, А.А.Карашев, А.Ү.Жапаров, С.С.Анарбаев тарабынан демилгеленген “Жол фонду жөнүндө” экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;

 

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары Н.К.Алимбеков, У.З.Ормонов, А.А.Карашев, А.Ү.Жапаров, С.С.Анарбаев тарабынан демилгеленген “Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” экинчи окууда Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнүндѳ;

 

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №102 токтому менен жактырылган кыргыз тараптын жана канадалык «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосундагы ѳз ара дооматтарды жѳнгѳ салуунун шарттары жана форматы жѳнүндѳ;

 

 

            7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчѳлѳрүнүн анты.

 

            8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу.

 

            65 депутат катталды.

 

 

1. 2022-жылдын 9-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун негиз катары кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 58, каршы- жок, бардыгы 58 депутат добуш берди, 66 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

           

2022-жылдын 9-мартындагы жыйналыштын күн тартибинин долбоорун жалпысынан кабыл алуу жөнүндө добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 54, каршы- 1, бардыгы 55 депутат добуш берди, 68 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” (2021-жылдын 4-майындагы №199 токтому) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун үчүнчү окууда кароо.

 

Чыгып сүйлѳдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары У.Б.Примов.

 

Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” (2021-жылдын 4-майындагы №199 токтому) үчүнчү окууда;  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№ 30-14575) үчүнчү окууда; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№ 30-14575) үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кароо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары У.Б.Примовдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 57, каршы- жок, бардыгы 57 депутат добуш берди, 72 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

3. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү тарабынан демилгеленген  “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” (2021-жылдын 4-майындагы №199 токтому) үчүнчү окууда;  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№ 30-14575) үчүнчү окууда; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” (2021-жылдын 1-октябрындагы кир.№ 30-14575) үчүнчү окууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун кароо.

 

            Сунуш кылынган мыйзам долбоорлору жѳнүндѳ Кыргыз Рекспубликасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары А.Н.Абдибаеванын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат Д.А.Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасы Б.Ж.Алиев, депутаттар Ж.С.Кыдыкбаев, Н.А.Нарматова.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары Н.О.Сыдыгалиев тѳрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат Н.А.Нарматова, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасы Б.Ж.Алиев, депутат У.З.Ормонов,  Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Ж.К.Дуйшеева, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасынын биринчи орун басары Т.Ж.Абжапаров.

 

            Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары У.Б.Примов  тѳрагалык кылды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат А.А.Козуев, Кыргыз Республиткасынын финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын тѳрагасынын орун басары Р.М.Сүйналиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасы Б.Ж.Алиев, депутат Ж.Б.Абиров, тѳрагалык кылуучу.

 

            Каралып жаткан мыйзам долбоорлору боюнча жазылган депутаттардан кийин суроо-жооп жана талкууну токтотуу жѳнүндѳгү депутат Ж.Б.Абировдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- 1, бардыгы 68 депутат добуш берди, 82 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат Д.А.Ашимова, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасы Б.Ж.Алиев, депутат М.К.Алиев, Э.Э.Жамгырчиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун тѳрагасынын биринчи орун басары Т.Ж.Абжапаров, депутаттар К.А.Талиева, А.Т.Маткеримов, Т.А.Масабиров, Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Ж.К.Дуйшеева,  депутат Р.А.Сабиров, тѳрагалык кылуучу, депутаттар Д.А.Джумабеков, Т.И.Икрамов, Н.А.Нарматова, Т.Н.Сарыбашов.

 

            Чыгып сүйлѳштү: депутат Н.А.Нарматова, тѳрагалык кылуучу.

 

            Депутат Н.А.Нарматованын сүйлѳгѳн сѳзү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрѳшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттерине протоколдук тапшырма берилди.

 

            Ушул мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда кабыл алуу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин тѳрагасынын орун басары А.Н.Абдибаеванын сүйлѳгѳн сѳзү.

 

            Кѳрсѳтүлгѳн мыйзам долбоорлорун үчүнчү окууда добуш берүүгѳ киргизүү чечими кабыл алынды.

 

 

            4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары Н.К.Алимбеков, У.З.Ормонов, А.А.Карашев, А.Ү.Жапаров, С.С.Анарбаев тарабынан демилгеленген “Жол фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кароо.

 

            Чыгып сүйлѳдү: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагасы Б.Ү.Сыдыков.

 

            Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары Н.К.Алимбеков, У.З.Ормонов, А.А.Карашев, А.Ү.Жапаров, С.С.Анарбаев тарабынан демилгеленген “Жол фонду жөнүндө” жана “Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун экинчи окууда кароо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагасы Б.Ү.Сыдыковдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 61, каршы- жок, бардыгы 61 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

            5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаттары Н.К.Алимбеков, У.З.Ормонов, А.А.Карашев, А.Ү.Жапаров, С.С.Анарбаев тарабынан демилгеленген “Жол фонду жөнүндө” жана “Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун экинчи окууда кароо.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорлорун экинчи окуу режиминде аларды кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетине кайтаруу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагасы Б.Ү.Сыдыковдун  сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Каралып жаткан мыйзам долбоорлорун экинчи окуу режиминде аларды кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетине кайтаруу жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин тѳрагасы Б.Ү.Сыдыковдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов тѳрагалык кылды.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 59, каршы- жок, бардыгы 59 депутат добуш берди, 83 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоорлору  экинчи окуу режиминде аларды кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетине кайтарылды).

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

6. 2022-жылдын 9-мартында каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүү.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат Д.А.Джумабеков.

 

72 депутат катталды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Мурда каралган мыйзам долбоорлору боюнча добуш берүүнү жүргүзүү жѳнүндѳ депутат Д.А.Джумабековдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- жок, бардыгы 67 депутат добуш берди, 71 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 67, каршы- 1, бардыгы 68 депутат добуш берди, 71 депутат катталган. 

 

Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2020-жыл үчүн бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетун бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда кайрадан  добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- 1, бардыгы 69 депутат добуш берди, 69 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

            Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2021-жылга бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- 1, бардыгы 72 депутат добуш берди, 72 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда   добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- 1, бардыгы 71 депутат добуш берди, 72 депутат катталган. 

 

            Добуш жараксыз деп табылды.

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 70, каршы- 1, бардыгы 71 депутат добуш берди, 72 депутат катталган. 

 

            Добуш жараксыз деп табылды.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 69, каршы- 1, бардыгы 70 депутат добуш берди, 72 депутат катталган. 

 

            Добуш жараксыз деп табылды.

 

 

“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна үчүнчү окууда  кайрадан добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 71, каршы- 1, бардыгы 72 депутат добуш берди, 72 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды (Мыйзам долбоору жалпысынан кабыл алынды).

 

Чыгып сүйлѳдү: Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытов.

 

Саат 14.00дѳ жабык режимде “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы №102 токтому менен жактырылган кыргыз тараптын жана канадалык «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ортосундагы ѳз ара дооматтарды жѳнгѳ салуунун шарттары жана форматы жѳнүндѳ” кароону, ошондой эле саат 16.00дѳ “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчѳлѳрүнүн анты” маселелерди жыйналыштын күн тартибине киргизүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү А.А.Абытовдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 68, каршы- 1, бардыгы 69 депутат добуш берди, 73 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

Чыгып сүйлѳштү: депутат Д.А.Джумабеков, тѳрагалык кылуучу.

 

Саат 14.00гѳ чейин тыныгуу жарыяланды.

 

Жыйналыш андан ары жабык режимде улантылды.

 

17 саат 20 мүнѳт

 

 

Жыйналыш андан ары ачык режимде улантылды.

 

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары У.Б.Примов тѳрагалык кылды.

 

76 депутат катталды.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасы Т.Т.Мамытов  тѳрагалык кылды.

 

 

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым мүчѳлѳрүнүн ант берүүсү.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Р.А.Казакбаев, Кыргыз Республикасынын ѳзгѳчѳ кырдаалдар министри Б.Э.Ажикеев, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министри Э.А.Осоев, Кыргыз Республикасынын санариптик ѳнүктүрүү министри Т.О.Иманов, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев ант беришти.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

8. Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун сүйлѳгѳн сѳзү.

 

Жыйналышка андан ары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Тѳрагасынын орун басары У.Б.Примов тѳрагалык кылды.

 

Чыгып сүйлѳдү: депутат А.Ж.Осмонов.

 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу”  маселени жыйналыштын күн тартибине киргизүү жѳнүндѳ депутат А.Ж.Осмоновдун сунушу боюнча добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 45, каршы- 7, бардыгы 52 депутат добуш берди, 81 депутат катталган. 

 

Чечим кабыл алынды.

 

 

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу”  маселени кароо.

 

Чыгып сүйлѳдү: тѳрагалык кылуучу.

 

 

9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.К.Мадумаровду кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо боюнча атайын депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары тууралуу”  маселени кароодо жыйналыштын ишин  жабык режимде улантуу жѳнүндѳ добуш берүү.

 

Добуш берүүнүн натыйжасы: макул – 36, каршы- 1, бардыгы 37 депутат добуш берди, 81 депутат катталган. 

Чечим кабыл алынды.

 

 

Тѳрагалык кылуучу ушул маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 3-мартындагы жыйналышында жабык режимде кароо жѳнүндѳ чечими кабыл алынгандыгы жѳнүндѳ сүйлѳдү.

 

Жыйналыш андан ары жабык режимде улантылды.

 

 

 

 

Тѳрага                                                                                Т.Мамытов